
32
БЛЕНДЕР САПТАМАСЫН КОЛДОНУУ
Чечилме блендер саптамасын (1) жемиш пюре,
балдардын тамагын, соустарды, майонезди
жасоо үчүн, ар кыл ингредиенттерди кошуу,
коктейлдерди жасоо үчүн (жетишерлик ширеси
бар жемиштерди жана жашылчаларды иштетүү
үчүн) колдонуңуз.
ЭСКЕРТҮҮ: Блендер саптамасын (1) орнотуудан
мурун тармактык шнурдун сайгычы электр
розеткасына сайылбаганын текшериңиз.
– Чечилме блендер саптамасын (1) мотор
сапсалгысына (2) орнотуп, аны саат
жебесинин багыты боюнча токтогонго
чейин бурап, саптама бекем бекитилгенин
текшерип алыңыз (сүр. 1).
– Тармактык шнурдун айрысын электр
розеткасына сайыңыз.
– Блендер саптамасын (1) сиз майдалап/
кошо турган азыктары бар идиштин ичине
салыңыз.
Эскертүү: Азыктарды чынысына (11)
салсаңыз болот.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Азыктарды иштетүүдө түзмөктү тикесинен
кармаңыз.
– Шайманды иштетүү үчүн (4) «I» баскычын
басып туруңуз
– Бул режимди суюк азыктарды кошуу үчүн
колдонуңуз.
– (4) баскычты басып туруп, жөндөгүчтү
(5) бурап сатама айлануунун ыламдыгын
жөндөтсөңүз болот. Бул режимди суюк
менен катуу азыктарды чогуу иштетүү үчүн
колдонуңуз.
– Максималдуу ылдамдыгы менен иштетүү
үчүн (3) «II» баскычын басып туруңуз.
Эскертүү:
– Азыктар идиштин ичине түзмөктү
иштетүүдөн мурун салынат. Итетилүүчү
азыктардын көлөмү салынган идишинин
көлөмүнүн 2/3 ашпаганы зарыл.
– Майдалатуу/аралаштыруу процессти
баштоодон мурун жемиштерди кабыгынан
тазалап, данек катары желбеген
бөлүктөрүн алып, жемиштерди 2х2 см
жагын бөлүктөргө кесүү зарыл.
– Шайманды колдонуудан кийин электр
шнурунун сайгычын электр розеткасынан
чыгарыңыз, чечилме блендер саптамасын
(1) саат жебесинин багытына каршы
бурап ажыратыңыз (сүр. 1).
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
– Шайман иштеп турганда блендер
саптамасын (1) чечүүгө тыюу салынат.
– Бычактардын миздерин бузбоо үчүн акшак,
күрүч, татымалдар, кофе, быштактын
катуу сорттору, тоңдурулган азыктар
катары өтө катуу азыктарды
иштетпеңиз.
– Блендер саптамасын (1) иштеткенде
азыктарды майдалатууда татаалдыктар
болсо, мүмкүн болсо бир аз суюктукту
кошуңуз.
ВЕНЧИК САПТАМАСЫН
ПАЙДАЛАНУУ
Венчик саптамасын (7) крем, жумуртканын
агын чалуу, бисквит камырын жасоо же даяр
таттуу тамактарды аралаштыруу үчүн гана
колдонуңуз.
ЭСКЕРТҮҮ: Венчик (7) менен редукторду
(6) орнотуудан мурун электр шнурдун
сайгычы электр розеткасына сайылбаганын
текшериңиз.
•Венчик саптамасын (7) венчиктин
редукторуна (6) сайыңыз (сүр. 2).
•Венчиктин редукторун (6) мотор
сапсалгысына (2) сайып, аны саат
жебесинин багыты боюнча бурап, редуктору
(6) жана венчиги (7) бекем бекитилгенин
текшерип алыңыз (сүр. 3).
•Тармактык шнурдун айрысын электр
розеткасына сайыңыз.
•Венчик саптамасын (7) азыктары бар
идиштин ичине салыңыз.
Эскертүү: Азыктарды чынысына (11)
салсаңыз болот.
•Шайманды иштетүү үчүн баскычын (4) «I»
басып туруңуз.
•(4) баскычты басып туруп, жөндөгүчтү
(5) бурап сатама айлануунун ыламдыгын
жөндөтсөңүз болот.
•Максималдуу ылдамдыгы режиминде
иштетүү үчүн (3) «II» баскычын басып
туруңуз.
•Шайманды колдонуудан кийин электр
шнурунун сайгычын электр розеткасынан
чыгарыңыз, венчиктин редукторун (6)
саат жебесинин багытына каршы бурап,
редукторду (6) мотор сапсалгысынан (2)
ажыратыңыз (сүр. 3).
•Венчик саптамасын (7) редукторунан (6)
чыгарыңыз (сүр. 2).
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
– Венчик саптамасын (7) катуу камырды
жууруу үчүн колдонууга тыюу салынат.
– Азыктарды идишке шайманды
иштетүүдөн мурун салыңыз.
IM VT-8542.indd 32 17.05.2019 16:09:59
Добавить комментарий