КОФЕ КАЙНАТКЫЧ VT-1501
Кофе кайнаткыч «ЭСПРЕССО» кофени
бышыруу жана «КАПУЧИНО» кофесин жасоо
үчүн арналган.
СЫПАТТАМА
1. Электр тармагына кошулгандын
индикатору
2. Даярдыктын индикатору
3. Иштөө режимдердин которгучу
4. Кофе үчүн чыпка
5. Чыпканын кармагычы
6. Чыпканын бекитмеси
7. Чыпка кармагычтын туткасы
8. Түпкүчтүн панжарасы
9. Тамчылар үчүн түпкүчү
10. Суу үчүн идиштин туткасы/капкагы
11. Суу үчүн идиш
12. Капучинатор түтүкчөсү
13. Капучинатордун учу
14. Өчүргүч «0/–»
15. Түпкүч толуп калгандын индикатору
16. Тарттырылган кофенин тыгыздагычы
менен өлчөмдүү кашык
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Коопсуздук максатында, электр агымынын
тизмегине номиналдык ток мааниси 30 мА
ашпаган коргоп өчүрүүчү түзмөктү орнотуу
максатка ылайыктуу, аны орнотуу үчүн
атайын адиске кайрылыңыз.
МААНИЛҮҮ КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ
Электр шайманды пайдалануудан мурда
ушул колдонмону көңүл коюп окуп чыгып, аны
маалымат катары сактап алыңыз.
Түзмөктү тике дайындоо боюнча гана,
ушул колдонмодо жазылганга ылайыктуу
колдонуңуз. Шайманды туура эмес
пайдалануу анын бузулуусуна, колдонуучуга
же колдонуучунун мүлкүнө зыян келтирүүгө
алып келиши мүмкүн.
•Шайманды тике дайындоосуна боюнча
гана, ушул колдонмодо жазылганга
ылайыктуу колдонуңуз.
•Түзмөктүн корпусунда жазылган чыңалуусу
электр тармагынын чыңалуусуна ылайык
болгонун текшерип алыңыз.
•Тармактык шнуру «европалык айрысы»
менен жабдылган; аны бекем жердетүүнүн
контакты бар электр розеткасына
туташтырыңыз.
•Өрт коркунучун жоюу үчүн түзмөктү электр
розеткасына туташтырганда кошуучу
түзүлмөлөрдү колдонбоңуз.
•Түзмөктү тегиз туруктуу беттин үстүнө
орнотуңуз.
•Кофе кайнаткычты имараттардын
сыртында колдонбоңуз.
•Кофе кайнаткычты температурасы
0°C төмөн болгон жерлерде эч качан
калтырбаңыз.
•Кофе кайнаткычты суусуз иштетпеңиз.
•Иштеп турган кофе кайнаткычты кароосуз
калтырбаңыз.
•Электр тармагына кошкондун алдында
өчүргүч «0» абалында болгонун текшерип
алыңыз.
•Топтомго кирген бөлүктөрүн гана
пайдаланыңыз.
•Кофе кайнаткычты иштетүүнүн алдында
болгон чечилме бөлүктөрү туура
орнотулганын текшерип алыңыз.
•Кофе кайнаткычтын ысык бөлүктөрүн жана
беттерин тийбеңиз.
•Чыгып турган буу менен иштегенде этият
болуңуз.
•Кофе кайнаткыч иштеп турган убагында
чыпка кармагычты чечүүгө тыюу салынат.
•Өрт, электр тогу уруу же жаракат алуунун
же жаракат алуунун коркунучун жоюу үчүн
кубаттуучу сайгычын, электр шнуру менен
кофе кайнаткычтын корпусун сууга же
башка суюктуктарга салбаңыз.
•Кофе кайнаткычты колдонбогондо же
тазалоонун алдында аны ар дайым электр
тармагынан ажыратыңыз.
•Тазалоонун жана бөлүктөрүн чечүүнүн
алдында түзмөктү толугу менен
муздатыңыз.
•Кофе кайнаткычты өчүрүү үчүн өчүргүчүн
«0» абалына коюп, андан соң кубаттуучу
сайгычын розеткадан ажыратыңыз.
Шайманды электр тармагынан өчүрүү үчүн
шнурунан тартпаңыз, сайгычынан кармап
туруп сууруңуз.
•Тармактык шнуру столдун кырынан
салаңдап асылбай, ысык беттерге
тийбегенин байкап туруңуз.
•Кофе кайнаткычты ысык беттерге койбоңуз.
IM VT-1501.indd 29 20.05.2019 9:28:45
Добавить комментарий