
18
-4-5-6-7 - 8 диапазону (FREEZING) тоңдурууну билгизет (темпера-
турасы -12 °С - (-24 °С)). Шайман тоңдургуч куту сыяктуу иштейт.
-SUPER абалына которулганда, шайман тез тоңдуруу режимге өтөт
жана баскычты башка абалга бурмайынча, компрессор токтоп
калбайт.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
-Тоңдургучту электр тармагынан ажыратуу үчүн, штепсельдин
сайгычын розеткадан сууруп салыңыз.
-Эгер шайман өчүрүлгөн болсо, аны кайталап иштеткенден мурун,
3-5 мүнөт күтүп турушуңуз керек. Эгерде сиз шайманды көр-
сөтүлгөн убакыт аралыгынан эртерээк күйгүзүүгө аракет кыл-
саңыз, батарейкаларга жана компрессорго зыян келтирилиши
мүмкүн.
-Эгер шайман азыктар менен ашыкча жүктөлсө-анда муздатуу
жетиштүү деңгээлде болбой калат.
АЗЫКТАРДЫ САКТОО
-Азыктарды тоңдургучка тоңдурганда, термостаттын кармоогучу
тоңдургучка салгандан 2-3 саат мурун максималдуу
абалга коюлат, бул тоңдургучтун камерасында эң төмөнкү
температураны алыш үчүн керек.
-Ушул убакыттан кийин которуштургучту максималдуу абалдан
ортоңку абалга жылдырыш керек.
-Тоңдургучтун капкагын кайра - кайра ачуу жана тоңдургучтун
узак мөөнөткө чейин ачык калтыруу сунушталбайт.
-Тоңдургуч бөлүмү тоңдурулган азыктарды узак убакытка
сактоого ылайыкталган. Азыктардын сактоо мөөнөтү 3 айга
чейин.
-Бардык азыктардын жарактуулук мөөнөтү ар башка жана
аны ашыруу сунушталбайт. Тоңдургучту эритүүдө тоңдурулган
азыктарды сактоо боюнча сунуштарды аткарыңыз.
-Соодагерлик даяр салынган тоңдурулган азык - түлүктөр
өндүрүүчүнүн көрсөтмөлөрүнө ылайык сакталууга тийиш.
-Тоңдурулган азыктарды сатып келген соң, дароо тоңдургучка
салыңыз. Өндүрүүчү тарабынан кутуда көрсөтүлгөн сактоо
боюнча көрсөтмөлөрдү аткарыңыз.
-Азыктарды сактоочу себет туура эмес формадагы азыктарды
сактоо үчүн иштелип чыккан. Тоңдургучтагы башка азыктарга
жетиш үчүн, себетти бир тарапка жылдырыңыз же өйдө көтөрүп
коюңуз.
-Тоңдургучтун ичине ысык жана жылуу азыктарды, айнек
идиштеги суусундуктарды, алкоголсуз суусундуктарды жана
бөтөлкөлөрдө менен банкаларда көмүр кычкыл газынын
суюктуктарды коюу сунушталбайт.
ЭРИТҮҮ
Натыйжалуу иштөө жана энергияны аз коротуу үчүн муздун
калыңдыгы 5-10 мм болгон сайын тоңдургучту эритип туруңуз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Үшүктү кетирүү үчүн кайнак сууну колдонбоңуз, анткени бул
пластик бөлүктөрүнө зыян келтириши мүмкүн.
Музду жок кылыш үчүн курч нерселерди колдонбоңуз, анткени
алар шайманга зыян келтириши мүмкүн.
Тазалоо учурунда хлор кошулган каражаттарды же эриткичтерди
колдонбоңуз.
-Тоңдургучту электр тармагынан ажыратып коюңуз.
-Тоңдургучтагы бардык азыктарды чыгарып коюңуз.
-Корпустун ички бетинин ылдый жагында жайгашкан төгүүчү
тыгынды ачыңыз.
-Эриген сууну чогултуучу идишти төгүүчү тешиктин астына ко-
юңуз.
-Тоңдургучтун капкагын ачык бойдон калтырып коюңуз.
-Муз катмарын эрий баштаганда алып салыңыз. Бул эритүү
мөөнөтүн кыскартат.
-Эрип бүткөндөн кийин тоңдургучтун ички бетин, самын сууда
нымдалган, чүпүрөк менен аарчыңыз, андан кийин жумшак кез-
деме менен кургатып аарчып салыңыз.
ЭСКЕРТҮҮ: Адатта эритүү бир нече саатка чейин созулат.
Бир аз жылуу сууну (ысык эмес) музга куюп коюңуз, бул анын
батыраак эрүүсүнө жардам берет.
7. ШАЙМАНДЫ ТАЗАЛОО
-Шайманды орноткондон кийин дароо дароо тазалоону сунуштай-
быз.
-Шайманды электр тармагынан ажыратыңыз, бардык азыктарды
жана себетти алып чыгыңыз.
3. Электр зымы
4. Тор
5. Башкаруу панели
6. Тоңдургучтун корпусу
7. Төгүүчү тешик
5. ШАЙМАНДЫ ОРНОТУУ
-Ташуу учурунда шаймандын түз турганын камсыз кылыш керек.
Шайманды оодарбаңыз. Шайманды 45° дан ашык кыйшайтпаңыз.
-Берилген шайманды дубалдагы оюктарга киргизип салбаш ке-
рек.
-Шайманды температурасы жана нымдуулугу өтө жогору болгон
бөлмөлөргө орнотпош керек.
-Тоңдургучтун арткы жак менен капталдарынынортосунда ке-
минде 10 см аралыкты калтырып, абанын жакшы айлануусуна
мүмкүнчүлүк бериңиз.
-Шайманды түз күндүн нуру жана жылуулук булактары жетпейт
турган жерде орнотуңуз. Түздөн түз күн нурлары акрил каптоо-
суна таасир этиши мүмкүн, ал эми жылуулук булактары энерги-
яны керектөөнү көбөйтөт. Айлана чөйрөнүн температурасы өтө
төмөн болсо, шайман жакшы иштебей калышы мүмкүн.
-Шайманды розеткага сайгандан кийин, тамак-ашты салаардан
мурун аны 2-3 саатка чейин муздатыңыз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Аппаратты жылытылбаган бөлмөдө -15 °С
температурада колдонсо болот.
6. ШАЙМАНДЫ КОЛДОНУУ
ТЕМПЕРАТУРАНЫ ОРНОТУУ
-Шаймандагы температура төмөнкү оң бурчта жайгашкан башка-
руу панели (5) аркылуу жөнгө салынат.
-Башкаруу панели жашыл жана кызыл түстөгү индикатор менен
көрсөтүлгөн. Power индикатору (жашыл түстөгү) шаймандын тар-
макка туташтырылгандыгын билдирет. RUN индикатору (кызыл
түстөгү) компрессордун иштеп жатканын билдирет.
-Коюлган температура термостаттын кармагычы менен жөнгө
салынат. 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8 сандары конкреттүү температураны
билдирбейт, сан канчалык төмөн болсо, температура ошончолук
жогору болот жана тескерисинче.
-1-2-3 диапазону (COOLING) муздатууну билдирет (температурасы
0 °С - 10 °С). Шайман муздаткыч сыяктуу иштейт.
Добавить комментарий