
26
КОФЕ КАЙНАТКЫЧ VT-1510 BK
Кофе кайнаткыч «ЭСПРЕССО» кофени
бышыруу жана «КАПУЧИНО» кофесин жасоо
үчүн арналган.
СЫПАТТАМА
1. Суу куюлуучу чукурдун капкагы
2. Иштөө режимдердин которгучу
3. Жарык индикатору
4. Капучинатор түтүкчөсү
5. Капучинатордун учу
6. Чыпканын кармагычы
7. Чыпканын бекитмеси
8. Чыпка кармагычтын туткасы
9. Кофе үчүн чыпка
10. Чыныларды жылытуучу аянтча
11. Тамчылар үчүн түпкүчү
12. Тарттырылган кофенин тыгыздагычы
менен өлчөмдүү кашык
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Коопсуздук максатында, электр агымынын
тизмегине номиналдык ток мааниси 30 мА
ашпаган коргоп өчүрүүчү түзмөктү орнотуу
максатка ылайыктуу, аны орнотуу үчүн
атайын адиске кайрылыңыз.
МААНИЛҮҮ КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ
Электр шайманды пайдалануудан мурда
ушул колдонмону көңүл коюп окуп чыгып, аны
маалымат катары сактап алыңыз.
Түзмөктү тике дайындоо боюнча гана, ушул
колдонмодо жазылганга ылайыктуу колдонуңуз.
Шайманды туура эмес пайдалануу анын
бузулуусуна, колдонуучуга же колдонуучунун
мүлкүнө зыян келтирүүгө алып келиши мүмкүн.
• Шайманды тике дайындоосуна боюнча гана,
ушул колдонмодо жазылганга ылайыктуу
колдонуңуз.
• Түзмөктүн корпусунда жазылган чыңалуусу
электр тармагынын чыңалуусуна ылайык
болгонун текшерип алыңыз.
• Тармактык шнуру «европалык айрысы»
менен жабдылган; аны бекем жердетүүнүн
контакты бар электр розеткасына туташ
тырыңыз.
• Өрт коркунучун жоюу үчүн түзмөктү электр
розеткасына туташтырганда кошуучу
түзүлмөлөрдү колдонбоңуз.
• Түзмөктү тегиз туруктуу беттин үстүнө
орнотуңуз.
• Кофе кайнаткычты имараттардын сыр тында
колдонбоңуз.
• Кофе кайнаткычты температурасы 0°C
төмөн болгон жерлерде эч качан калтыр
баңыз.
• Кофе кайнаткычты суусуз иштетпеңиз.
• Иштеп турган кофе кайнаткычты кароосуз
калтырбаңыз.
• Тармакка кошуунун алдында иштөө
режимдердин которгучу «RELEASE OFF»
абалында болгонун текшериңиз.
• Топтомго кирген бөлүктөрүн гана пайда
ланыңыз.
• Кофе кайнаткычты иштетүүнүн алдында
болгон чечилме бөлүктөрү туура орнотул
ганын текшерип алыңыз.
• Күйүк болбоо үчүн кофе жасалып турган
учурда жана шайманды жаңы өчүргөндөн
кийин ысык беттерин тийбеңиз. Кофе
кайнаткыч муздаганга убакыт бериңиз.
• Чыгып турган буу менен иштегенде этият
болуңуз.
• Кофе кайнаткыч иштеп турган убагында
чыпка кармагычты чечүүгө тыюу салынат.
• Өрт, электр тогу уруу же жаракат алуунун
же жаракат алуунун коркунучун жоюу үчүн
кубаттуучу сайгычын, электр шнуру менен
кофе кайнаткычтын корпусун сууга же
башка суюктуктарга салбаңыз.
• Кофе кайнаткычты колдонбогондо же
тазалоонун алдында аны ар дайым электр
тармагынан ажыратыңыз.
• Тазалоонун жана бөлүктөрүн чечүүнүн
алдында түзмөктү толугу менен музда
тыңыз.
• Кофе кайнаткычты өчүрүү үчүн өчүргүчүн
«RELEASE OFF» абалына коюп, андан
соң кубаттуучу сайгычын розеткадан
ажыратыңыз. Кубаттуучу сайгычын электр
розеткасынан сурганда, электр шнурунан
кармап эч качан тартпаңыз, сайгычынан
гана кармаңыз.
• Тармактык шнуру столдун кырынан
салаңдап асылбай, ысык беттерге тийбе
генин байкап туруңуз.
• Балдарга түзмөктү оюнчук катары
колдонууга уруксат бербеңиз.
• Шайман иштеп жана муздап турганда аны
балдар жетпеген жерге коюңуз.
IM VT-1510.indd 26 11/15/19 3:15 PM
Добавить комментарий