
17
2. ЖЕТКИРҮҮ ТОПТОМУ
- Муздаткыч - 1 д.
- Пайдалануу боюнча нускама - 1 д.
- Тамчы лоток - 1 д.
- Айнек текче - 2 д.
- Жашылча жана жемиштер үчүн контейнер - 1 д.
- Муз үчүн калып - 1 д.
- Жумуртка табагы - 1 д.
1. Тоңдургуч бөлүмү
2. Негизги текчелер
3. Жашылча-жемиш контейнери
4. Жөндөлүүчү буттар
5. Температура контроллери
6. Эшиктин текчелери
7. Эшик
3. ТАШЫП АЛЫП ӨТҮҮ
Шайманды ташыганда же көтөргөндө аны түбүнөн кармап тик абалда көтөрүңүз. Муздаткычты 45° дан ашык кыйшайтпаңыз. Эч качан аны түбүн өйдө каратып
оодарбаңыз. Муздаткычты капталдагы же арткы бети менен койбоңуз. Капталдап, арткы же алдыңкы бетинде жаткан муздаткычты ташыбаңыз. Көтөргөндө
эшигин жардам катары колдонбоңуз. Бул шайманга зыян келтириши мүмкүн. Муздаткычтын эки арткы буттары дөңгөлөк менен жабдылган. Шайманды ашка-
нада жылдырып, ордуна так орнотуш үчүн, муздаткычты бир аз арткы дубал жака эңкейтиңиз жана жылдырыңыз. Муздаткычтын эки алдыңкы буттарын
бийиктиги боюнча жөндөсө болот. Шайманды так тегиздеш үчүн, алдыңкы буттарын оңго же солго бурап коюңуз, шайман жерде бекем турсун.
4. МУЗДАТКЫЧТЫ ОРНОТУУ
Туура орнотуу муздаткычтын ишенимдүү эффективдүү иштешин камсыз кылуу үчүн керектүү. Муздаткычты түбүнөн кармап көтөрүш керек. Эшигинен же карма-
гычынан тартпаңыз. Өндүрүүчүнүн кепилдиги эшигин ташуудан чыккан бузулуусун жаппайт. Мындай жагдайдан чыккан тейлөөнү ээси өзү төлөйт.
ЭШИГИН КОТОРУУ
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Башка эшик тагыш үчүн квалификациялуу адиске кайрылуу сунушталат. Эгер сиз муздаткычтын эшигин өзүңүз алмаштырам
десеңиз, төмөндө берилген көрсөтмөнүн сунуштарын аткарыңыз.
Керектүү аспаптар: айкаш бурагыч, жалпак бурагыч, алты бурчтуу ачкыч.
1. Муздаткычты электр тармагынан өчүрүңүз.
2. Муздатуучу бөлүмдөн бардык азыктарды алып чыгыңыз.
3. Муздаткычтын үстүндөгү пластик жабдыкты бурап алып салыңыз.
4. Муздаткычтын өйдөңкү жана ылдыйкы илмектерди бурап алып салыңыз, андан кийин эшикти кылдаттык менен чечип
салыңыз.
5. Ылдыйкы илмекти карама - каршылыгындагы илмекке бурап коюңуз, муздаткычтын эшигин орнотуңуз жана үстүңкү ил-
мекти бурамалар менен бекемдетиңиз.
6. Пластик жабдыкты муздаткычтын үстүңкү илмегине бурап салыңыз.
7. Эшик туура орнотулгандыгын жана тыгыздаткычтар бардык тарабынан жабык болгонун текшериңиз.
8. Муздаткычтын туруктуу абалын камсыз кылуу үчүн, буттардын бийиктигин жөндөңүз.
ЖЕЛДЕТҮҮ
-Муздаткыч компрессору менен конденсаты иштөө учурунда ысыйт, ошондуктан шайманга жеткиликтүү желдетүүнү камсыз
кылыш керек.
-Муздаткычты кадимки нымдуулуктагы жакшы желдетилген жерге орнотуш керек. Муздаткычты нымдуулугу жогору болгон бөлмөлөрдө, мисалы, ванна
бөлмөсүндө, жер тамда орнотконго тыюу салынат.
-Орнотууда, шаймандын капталдарында минималдуу боштуктарды (3 - 5 см), ал эми үстүнкү жагын 10 см камсыз кылыңыз, абанын эркин айлануусу үчүн.
-Жылуулук булактарынын жанында койбоңуз.
-Муздаткычты күндүн түз нурлары тийген жерге же жылуулук булактарынын (ашкана мештин, кызарткыч мештин, каминдин) жанында койбоңуз.
ТЕГИЗДӨӨ
Муздаткычтын эффективдүү иштеши үчүн, анын тегиз жерде орнотулганы маанилүү. Муздаткычты ордуна орноткондон кийин, анын тууралоочу буттарын
айландырып, анын ордун жөндөңүз. Муздаткычтын артка эңкейиши 5° дан ашпашы керек.
ЭЛЕКТР ТАРМАГЫНА КҮЙГҮЗҮҮ
Муздаткыч классы 1 электр тогунан сактануу даражасына ылайык даярдалган жана жерге туташуусу бар эки уюлдуу розетканын жардамы менен куйгүзүлөт.
Электр тармагына күйгүзүүдөн мурун ынаныңыз:
-тармактын чыңалуусу муздаткычтын арткы бетиндеги атайын тактайчада көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келет;
-электр розеткасынын жерге туташуусу бар байланыш электр тармактын электр менен камсыздоо кабелдин жерге туташуусу бар зымга туташтырылган
(туташтыруучу зым 10 А дан кем эмес токко эсептелген болушу керек);
-розетка менен сайгычы бир түрдө; эгер сайгычы розеткага дал келбесе, розетканы камсыздоо зымдын сайгычына ылайык кылып алмаштырыш керек (буну
квалификациялуу электрик жасаш керек).
Муздаткыч розеткасына ар дайым жетет тургандай кылып орнотулуш керек. Берилген колдонмодо көрсөтүлгөн, кубаттуу тиричилик шаймандарынын коопсуз-
дук талаптарын бузуу менен туташтырылган муздаткыч кооптуу. Өндүрүүчү белгиленген орнотуу стандарттарын сактабагандыктан ден-соолукка жана мүлккө
келтирилген зыян үчүн жооптуу эмес.
1
2
3
4
5
6
7
Добавить комментарий