
22
түртүңүз. Шайманды иштеткен мезгилинде
топтомуна кирген түрткүчтү (1) колдонуңуз.
• Этти башкача буюмдар менен түртүүгө
тыюу салынат, этти колуңуз менен эч качан
түртпөңүз.
• Этти же башка азыктарды түрткөндө ашыкча
күч салбаңыз.
• Этти туураган мезгилде ал тыгылып
калышы мүмкүн, тыгылган жерин бошотуу
үчүн шнектин тескери айлануу (REVERSE)
функциясын пайдаланыңыз. Шнектин
тескери айлануу (REVERSE) функциясына
которуу үчүн которгучту (7) «0» абалына
коюп эт туурагычты өчүрүңүз, андан кийин
которгучту (7) «R» абалына которуп кармап
туруңуз.
• Азыктарды токтоосуз иштетүү убактысы
5 минутадан ашырбаганы зарыл.
• Шайман 5 минутанын ичинде токтоосуз
иштегенинен кийин аны өчүрүп, муздаганына
15-20 минута мөөнөтүн берип, андан кийин
иштетүүнү улантсаңыз болот.
• Эт туурагычты иштетип бүткөндө которгучту
(7) «0» абалына коюп аны токтотуңуз, эт
туурагычты электр тармагынан чыгарып,
андан кийин гана ажыратып баштасаңыз
болот.
ЭТТИ ИШТЕТҮҮ
• Эт туурагычтын бөркүн (3) коюлуучу жайына
(4) орнотуп, бөрктү (3) саат жебесинин
багытына каршы бекитилгенине чейин
бурап салыңыз (сүрөт 1, 2).
• Шнекти (8) эт туурагычтын бөркүнүн
корпусуна (3) орнотуңуз (сүрөт 3).
• Крест сыяктуу бычагын (9) орнотуңуз
(сүрөт 4).
• Панжаралардын керектүүсүн (10 же
11) таңдап, панжарадагы чыгып турган
жерлерин эт туурагычтын бөркүнүн
корпусундагы (3) оюктары менен дал
келтирип аны бычактын үстүнө орнотуңуз,
гайканы (12) бекитип салыңыз (сүрөт 5, 6).
Көңүл буруңуз!
– Бычакты кесүү жагын панжарага
каратып орнотуңуз. Бычак туура
эмес орнотулган болсо, ал тууроо
функциясын аткарбайт.
– Чоңураак тешиктери бар панжарасы
(11) чийки эт, жашылча-жемиш,
кургатылган мөмө-жемиштерди,
быштакты, балыкты ж.б. иштетүүгө
арналган.
– Майда тешиктери бар панжара (10)
чийки же бышкан этти, балыкты ж.б.
иштетүүгө ылайык.
• Эт туурагычтын бөркүнүн оозуна (3)
азыктарды салуучу идишин (2) орнотуңуз.
• Которгучту (7) «ON» абалына коюп, эт
туурагычты иштетиңиз.
• Шайманды иштетүү мезгилинде түрткүчтү
(1) гана колдонуңуз.
Эскертүү:
– Этти тууроо процессин жакшыртуу үчүн
этти сызыктарга же кубиктерге туурап
алыңыз. Тоңдурулган этти толугу менен
эритүү зарыл.
– Шайманды иштетүү учурунда жабдыктын
жыйынтыгына кирген түрткүчтү (1) гана
колдонуңуз; азыктарды башкача буюмдар
менен түртүүгө тыюу салынат, этти
бармагыңыз менен эч качан түртпөңүз.
• Эт туурагычты иштетип бүткөндө которгучту
(7) «0» абалына коюп аны токтотуңуз, эт
туурагычты электр тармагынан чыгарып,
андан кийин гана ажыратып баштасаңыз
болот.
• Эт туурагычтын бөркүн (3) чечүү үчүн
бекитме баскычын (5) басып, эт туурагычтын
бөркүн (3) саат жебесинин багыты боюнча
бурап, чечип салыңыз.
• Эт туурагычтын бөркүн ажыратуу үчүн
гайканы (12) бурап бошотуп, коюлган
панжарасын (10 же 11), бычагын (9) жана
шнегин (8) чыгарыңыз.
АВТОМАТТЫК ТҮРДӨ ӨЧҮҮ ФУНКЦИЯСЫ
• Эт туурагыч электр мотору ашыкча ысып
кеткенде автоматтык түрдө өчүү функциясы
менен жабдылган.
• Электр мотору өтө ысып кеткенде
автоматтык термосактагычы иштеп, ошондо
эт туурагыч өчөт.
• Ошол учурда кубаттуучу сайгычын токтоосуз
розеткасынан чыгарыңыз.
• Эт туурагычты кайрадан иштетүүнүн
алдында аны 50-60 минутанын ичинде
муздатып алыңыз.
• Эт туурагычты электр тармагына
кошуп, иштетиңиз, эт туурагыч иштебей
турса, бул башка бузулуулары пайда
болгонун белгилегени мүмкүн. Ошол
учурда эт туурагычты оңдотуу үчүн
автордоштурулган (ыйгарым укуктуу)
борборуна кайрылыңыз.
VT-3611.indd 22 12/12/19 3:00 PM
Добавить комментарий