индикатору көк түстө күйүп, үлпүлдөп турат.
Бойлердеги суу кайнаганын күтүңүз, жарык
индикатор туруктуу түрдө күйөт.
•Сууну кол берүүсүнүн баскычын (10) « »
басыңыз, ошондо помпа 3 секунда
иштеп, тыныгуудан кийин помпа иштеп,
суу үзгүлтүксүз берилип турат. Чыны суу
менен толтурулганда, (10) « » баскычын
кайрадан басып суу берүүнү токтотуп,
чыныдагы сууну төгүп алыңыз.
•Чынынын көлөмүнө карата бул процедураны
бир нече жолу өткөзүңүз, ошондон кийин
бойлер жуулган болот.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
– Кофе кайнаткыч иштеп турган убагында
чыпка кармагычты (7) чечүүгө тыюу
салынат.
– Чыпка кармагычты (7) чечүү үчүн
кармагычтын туткасын сол жака
токтогонуна чейин « » бурап,
кармагычты (7) чечиңиз.
Капучинатор түтүкчөнү (4) тазалоо
•Идиште (2) суусу жетиштүү болгонун
текшерип алыңыз.
•Капучинатор түтүкчөнүн (4) астына
ылайыктуу чыныны коюңуз.
•(13) « » баскычын басып кофе кайнаткычты
иштетиңиз.
•Буу берүү баскычын (9) « » басыңыз,
ошондо жарык индикатору кызыл болуп
күйүп, үлпүлдөп турат, жарык индикатору
үлпүлдөбөй, туруктуу түрдө күйгөнүн
күтүңүз.
•Буу берүүнүн жөндөгүч туткасын (3)
«OFF--- +» акырын бураңыз, буу капучинатор
түтүкчөнүн (4) учунан (5) чыгып баштайт,
чыгып турган буу менен иштегенде этият
болуңуз, 10-15 секундадан кийин жөндөгүч
туткасын (3) «OFF» абалына коюуңуз.
•(13) баскычын « » басып, кофе
кайнаткычты өчүрүңүз.
•Түпкүчтүн панжарасын (6) чечип, түпкүчтөгү
сууну төгүп, аны ордуна орнотуңуз,
панжараны (6) орнотуңуз.
•Кофе кайнаткыч кофе кайнатууга даяр.
ЭСПРЕССО КОФЕНИ ЖАСОО
•Идишин (2) чечип, аны «МАХ» белгисине
чейин суу менен толтуруп, ордуна орнотуңуз.
Идиштеги (2) суу «MIN» белгисинен төмөн
болбогонун байкап туруңуз, идишке (2)
сууну мезгилдүү түрдө куюп туруңуз.
•Тарттырылган кофени чыпкага (15) салып,
өлчөмдүү кашыгын пайдаланыңыз (16),
өлчөмдүү кашыктын (16) арды жагы менен
кофени бир аз дыгыздатып алыңыз.
•Чыпка кармагычын (7) ордуна орнотуңуз.
Чыпка кармагычтагы (7) чыгып турган
жерлери бойлердеги оюктары « »
менен дал келүү мүмкүн, андан соң чыпка
кармагычтын (7) туткасын « » токтогон
жайына чейин оң жака бураңыз.
•Чыныны түпкүчтүн панжарасына (6) коюңуз.
•Электр шнурунун сайгычын электр
розеткасына сайыңыз.
•(13) « » баскычты басып кофе кайнаткычты
иштетиңиз, ошондо үн белгиси чыгып, жарык
индикатору көк түстө күйүп, үлпүлдөп турат.
•Бойлердеги суу кайнаганын күтүңүз, жарык
индикатор туруктуу түрдө күйөт.
Эскертүү: - колдонулган чыныларды алдын
ала жылытуу зарыл, ал үчүн чыныларды
жылытуу аянтчасына (14) коюңуз, бойлердеги
суу жылып турганда, аянтча (14) дагы жылып
туруп, чынылырды жылытат.
– Бир порция эспрессо кофени жасоо үчүн
(12) « » баскычты басыңыз, ошондо
помпа кофени алдын ала нымдатуу үчүн
3 секунда иштеп, тыныгуудан кийин помпа
15 секунданын ичинде иштейт, суу берүү
токтогондун алдында үн белгилер чыгат.
– Эспрессо кофенин эки кат порциясын
жасоо үчүн (11) « » баскычын басыңыз,
ошол учурда (6) панжарага көлөмү
чоңураак болгон чыныны же эки майда
чыныны коюңуз. (11) баскычты басканда,
помпа кофени алдын ала нымдатуу үчүн
3 секунда иштеп, тыныгуудан кийин помпа
30 секунданын ичинде иштейт, суу берүү
токтогондун алдында үн белгилери пайда
болот.
– Кофени кол менен даярдоо үчүн сууну
берүүчү « » баскычын (10) басыңыз,
ошондо помпа 3 секунда иштеп, тыныгуудан
кийин помпа иштеп, суу үзгүлтүксүз берилип
турат. Чыны даяр кофе менен толгондо,
(10) « » баскычты кайрадан басып, суу
берүүсүн токтотуңуз.
Эскертүү:
– эспрессо кофени даярдоо убагында
даярдоону токтотуу зарылдыгы бар
болсо, (11 « » же 12 « ») баскычты
кайрадан басыңыз;
– кофени 2-3 минут интервалдан кийин
кайра кайнатуу рекомендацияланат;
IM VT-1508.indd 31 28.05.2019 14:44:05
Добавить комментарий