Centek CT-1724

Данная инструкция на русском языке предназначена для холодильника Centek CT-1724, описывает принцип работы и основные моменты эксплуатации устройства. Перед первым включением рекомендуется внимательно изучить данное руководство.

Инструкция для холодильника представлена в формате PDF, который поддерживается на всех современных устройствах, так что сложностей с открытием файла возникнуть не должно. Но если открыть документ не получается, установите любую программу для чтения PDF файлов, например Acrobat Reader.

Чтобы распечатать инструкцию, нужно ее сначала скачать, для этого кликните по кнопке «Скачать инструкцию», файл откроется в новой вкладке, затем нажмите комбинацию клавиш Сtrl + P и из открывшегося диалогового окна, отправьте документ на печать.

Страницы: Стр:
18
алдыңкы буттарын оңго же солго бурап коюңуз, шайман жерде
бекем турсун.
4. МУЗДАТКЫЧТЫ ОРНОТУУ
Туура орнотуу муздаткычтын ишенимдүү эффективдүү иште-
шин камсыз кылуу үчүн керектүү. Муздаткычты түбүнөн кар-
мап көтөрүш керек. Эшигинен же кармагычынан тартпаңыз.
Өндүрүүчүнүн кепилдиги эшигин ташуудан чыккан бузулуусун
жаппайт. Мындай жагдайдан чыккан тейлөөнү ээси өзү төлөйт.
ЭШИГИН КОТОРУУ
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ
Башка эшик тагыш үчүн квалификациялуу адиске кайрылуу
сунушталат. Эгер сиз муздаткычтын эшигин өзүңүз алмаштырам
десеңиз, төмөндө берилген көрсөтмөнүн сунуштарын аткарыңыз.
Керектүү куралдар: кайчылаш бурагыч, жалпак бурагыч, алты
бурчтуу ачкыч.
Үстүңкү илгичтен жапкычты чечиңиз.
Үстүңкү илгичти чечиңиз. Дисплейдин электр кабелин
ажыратыңыз.
Жогорку эшикти ачып, аны кылдаттык менен өйдө көтөрүңүз.
Эшик илгичтеринен чыгып, муздаткычтан толугу менен ажы-
рашы керек.
Бурагычтын жардамы менен ортоңку илгичти чечиңиз.
Тоңдургуч камеранын эшигин чечиңиз.
Бурагычтын жардамы менен бекиткичти чечип, илгичти,
төмөндөгү сүрөттө көрсөтүлгөндөй жылдырып, каршы тарапка
орнотуңуз.
Тоңдургуч камеранын эшигин ылдыйкы илгичке орнотуңуз.
Бурагычтын жардамы менен ортоңку илгичти ылдыйкы илгич
менен бир жагына орнотуңуз.
Үстүңкү эшикти ортоңку илгичке орнотуңуз. Дисплейдин
электр кабелин ажыратыңыз.
Бурагычтын жардамы менен үстүңкү илгичти бардык илгичтер
орнотулган жак бетке орнотуңуз.
Илгичтин үстүнө жапкычты орнотуңуз.
ЖЕЛДЕТҮҮ
Муздаткыч компрессору менен конденсаты иштөө учурунда
ысыйт, ошондуктан шайманга жеткиликтүү желдетүүнү камсыз
кылыш керек.
Муздаткычты кадимки нымдуулуктагы жакшы желдетилген
жерге орнотуш керек. Муздаткычты нымдуулугу жогору болгон
бөлмөлөрдө, мисалы, ванна бөлмөсүндө, жер тамда орнотконго
тыюу салынат.
Орнотууда, шаймандын капталдарында минималдуу боштук-
тарды (3 - 5 см), ал эми үстүнкү жагын 10 см камсыз кылыңыз,
абанын эркин айлануусу үчүн.
Жылуулук булактарынын жанында койбоңуз.
Муздаткычты күндүн түз нурлары тийген жерге же жылуулук
булактарынын (ашкана мештин, кызарткыч мештин, каминдин)
жанында койбоңуз.
ТЕГИЗДӨӨ
Муздаткычтын эффективдүү иштеши үчүн, анын тегиз жерде ор-
нотулганы маанилүү. Муздаткычты ордуна орноткондон кийин,
