
18
5. МУЗДАТКЫЧТЫ КҮЙГҮЗҮҮДӨН
МУРУН ИШТЕТҮҮ
Муздаткычты орнотуудан кийин, электр тармакка 3 сааттан кийин күйгүзүш керек. Ошентип, ташуудан кийин муздаткыч туура иштеши үчүн зарыл болгон муз-
датуучу зат туура бөлүштүрүлөт. Бир нече саат өткөндөн кийин муздаткычты электр тармагына куйгүзгөндөн кийин, сиз анын ичине азыктарды салсаңыз болот.
Компрессор менен оюктун арткы дубалынын ортосундагы транспорттук арачыларды, ошондой эле шаймандын кыймылдуу бөлүктөрүн жылдырбай турган
башка арачыктарды жана жабышчак ленталарды алып салыңыз.
Эгер шаймандын пластик пленкадан жасалган коргоочу каптоосу бар болсо, анда аны боёкторуна же бөлүктөрүнүн жабуусуна зыян келтирбеш үчүн, этияттык
менен алып салыңыз.
МУЗДАТУУЧУ КАМЕРАНЫ КОЛДОНУУ
Муздатуучу бөлүмдүн температурасы термостаттын кармагычын бураганда орнотулат. Термостатты ортоңку кызматка орнотуу сунушталат. Муздатуучу
бөлүмдөгү муздак абанын айлануусу ылдыйкы бөлүмдүн температурасы көбүрөөк төмөн болот тургандай кылып орнотулат. Эң жакшы сактоо шарттарды камсыз
кылыш үчүн, азыктарды бөлмөлөргө туура салыштырыш үчүн, сактоо боюнча көрсөтмөлөрдү аткарыңыз: туура эмес сактоодо эң жаңы азыктар дагы бузулуп
кетет. Муздатуучу бөлүм ыңгайлуу текчелер менен жабдылган, алардын бийиктигин атайын жетектөөчүнүн жардамы менен жөндөсө болот. Бул чоңураак
таңгактарды жана бийик бөтөлкөлөрдү текчеде жайгаштырууга жардам берет. Муздаткычтын ичине, нымдуулугу жогорулап кетпеши үчүн, капкаксыз идиште
суюктуктарды койбоңуз, анткени бул муздаткычтын ичинде температуранын көтөрүлүшүнө алып келет.
ТОҢДУРГУЧ КАМЕРАНЫ КОЛДОНУУ
Азыктарды сактоо үчүн эң жакшы шарттарды камсыз кылыш үчүн, төмөндө жазылган сунуштарды аткарыңыз. Тоңдурулат турган жана тоңдуруучу камерада
сакталат турган азыктарды, ашыкча үшүк пайда болбошу үчүн, жакшылап ороп салыш керек.
-Тоңдургуч камеранын ичине коюлган азыктардын арткы жана капталдагы дубалдарына тийбегени жакшы.
-Туура сактоо үчүн жана кийинки эритүүнүн жеңилдиги үчүн, азыктарды кичинекей бөлүктөргө бөлүп салыңыз.
-Муздаткыч камеранын ичине тоңот турган суюктуктар менен толтурулган айнек идиштерди койбоңуз, өзгөчө алардын ичинде бекем жабылган көпүрөктүү
жана газдалган суусундуктар бар болсо. Суюктук, кристалдашып, идишти бузуп салышы мүмкүн.
-Нымдуулук жогорулап кетпеши үчүн, муздаткыч камеранын ичине капкаксыз идиштеги суюктуктарды койбоңуз, анткени бул температуранын көтөрүлүшүнө
алып келет.
ТЕМПЕРАТУРАНЫ ЖӨНГӨ САЛУУ
Шаймандагы температураны термостаттын баскычын буруу менен жөнгө салууга болот.
Термостат 1ден 7ге чейинки диапазондо орнотулушу мүмкүн:
1 - эң жогорку температура;
7 - эң төмөнкү температура.
Муздатуу функциясын өчүрүү үчүн башкарууну OFF абалына коюңуз.
Кадимки иштөө шарттарында (жаз жана күз) температураны 4-деңгээлге коюу сунушталат.
Жайында айлана-чөйрөнүн температурасы жогору болгондо, температураны 3-4 градуска коюу сунушталат. муздаткычтын жана тоңдургучтун
оптималдуу температурасын камсыз кылуу жана муздаткычтын үзгүлтүксүз иштөө убактысын кыскартуу; ал эми кышында айлана-чөйрөнүн тем-
пературасы төмөн болгондо, муздаткычты тез-тез иштетип/токтоону болтурбоо үчүн температураны 5-6 градуска коюу сунушталат.
