•Иштөө режимдердин которгучун (3) « »
абалына коюп, индикатор (2) туруктуу
түрдө күйгөнүн күтүңүз.
•Учу (13) жок капучинатор түтүкчөнү (12)
жылыта турган суусундук куюлган чыныга
салыңыз. Иштөө режимдердин которгучун
(3) « » абалына коюңуз.
•Суусундук жылыган кийин иштөө
режимдердин которгучун (3) « » абалына
коюп, буу берүүнү токтотуңуз.
•Өчүргүчтү (14) «0» абалына коюп, кофе
бышыргычты өчүрүңүз, индикатор (1)
өчөт.
ЖАКШЫ ЭСПРЕССОНУ КАНТИП ЖАСАСА
БОЛОТ
– «Эспрессо» кофе кайнаткычтарга арналган
жаңы тарттырылган кофени колдонуңуз.
– Тарттырылган кофени чыпканын (4)
ичинде бир аз тыгыздап туруңуз,
өлчөмдүү кашыктын (16) арты жагы менен
тыгыздатсаңыз болот.
– Даяр кофенин күчтүүлүгү кофе
куурулгандын сапаты жана канчалык
майда тарттырылганына байланыштуу.
Кофе өтө көпкө чейин куюлуп турса, бул
өтө тарттырылган кофе колдонулганын
же кофе өтө катуу тыгыздалганын
белгилейт.
КЕБЭЭРДЕН ТАЗАЛОО
Кофе кайнаткыч сапаттуу иштеп турганына
үчүн ар 2-3 айда бир жолу кебээрди кетирүү
зарыл, «катуу» сууну колдонгондо кебээрди
андан тез тазалап тууру зарыл.
1. Өчүргүч (14) «0» абалында, ал эми иштөө
режимдердин которгучу (3) « » абалында
болгонун текшерип алыңыз.
2. Лимон кычкылдыктын эритмесин
даярдаңыз: 1 литр сууга 2 чай чыны,
алынган эритмени суу идишине (11)
куюңуз. Идишти (11) ордуна коюңуз.
3. Кофе чыпканы (4) кармагычына (5)
салып, чыпкадагы (4) чыгып турган жайын
кармагычтагы (5) оюгу менен дал келтирип,
чыпканы (4) саат жебесинин багыты
боюнча/каршы бураңыз.
4. Чыпка кармагычты (5) кофе бышыргычка
орнотуңуз. Кармагычтын (5) чыгып турган
жайлары бойлердеги оюктары менен
дал келиши зарыл, андан соң чыпка
кармагычтын (5) туткасын (7) оң жагына
токтогонуна чейин « » бураңыз.
5. Ылайыктуу чынысын түпкүчтүн (9)
панжарасына (8) коюңуз.
6. Электр шнурунун сайгычын электр
розеткасына сайыңыз.
7. Азык өчүргүчүн (14) «–» абалына коюп,
түзмөктү иштетиңиз, ошондо жарык
индикатору (1) күйөт.
8. Жарык индикатору (2) туруктуу түрдө
күйгөнүн күтүңүз.
9. Иштөө режимдердин которгучун (3) « »
абалына коюп, 100 мл көлөмүндөгү чыныны
суу менен толтуруңуз (бул бойлерден сууну
кетирүү жана аны лимон кычкылдыктын
эртимеси менен толтуруу үчүн зарыл)
тутканы (3) « » абалына орнотуп, суу
жиберүүнү токтотуңуз.
10. Капучинатор түтүкчөдөн (12) учун (13)
чечип, түтүкчөнүн (12) астына ылайыктуу
идиши коюңуз. Индикатор (2) туруктуу
түрдө күйгөнүн күтүп, андан соң иштөө
режимдердин которгучун (3) « »
абалына коюп, чамалуу 2 минутага буу
берүүсүн иштетиңиз, андан соң иштөө
режимдердин которгучун (3) « » абалына
коюп, буу берүүсүн токтотуп, өчүргүчтү
(14) «0» абалына коюп, кофе кайнаткычты
өчүрүңүз. 10-15 минут күтүңүз.
11. 7-10 пункттарында жазылган процедураны
3 жолудан кем эмес кайталаңыз.
12. Азык өчүргүчүн (14) «–» абалына коюп,
түзмөктү иштетиңиз, ошондо жарык
индикатору (1) күйөт.
13. Жарык индикатору (2) туруктуу түрдө
күйгөнүн күтүңүз.
14. Бир аз тыныгууларды жасап, бойлердин
тазалоо процедурасын (9 пункт) идиштеги
(11) лимон кычкылдыктын эритмеси толугу
менен бүткөнүнө чейин кайталаңыз.
15. Идишти (11) таза суу менен максималду
деңгээлине чейин толтуруп, 7-10 пункты-
ларын 10-15 минут тыныгууларды жасабай
3 жолудан кем эмес кайрадан кайталаңыз.
16. Өчүргүчтү (14) «0» абалына коюп, кофе
бышыргычты өчүрүңүз.
Эскертүү:
– Кебээрди кетирүү үчүн кофе кайнаткыч
жана кофе машиналарда колдонулган
атайын каражаттарды колдонмосун
аткарып колдонсоңуз болот.
IM VT-1501.indd 33 20.05.2019 9:28:46
Добавить комментарий