анын тууралоочу буттарын айландырып, анын ордун жөндөңүз.
Муздаткычтын артка эңкейиши 5° дан ашпашы керек.
ЭЛЕКТР ТАРМАГЫНА КҮЙГҮЗҮҮ
Муздаткыч классы 1 электр тогунан сактануу даражасына
ылайык даярдалган жана жерге туташуусу бар эки уюлдуу ро-
зетканын жардамы менен куйгүзүлөт.
Электр тармагына күйгүзүүдөн мурун ынаныңыз:
тармактын чыңалуусу муздаткычтын арткы бетиндеги атайын
тактайчада көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келет;
электр розеткасынын жерге туташуусу бар байланыш электр
тармактын электр менен камсыздоо кабелдин жерге туташуу-
су бар зымга туташтырылган (туташтыруучу зым 10 А дан кем
эмес токко эсептелген болушу керек);
розетка менен сайгычы бир түрдө; эгер сайгычы розеткага
дал келбесе, розетканы камсыздоо зымдын сайгычына ылай-
ык кылып алмаштырыш керек (буну квалификациялуу элек-
трик жасаш керек).
Муздаткыч розеткасына ар дайым жетет тургандай кылып
орнотулуш керек. Берилген колдонмодо көрсөтүлгөн, кубаттуу
тиричилик шаймандарынын коопсуздук талаптарын бузуу ме-
нен туташтырылган муздаткыч кооптуу. Өндүрүүчү белгиленген
орнотуу стандарттарын сактабагандыктан ден-соолукка жана
мүлккө келтирилген зыян үчүн жооптуу эмес.
5. МУЗДАТКЫЧТЫ КҮЙГҮЗҮҮДӨН
5.1. МУРУН ИШТЕТҮҮ
Муздаткычты орнотуудан кийин, электр тармакка 3 сааттан кий-
ин күйгүзүш керек. Ошентип, ташуудан кийин муздаткыч туура
иштеши үчүн зарыл болгон муздатуучу зат туура бөлүштүрүлөт.
Бир нече саат өткөндөн кийин муздаткычты электр тармагына
куйгүзгөндөн кийин, сиз анын ичине азыктарды салсаңыз бо-
лот. Компрессор менен оюктун арткы дубалынын ортосундагы
транспорттук арачыларды, ошондой эле шаймандын кыймылдуу
бөлүктөрүн жылдырбай турган башка арачыктарды жана жа-
бышчак ленталарды алып салыңыз.
Эгер шаймандын пластик пленкадан жасалган коргоочу каптоо-
су бар болсо, анда аны боёкторуна же бөлүктөрүнүн жабуусуна
зыян келтирбеш үчүн, этияттык менен алып салыңыз.
5.2. ИШТИН БАШТАЛУУСУ
- Муздаткычтын кубатын күйгүзгөндө дисплей экраны 3 секун-
дага көрсөтүлөт. Баштоо үнү угулуп, экран стандарттык опера-
ция дисплейине кайтып келет.
- Муздаткычты биринчи жолу колдонууда муздаткыч камеранын
температурасы 5 °C, тоңдургуч камера -18 °C.
- Качан ката пайда болгондо, дисплейде ката коду көрсөтүлөт
(ката код таблицасын караңыз). Кадимки иштөө учурунда дис-
плейде муздаткычтын же тоңдургуч бөлүмдүн белгиленген тем-
пературасы көрсөтүлөт.
БҮЛҮП АЛУУ/АЧУУ
- Кулпусу ачылган абалда, кулпу баскычын (3) 3 секунд басып
туруңуз, индикатор (F) күйөт жана сигнал чыгат - бул дисплей
панели кулпуланганын билдирет, учурда аппаратты башкаруу
мүмкүн эмес.
- Кулпуланган абалда, кулпу баскычын (3) 3 секунд басып
туруңуз, индикатор (F) өчөт жана сигнал чыгат - бул дисплей
панелинин кулпусу ачылганын билдирет, бул учурда аппаратты
башкаруу жеткиликтүү.
МУЗДАТКЫЧ БӨЛМӨСҮНДӨ ТЕМПЕРАТУРАНЫ ОРНОТУУ
Муздаткыч бөлүмүндөгү температураны коюу үчүн Муздаткыч
баскычын (1) басыңыз. Ар бир баскычты басканыңызда темпе-
Страницы: Стр: 19
Комментарии (0)

Добавить комментарий

Другие Холодильники Centek