
28
• Суу куюлгандан кийин кофе кайнаткычты
өчүрүү жана басымды төмөндөтүү үчүн
иштөө режимдердин которгучун (2)
«RELEASE OFF» абалына коюңуз.
•
Капучинатор түтүкчөнү тазалоо үчүн капкакты
(1) бурап ачып, чыныга сууну (50 млден
ашырбай) куюп, сууну чукурга төгүп, капкакты
(1) бурап жабыңыз (сүр. 1, 2, 3).
• Учтун (5) астына ыңгайлуу чыныны коюңуз.
• Иштөө режимдердин которгучун (2)
« » абалына коюп кофе кайнаткычты
иштетиңиз, ошондо жарык индикатор (3)
күйүп, ысытуучу элементи иштеп, буу басым
менен учтан (5) чыгып турат.
• Кофе кайнаткычты өчүрүү жана басымды
төмөндөтүү үчүн иштөө режимдердин
которгучун (2) «RELEASE OFF» абалына
коюңуз.
• Кофе кайнаткыч колдонууга даяр.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
– Кофе кайнаткыч иштеп турган убагында
чыпка кармагычты (6) чечүүгө тыюу
салынат.
ЭСПРЕССО КОФЕНИ ЖАСОО
Көңүл буруңуз!
Кофе жасаган учурунда кофе кайнаткычты
кароосуз калтырбаңыз, себеби чыны даяр
кофе менен толуп турган процессин байкап
туруу зарыл!
• Иштөө режимдердин которгучу (2)
«RELEASE OFF» абалында болгонун
текшерип алыңыз.
• Капкакты (1) саат жебесинин багытына
каршы бурап чечиңиз (сүр. 1).
• Даяр кофенин көлөмүнө карата, бирок
240 млден ашырбай бийиктиги ылайыктуу
болгон чыныга сууну куюңуз.
• Чыныдагы сууну суу үчүн чукурга куюңуз
(сүр. 2).
• Капкакты (1) кесилүүсү боюнча саат
жебесинин багыты боюнча бурап жабыңыз
(сүр. 3).
• Кофе чыпканы (9) в кармагычына (6)
салыңыз. Тарттырылган кофени өлчөм
дүү кашыгы (12) менен чыпкага (9)
2 же 4 белгисине чейин салып, өлчөмдүү
кашыктын (12) арды жагы менен кофени бир
аз дыгыздатып алыңыз (сүр. 5).
• Чыпка кармагычты (6) кофе кайнаткычка
орнотуңуз. Кармагычтын (6) чыгып турган
жайлары бойлердеги оюктары менен
дал келиши зарыл, андан соң чыпка
кармагычтын (6) туткасын (8) оң жагына
токтогонуна чейин «LOCK» бураңыз (сүр. 4).
• Чыныны түпкүчкө (11) коюңуз
• Тармактык боонун сайгычын розеткага
сайыңыз.
• Иштөө режимдердин которгучун (2)
«» абалына коюп кофе кайнаткычты
иштетиңиз, ошондо жарык индикатор (3)
күйүп, ысытуучу элементи иштеп, суу басым
менен коюлган чыныга куюлуп баштайт.
• Кофе кайнаткычты өчүрүү жана басымды
төмөндөтүү үчүн иштөө режимдердин
которгучун (2) «RELEASE OFF» абалына
коюңуз.
• Чыпка кармагычты (6) сол жагына бурап
чечип, чыпкадан (9) калган тарттырылган
кофени төгүп, чыпканы (9) жууп алыңыз.
Ыңгайлуулук үчүн чыпканы (9) жууганда
бекитмесин (7) колдонуңуз.
Эскертүү: - иштөө режимдердин котор гучун
(2) «PAUSE» абалына коюп, кофе кайнатуусун
ток то тсоңуз болот, кофе кайнатууну
улантуу үчүн которгучту (2) кайрадан « »
абалына коюңуз.
КАПУЧИНО КОФЕНИ ДАЯРДОО
Көңүл буруңуз! Чыгуучу бууга күйүп
калуудан сак болуңуз.
• «ЭСПРЕССО КОФЕСИН ЖАСОО»
бөлүгүндө жазылгандай кофени кайнатып,
аны көлөмү чалынган сүттүн же каймактын
көбүгүн кошуу үчүн жетиштүү болгон чыныга
куюп алыңыз.
• Кофе кайнаткычты өчүрүү жана басымды
төмөндөтүү үчүн иштөө режимдердин
которгучун (2) «RELEASE OFF» абалына
коюңуз.
• Капкакты (1) бурап ачып, чукурга чамалуу
5070 мл сууну куюп, капкакты (1) бурап
жабыңыз (сүр. 1, 2, 3).
• Учтун (5) астына муздак сүт же каймак
куюлган идишти коюңуз.
• Иштөө режимдердин которгучун (2)
« » абалына коюп кофе кайнаткычты
иштетиңиз, ошондо жарык индикатор (3)
күйүп, ысытуучу элементи иштеп, буу басым
менен учтан (5) чыгып турат.
• Учун (5) муздак сүт же каймагы бар чыныга
салыңыз.
IM VT-1510.indd 28 11/15/19 3:15 PM
Добавить комментарий