
22
•
Иштөө беттери (4) коюлган температурага
чейин жылыганда, даярдык индикатору (5)
өчөт, азыктарды бышырып баштасаңыз
болот.
•
Тутканы (1) кармап, грильди ачыңыз.
•
Азыктарды астынкы иштөө пластинасына
акырын салыңыз. Мүмкүн суюктук же май
чачыраганынан күйүк алуудан абайлаңыз.
• Ошол үчүн тутканы (1) кармап, үстүнкү
иштөө бетин азыктарга түшүрүңүз.
• Азыктарды даярдоо убагында даярдык
индикатору (5) мезгил-мезгили менен жанат
жана өчөт, ал белгиленген температурага
жеткендигин билдирет.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Иштеп турган убагында
анын иштөө беттери менен грилдин корпусу
(2) абдан ысыйт, күйүп калбоо үчүн ысык
беттерине тийбеңиз. Корголбогон колуңуз
менен шайманга тийбеңиз.
• Азыктар даяр болгондон кийин тутканы (1)
кармап, үстүнкү иштөө бетин көтөрүңүз.
• Даяр азыктарды жыгач же ысыкка
чыдамдуу пластиктен жасалган ашкана
аксессуарларын колдонуп, ылайыктуу
идишке салыңыз.
• Грилди кайрадан пайдаланганда үстүнкү
иштөө бетин астынкысына төүшүрүп,
коюлган температурага жетүүгө зарыл
болгон бир нече убакыт күтүп, индикатор
(5) өчкөндө азыктарды бышыруу процессин
улантыңыз.
БАЙЛАНЫШ ГРИЛИ (2-сүр.)
– Майды чогултуу үчүн идиш (7) ордуна
орнотулганын текшерип алыңыз.
– Тармактык боонун айрысын айры тешикке
киргизиңиз, ошондо электр тармагына
(6) кошулуу индикатору жана даярдык
индикатору (5) күйөт.
– Жанганда индикатор (5) өчөт, тамакты
даярдап баштасаңыз болот.
– Туткасынан (1) кармап, жогорку жумушчу
бетти көтөрүңүз.
– Этияттап азыкты, мисалы, сэндвичти
төмөнкү иштөө бетине коюңуз. Сэндвичти,
иштөө бетинин арткы бөлүгүнө жакын
жайгаштырыңыз.
– Жогорку иштөө бетин сэндвичтин үстүнө
түшүрүп, жогорку иштөө бети сэндвичке
жакшы тийгендигин караңыз.
• Сэндвич даяр болгондон кийин тутканы (1)
кармап жана үстүнкү иштөө бетин көтөрүңүз.
• Даяр сенндвичти жыгач же ысыкка
чыдамдуу пластиктен жасалган ашкана
аксессуарларын колдонуп, ылайыктуу
идишке салыңыз.
• Грилди кайрадан пайдаланганда үстүнкү
иштөө бетин астынкысына төүшүрүп,
коюлган температурага жетүүгө зарыл
болгон бир нече убакыт күтүп, индикатор
(5) өчкөндө азыктарды бышыруу процессин
улантыңыз.
АЧЫК ГРИЛЬ (3, 4-сүр.)
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Грильди электр тармагына
кошкондун алдында ачыңыз.
– Туткадан (1) кармап, үстүнкү иштөө бетин
токтогонуна чейин ачыңыз.
– Үстүнкү иштөө бетин туткадан (1) кармап,
бекитме баскычын (3) басып (сүр. 3), грильди
толугу менен ачыңыз (сүр. 4).
– Майды чогултуу үчүн идиш (7) ордуна
орнотулганын текшерип алыңыз.
– Тармактык боонун айрысын айры тешикке
киргизиңиз, ошондо электр тармагына
(6) кошулуу индикатору жана даярдык
индикатору (5) күйөт.
– Индикатор (5) өчкөндө, тамакты даярдап
баштасаңыз болот.
– Азыктарды эки иштөө беттеринде (4)
даярдаңыз.
•
Тармактык боонун айрысын чыгарып
азыктарды даярдоону аяктаңыз.
•
Шайманды тазалагандын алдында ал толугу
менен муздаганын күтүңүз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
•
Азыктарды бышыруу убагында ар дайым
майды топтоочу идишти (7) орнотуңуз.
•
Иштөө беттери (4) ысып турган учурда
грильди ачпаңыз, жабык абалында иштөө
беттер (4) бирдей жана тезиреек ысыйт.
•
Этият болуңуз: - иштеп турган учурунда
грилдин корпусу (2) абдан ысыйт. Күйүп
калбаш үчүн ысык беттерг6е тийбеңиз, грилди
ачканда, туткасынан (1) гана кармаңыз.
•
Этият болуңуз, иштөө беттердин (4) арасынан
чыккан буудан абайлаңыз. Колуңузду же
денеңиздин башка ачык бөлүктөрүн иштөө
беттерге (4) жакын кармабаңыз.
•
Грильди тоңдурулган азыктарды эритүү же
бышыру үчүн колдонбоңуз.
•
Чоң сөөгү бар эт кесимдерин бышырбаңыз.
•
Бышыруу мөөнөтү колдонулган азыктарга
байланыштуу.
•
Азыктарды жегенден мурун алар толугу
менен куурулганын текшерип алыңыз.
•
Азыктарды грильден бышыруудан кийин
дароо чыгарыңыз, азыктар түзмөктө көпкө
IM VT-2639.indd 22 9/4/20 2:50 PM
Добавить комментарий