Vitek VT-2639

Данная инструкция на русском языке предназначена для гриля Vitek VT-2639, описывает принцип работы и основные моменты эксплуатации устройства. Перед первым включением рекомендуется внимательно изучить данное руководство.

Инструкция для гриля представлена в формате PDF, который поддерживается на всех современных устройствах, так что сложностей с открытием файла возникнуть не должно. Но если открыть документ не получается, установите любую программу для чтения PDF файлов, например Acrobat Reader.

Чтобы распечатать инструкцию, нужно ее сначала скачать, для этого кликните по кнопке «Скачать инструкцию», файл откроется в новой вкладке, затем нажмите комбинацию клавиш Сtrl + P и из открывшегося диалогового окна, отправьте документ на печать.

Страницы: Стр:
20
КЫРГЫЗ
ГРИЛЬ-ПРЕСС VT-2639
Гриль-пресс эт, балык же жашылча-жемиш
азыктарды бышыруу үчүн колдонулат. Грильдин
түзүлүшү түзмөктүпресс-гриль, тийип турган гриль
же эки ачык куруучу такта катары колдонууга
мүмкүндүк берет.
СЫПАТТАМА
1. Тутка
2. Корпусу
3. Иштөө беттердин абалынын бекитмеси
4. Жогорку жана төмөнкү беттер
5. Даярдыктын индикатору
6. Электр тармагына кошулгандын индикатору
7. Майды топтоочу идиштер
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Мүмкүн болгон электр ток уруудан кошумча
коргонуу үчүн электр тармагында потенциалдуу
иштеткен тогу 30 мА ашырбаган коргоп
өчүрүүчү аспабын орнотулушу максатка
ылайыктуу, аспапты орнотуу үчүн адиске
кайрылыңыз.
КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ
Электр шайманды пайдалануудан мурун
колдонмону көңүл коюп окуп-үйрөнүңүп, бүткүл
кызмат мөөнөтүнө сактап алыңыз. Шайманды
түздөн-түз арналышы боюнча гана, ушул
колдонмодо баяндалганга ылайык колдонуңуз.
Шайманды туура эмес пайдалануу анын
бузулуусуна, колдонуучуга же колдонуучунун
мүлкүнө зыян келтирүүгө алып келиши мүмкүн.
Шайманды электр тармагына кошуудан мурун
анын иштөө чыңалуусу электр тармагындагы
чыңалуусуна ылайык болгонун текшериңиз.
Электр шнуру «европалык сайгычы» менен
жабдылган; аны бекем жердетүү контакты бар
розеткасына туташтырыңыз.
Өрт коркунучун жоюу үчүн аспапты электр
розеткасына туташтырганда кошуучу
түзүлмөлөрдү колдонбоңуз.
Грильди имараттардын сыртында
колдонбоңуз.
Иштеп турган грильди эч качан кароосуз
калтырбаңыз.
Түзмөктү тегиз туруктуу ысыка чыдамдуу
беттин үстүнө, нымдуулук, жылуулук жана
ачык оттун булактарынан алыс, электр
розеткага бош жеткендей кылып орнотуңуз.
Грильди бат жалындап кетүүчү материалдар
же суюктуктар жана ысыктан бузула турган
буюмдардын жанында орнотпоңуз да
колдонбоңуз.
Желдөө жакшы болгон жерлерде түзмөктү
иштетиңиз.
Өрт коркунучун жоюу үчүн түзмөктү
пардалардын жанына жайгаштырбай, иштеген
учурунда үстүн жаппаңыз.
Түзмөк иштеп турганда жеткиликтүү беттердин
температурасы жогору болуу мүмкүн.
Этият болуңуз: шайман иштеп турган
убагында грильдин бөлүктөрү абдан ысыйт,
күйүк болбоо үчүн ысык беттерин тийбеңиз.
Иштөө беттердин арасындагы тешиктерден
чыгып турган буудан абайлаңыз. Этият
болуңуз, колуңузду же денеңиздин башка
ачык бөлүктөрүн иштөө беттерге жакын
кармабаңыз.
Шайманды тоңдурулган азыктарды бышыруу
үчүн колдонбоңуз, азыктарды бышыруунун
алдында эритип алыңыз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Азыктарды бышыргандан
кийин дароо чыгарыңыз, азыктар иштеп турган
шаймандын ичинде көпкө чейин турганда алар
жалындап кетуу мумкун.
Даярдалган азыктарды учтуу металл буюмдар
менен чыгарууга тыюу салынат, алар иштөө
беттеринин күйгүзбөс катмарын бузат.
Күйгүзбөс катмары бар идиштерге арналган
аксессуарларын гана колдонуңуз.
Ысык грильди жылдырбаңыз, ал муздаганын
күтүңүз.
Тазалагандан мурун жана грильди
пайдаланбаган учурда аны электр тармагынан
суруңуз.
Электр шнуру столдун кырынан арта сыланып,
ысык беттерге же ашкана эмеректин учтуу
кырларына тийгенине жол бербеңиз.
Шайманды электр тармагынан сурганда
шнурду кармап эч качан тартпаңыз да
жулбаңыз, сайгычын кармап, акырын
розеткасынан чыгарыңыз.
Шаймандын корпусун жана электр шнурдун
сайгычын суу колуңуз менен тийбеңиз.
Ашканадагы раковинанын тикеден-тике
жанында түзмөктү колдонбоңуз, нымдуулуктун
таасиринен коргоңуз.
Ток урбас үчүн электр шнурун, кубаттуучу
сайгычын же грильдин өзүн сууга же башка
суюктуктарга салбаңыз. Шайман сууга түшкөн
болсо, аны ТИЙБЕҢИЗ, токтоосуз кубаттуучу
сайгычты розеткадан суруп, андан кийин гана
шайманды суудан чыгарсаңыз болот. Кепилдик
талонунда же www.vitek.ru сайтындагы
тизмесине кирген автордоштурулган (ыйгарым
укуктуу) тейлөө борборуна кайрылыңыз.
Иштеп турган шаймандын корпусун жана
электр шнурун тийүүгө балдарга уруксат
бербеңиз.
Бул түзмөк балдар колдонгону үчүн арналган
эмес.
IM VT-2639.indd 20 9/4/20 2:50 PM
Страницы: Стр: 16
Комментарии (0)

Добавить комментарий

Другие Грили Vitek