
33
АШКАНА АСПАП VT-1440
Ашкана аспап ингредиенттерди кошуу, соус
менен десерттерди (чалынган сүт, пудинг,
коктейль, майонез катары) жана камырды жууруу
үчүн арналган. Эт туурагыч саптамасынын
жардамы менен фаршты жасап, аны үй чала
фабрикаттарды жасаганга колдонсо болот.
СЫПАТТАМА
1.
Камыр жууруу үчүн саптама
2.
Аралаштыруу үчүн саптама
3.
Чалуу үчүн венчик
4.
Азыктарды кошуу үчүн тешиги бар табактын
капкагы
5.
Табак
6.
Саптамаларды орнотуу үчүн ок
7.
Табакты орнотуу жайы
8.
Мотор сапсалгысы
9.
Мотор сапсалгысынын бекитме баскычы
10.
Түбү
11.
Иштөө режимдердин которгучу «0-1---6»
12.
Буттар
13.
Блендер табагын орнотуу жайынын капкагы
14.
Эт туурагычтын бөркүн орнотуу жайынын
капкагы
Эт туурагыч саптама
15.
Түрткүч
16.
Азыктарды салуучу идиши
17.
Эт туурагычтын бөркүнүн корпусу
18.
Шнек
19.
Силикон втулкасы
20.
Крест сыяктуу бычак
21.
Майдалатуу үчүн панжаралар
(майда/орточо/чоң тешиктери менен)
22.
Эт туурагычтын бөркүнүн гайкасы
Блендер идиши
23.
Өлчөмдүү чынысы
24.
Блендер идишинин капкагы
25.
Айнек табак
26.
Табактын туткасы
27.
Миздер сапсалгысы
28.
Тыгыздоочу катмар
29.
Бычак сапсалгысынын бекитмеси
30.
Күрөк
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Коопсуздук максатында, электр агымынын
тизмегине номиналдык ток мааниси 30 мА
ашпаган коргоп өчүрүүчү түзмөктү орнотуу
максатка ылайыктуу, аны орнотуу үчүн атайын
адиске кайрылыңыз.
КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ
Ашкана аспабын пайдалануудан мурун ушул
колдонмону көңүл коюп окуп чыгып, аны
маалымат катары сактап алыңыз.
Түзмөктү тике дайындоо боюнча гана, ушул
колдонмодо жазылганга ылайыктуу колдонуңуз.
Шайманды туура эмес пайдалануу анын
бузулуусуна, колдонуучуга же колдонуучунун
мүлкүнө зыян келтирүүгө алып келиши мүмкүн.
•
Ашкана аспапты иштетүүдөн мурун, анын
иштөөчү чыңалуусу электр тармагынын
чыңалуусуна дал келерин текшерип алыңыз.
•
Ашкана аспабын колдонуунун алдында
саптамалары менен тармактык шнурунун
абалын жакшылап карап, саптамалар менен
тармактык шнурунун бузулуулары жок
болгонун текшерип алыңыз.
•
Электр шнурун ысык беттерге же эмеректин
учтуу кырларына тийгизбеңиз. Электр шнурдун
изоляциясын бузулууларына жол бербеңиз.
•
Электр шнуру бузук болгондо коопчулуктарга
жол бербегени үчүн аны өнүктүрүүчү,
тейлөө кызмат же аларга окшогон дасыккан
кызматкерлер алмаштырууга тийиш.
•
Шайманды жылуулук же ачык от булактардын
тикеден-тике жакынчылыкта колдонбоңуз.
•
Топтомго кирген саптамаларды гана
пайдаланыңыз.
•
Ашкана аспапты катуу каймак майы же
тоңдурулган камыр катары катуу азыктарды
аралаштыруу үчүн колдонууга тыюу салынат.
•
Саптамаларын орнотуунун алдында
тармактык шнурдун айрысы розеткага
сайылбаганын текшериңиз.
•
Ашкана аспабын колдонуунун алдында
саптамасы туура орнотулуп бекитилгенин
текшерип алыңыз.
•
Ашкана аспабынын мотор сапсалгысын иштөө
абалына койгондо этият болуңуз, колуңузду
салбаңыз, мотор сапсалгысы менен ашкана
аспабынын түбүнүн байланышына башка
буюмдар түшкөнүнө жол бербеңиз.
•
Ашкана аспабын электр тармагына кошуунун
алдында иштөө режимдердин которгучу «0» (өчү-
рүлгөн) абалында болгонун текшерип алыңыз.
•
Электр шайманын бөлмөдөн тышкары
жерлерде колдонбоңуз.
•
Максималдуу иштөө мөөнөтү – 30 секундадан
баштап (камыр жууруу үчүн саптама),
1 минута (блендер идиши) – 7 минутага
чейин (эт туурагыч жана башка саптамалар).
Ашкана аспабын 15–20 мүнөттөн кем эмес
мөөнөттөн кийин кайрадан иштетиңиз.
IM VT-1440.indd 33 04.03.2019 15:44:48
Добавить комментарий