
25
өчүрүп, андан кийин которгучун (7) «R»
абалына бурап кармап туруңуз.
•Азыктарды токтоосуз иштетүү мөөнөтү
10 минутадан ашырбаганы зарыл.
•Эт туурагыч 10 минутанын ичинде токто-
осуз иштегенинен кийин аны өчүрүп, муз-
даганына 15-20 минута мөөнөтүн берип,
андан кийин иштетүүнү улантсаңыз
болот.
•Иштетип бүткөндөн кийин которгучун (7)
«0» абалына коюп, эт туурагычты электр
тармагынан суруп, андан кийин гана ажы-
ратып баштасаңыз болот.
ЭТТИ ИШТЕТҮҮ
•Эт туурагычтын бөркүн (3) коюлуучу жай-
ына (4) орнотуп, бөркүн (3) саат жебеси-
нин багытына каршы бекитилгенине чейин
бурап салыңыз (сүрөт 1, 2).
•Шнекти (8) эт туурагычтын бөркүнүн корпу-
суна (3) орнотуңуз (сүрөт 3).
•Крест сыяктуу бычакты (9) орнотуңуз
(сүрөт 4).
•Панжаралардын керектүүсүн (10 же 11)
таңдап, панжарадагы чыгып турган жер-
лерин эт туурагычтын бөркүнүн корпусун-
дагы (3) оюктары менен дал келтирип аны
бычактын үстүнө орнотуп, гайканы (12)
бекитип салыңыз (сүрөт 5, 6).
Көңүл буруңуз!
– Бычакты кесүүчү жагын панжарага
каратып орнотуңуз. Бычак туура
эмес орнотулган болсо, ал тууроо
функциясын аткарбайт.
– Чоңураак тешиктери бар панжарасы (11)
чийки эт, жашылча-жемиш, кургатыл-
ган мөмө-жемиштерди, быштакты,
балыкты ж.б. иштетүүгө ылайык.
– Майда тешиктери бар панжара (10)
чийки же бышкан этти, балыкты ж.б.
иштетүүгө ылайык.
•Этти эт туурагычтын бөркүнүн (3) оозуна
азыктарды салуучу идишин (2) орнотуңуз.
•Которгучту (7) «ON» абалына коюп шай-
манды иштетиңиз.
•Шайманды иштетүү учурунда түрткүчтү (1)
гана колдонуңуз.
Эскертүү:
– Этти иштетүү процессин жакшыртуу
үчүн аны кубиктерге же узун кесимде-
рине туурап алыңыз. Тоңдурулган этти
толугу менен эритүү зарыл.
– Шайманды иштетүү учурунда жабдыктын
жыйынтыгына кирген түрткүчтү (1) гана
колдонуңуз; азыктарды башкача буюмдар
менен түртүүгө тыюу салынат, этти
бармагыңыз менен эч качан түртпөңүз.
•Эт туурагычты иштетип бүткөндөн кийин
которгучун (7) «0» абалына коюп, кубат-
туучу сайгычын электр тармагынан
суруп, андан кийин гана аны ажыратып
баштасаңыз болот.
•Эт туурагычтын бөркүн (3) чечүү үчүн
бекитме баскычын (5) басып, эт туура-
гычтын бөркүн (3) саат жебесинин багыты
боюнча бурап, чечип салыңыз.
•Эт туурагычтын бөркүн ажыратуу үчүн гай-
каны (12) бурап бошотуп, коюлган панжа-
расын (10 же 11), бычагын (9) жана шнегин
(8) чыгарыңыз.
Колбаскаларды толтуруу
– Фаршты даярдап алыңыз.
– Эт туурагычтын бөркүн (3) коюлуучу жай-
ына (4) орнотуңуз.
– Эт туурагычтын корпусунун бөркүнө (3)
шнекти (8) орнотуп, шнегине (8) крест сыяк-
туу бычагын (9), панжараларынан (10 же 11)
бирин, колбаскаларды толтуруу насадка-
сын (13) орнотуңуз; насадкасындагы (13)
чыгып турган жайлары эт туурагычтын кор-
пусунун бөркүндөгү (3) оюктары менен дал
келтириңиз (сүрөт 7), андан кийин гайканы
(12) бурап бекитип салыңыз.
– Азыктар салуучу идишин (2) орнотуңуз.
– Даяр фаршты азыктар салуучу идиштин
(2) ичине салыңыз.
– Колбаскаларды даярдоо үчүн табигый сыр-
тын гана колдонуп, аны 10 минутага жылуу
сууга алдын ала салып пайдаланыңыз.
– Жумушарган сыртын насадкасына (13)
кийгизип, учун байлап алыңыз.
– Кубаттуучу сайгычын электр розеткасына
сайыңыз.
– Которгучту (7) «ON» (иштетүү) абалына
коюп шайманды иштетиңиз.
– Даяр фаршты берүү үчүн түрткүчтү
колдонуңуз (1) (сүрөт 8), сырты толтуру-
луп турганына карата аны насадкасынан
(13) жылдырып туруңуз, сырты кургап кал-
ган учурунда аны суугарып туруңуз.
– Эт туурагычты иштетип бүткөндөн кийин
которгучун (7) «0» абалына коюп, кубат-
туучу сайгычын электр тармагынан
IM VT-3628.indd 25 22.08.2018 12:57:07
Добавить комментарий