ЭСКЕРТҮҮ: температура компрессордун иштөө циклдерине жана тышкы шарттарга жараша орнотууларда көрсөтүлгөндөн айырмаланышы мүмкүн.
6. ТЕЙЛӨӨ ЖАНА КАМ КӨРҮҮ
Муздаткычты эритиш үчүн термостаттын кармагычын «О» абалына коюңуз жана муздаткычты электр тармагынан өчүрүңүз. Эритүү учурда тоңдурулган азык-
тарды бир нече кабат ороп салыңыз жана аларды, мүмкүн болушунча, муздак жерге коюңуз. Кайра күйгүзүүдөн мурун муздатуучу бөлүмдү жууп салыңыз
жана кылдаттык менен кургатып коюңуз.
Эгер иштөө учурунда тоңдургуч камерада калыңдыгы 5 мм болгон үшүк пайда болуп калса, камераны эритүүгө даярдап коюш керек. Бул үчүн ичинен азыктар-
ды чыгарып коюп, аларды муздаткыч камеранын текчелерине жайгаштырып коюш керек. Андан кийин тоңдургуч камеранын эшигин ачык калтырып, эриген
сууну чогултуш үчүн идиш коюп коюш керек, андан кийин тоңдургуч камераны жууп кургатып аарчып коюш керек.
Аябай жыттанган азыктарды, жыттар пайда болбошу үчүн, кийин ыргытып салат турган бекем жабылган контейнерлерде сактаңыз. Муздаткычтын ички жана
тышкы беттерин губка же жумшак кездеме менен жууңуз. Нейтралдуу жуугуч каражаттарды колдонуңуз. Эч качан порошок абразивдүү жуугуч каражаттарды,
щелочтуу бирикмелерди, органикалык кычкылтектерди, ысык сууду колдонбоңуз, бул жылтырак менен боётулган каптоосун бузушу мүмкүн. Курч же металл
буюмдарды колдонбоңуз, бул муздаткычка зыян келтириши мүмкүн.
Бардык алынуучу бөлүктөрдү, самын эритмесин же жуугуч каражатты кошуп, сууда жууганга болот. Ошондой эле аларды идиш жуугуч машинкада жууганга
болот. Унутпаңыз, бардык алынуучу бөлүктөрүн кайра башынан муздаткычтын ичине койгондон мурун, аларды кылдаттык менен кургатыш керек.
Муздаткычтын конденсаторунда чаң чогулуп, муздаткычтын жакшы иштешине тоскоол болушу мүмкүн. Ылайыктуу саптамаларды колдонуп, муздаткычтын арт-
кы бөлүгүн чаң соргуч менен тазалап салыңыз. Эгерде сиз муздаткычты узак убакытка чейин колдонууну ойлонбосоңуз, аны тармагынан өчүрүп, ичин жууп
коюңуз, кургатыңыз жана, жагымсыз жыт жана көк пайда болбош үчүн, эшиктерин ачык бойдон калтырып коюңуз.
ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯНЫ ҮНӨМДӨӨ БОЮНЧА СУНУШТАР
Муздаткычты туура орнотуңуз.
Жылуулук булактарынан жетиштүү алыстыкта, жакшы желдетилген бөлмөдө, МУЗДАТКЫЧТЫ ОРНОТУУ бөлүмүнүн сунуштарына ылайык.
Температураны туура орнотуңуз.
Термостатты ортоңку кызматка орнотуңуз. Температура өтө төмөн коюлуп калса, электр энергия көп коротулат, бирок азыктарды сактабайт.
Муздаткычты ашыкча толтурбаңыз.
Азыктар эскирбеш үчүн абанын жеткиликтүү желдетүүсү маанилүү. Азыктар менен ашыкча толтуруу абанын эркин желдетүүсүнө тоскоолдук берет жана электр
энергиянын кошумча коротмосун алып келет.
Эшикти жабык бойдон кармаңыз.
Эшикти зарыл болгондо гана ачыңыз, унутпаңыз, эшиктин ар бир ачылуусу муздаткычтын ичиндеги температурасын бир нече жогорулатат жана мурунку тем-
пературасын калыбына келтириш үчүн электр энергиясы коротулат. Муздаткычтын эшиктериндеги тыгыздаткыч резина таза бойдон сакталып, жабылганда
корпуска тыгыз тургандыгын текшериңиз, бул муздак абанын агып кетпешинен сактайт.
Ысык тамактарды койбоңуз.
Муздаткычтын ичине салынган ысык тамактар температурасын бир нече даражага көтөрөт. Тамактарды бөлмө температурасына чейин муздатыңыз, андан
кийин муздаткычтын ичине салыңыз.
Добавить комментарий