Centek CT-1722

Данная инструкция на русском языке предназначена для холодильника Centek CT-1722, описывает принцип работы и основные моменты эксплуатации устройства. Перед первым включением рекомендуется внимательно изучить данное руководство.

Инструкция для холодильника представлена в формате PDF, который поддерживается на всех современных устройствах, так что сложностей с открытием файла возникнуть не должно. Но если открыть документ не получается, установите любую программу для чтения PDF файлов, например Acrobat Reader.

Чтобы распечатать инструкцию, нужно ее сначала скачать, для этого кликните по кнопке «Скачать инструкцию», файл откроется в новой вкладке, затем нажмите комбинацию клавиш Сtrl + P и из открывшегося диалогового окна, отправьте документ на печать.

Страницы: Стр:
15
КЫРГЫЗЧА
Урматтуу керектөөчү!
TM CENTEK өнүмдөрүн тандаганыңыз үчүн рахмат.
Биз анын иштешине, колдонуу эрежелерин туура
аткарсаңыз, кепилдик беребиз.
Муздаткыч бул тиричилик шайманы жана өнөр жай максаттар
үчүн колдонулбайт!
Берилген шайман үй тиричиликте жана ушул сыяктуу чөйрөдө
колдонууга арналган, атап айтканда:
дүкөндөрдөгү, кеңселердеги жана башка өнөр жай
чөйрөлөрүндөгү кызматкерлер үчүн ашкана аянтчаларында;
айыл чарба фирмаларында;
мейманканада, мотелде жана башка турак жай инфраструкту-
рада кардарлар үчүн;
жеке пансионаттарда.
ШАЙМАНДЫН МАКСАТЫ: Муздатуу (жана (же тоңдуруу) жана
төмөн температурада жылуулук изоляцияланган камерада сак-
тоо үчүн.
1. КООПСУЗДУК ЧАРАЛАР
Коопсуздукту камсыз кылуу жана шаймандын иштөө мөөнөтүн
узартуу үчүн шайманды колдонуудан мурун берилген колдон-
мону жана белгилерди кунт коюп окуп чыгыңыз жана төмөнкү
коопсуздук көрсөтмөлөрүн аткарыңыз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Берилген коопсуздук чараларын сактабоо кырсыктарга алып
келиши мүмкүн.
1. 220-240 В, 50 Гц өзгөрмө токтун электр кубатын гана
колдонуңуз.
2. Муздаткычтын ичинде тез күйүүчү заттарды сактабаңыз
(бензин, желим, эфир ж.б.).
3. Муздаткычтын үстүнө суу төкпөңүз, анткени бул сиз үчүн
кооптуу болушу мүмкүн, жана ошондой эле муздаткычтын
бузулуусуна алып келиши мүмкүн.
4. Эгер сиз шайманды колдонуу учурунда адаттагыдан башкача
ызы - чуу, жыт же түтүн сезип, же шайманга мүнөздүү эмес
белгилерди байкап калсаңыз, кубатты өчүрүп, тейлөө борбо-
рунун өкүлү менен байланышууңуз зарыл.
5. Камсыздоо кабелин бузуп албаңыз:
6. Камсыздоо кабелин алмаштырууга тыюу салынат.
7. Камсыздоо кабелдин үстүнө буюмдарды койбоңуз.
8. Камсыздоо кабелди жылуулук булактарынан алыс кармаңыз.
9. Муздаткычты тармактан өчүрүп жатканда электр зымынан
эмес, сайгычынан кармап сууруңуз.
10. Муздаткыч бөлмөлөрдүн ичинде колдонгонго иштелип чык-
кан. Эч кандай шарттарда муздаткычты сыртта колдонбоңуз.
11. Муздаткыч берилген көрсөтмөгө ылайык азыктарды сакташ
үчүн үйдүн ичинде колдонулушу керек.
12. Балдарга кароосуз шайман менен колдонууга уруксат
бербеңиз.
13. Муздаткыч бул чоң көлөмдөгү тиричилик шайманы, аны та-
шуу үчүн кеминде эки киши талап кылынат.
14. Муздаткычты ным колдоруңуз менен кармабаңыз.
15. Өрт чыгып кетпеши үчүн же шайманды бузуп албаш үчүн,
узарткычтарды, үч тешиктүү розеткаларды жана адаптер-
лерди колдонбоңуз . Адаптерлерди жана узарткычтарды,
ошондой эле кесилиши колдонулуп жаткан электр кубатту-
улугуна туура келбеген туташтыргыч кабелди колдонуудан
келип чыккан өрт үчүн өндүрүүчү жооптуу эмес.
16. Муздаткычты орноткондо тармактын мүнөздөмөлөрүн жана
муздаткычтын арткы тарабындагы атайын тактайчада
жазылган электр параметрлеринин шайкештигин текшериш
керек.
17. Сайгычты розеткадан сууруп жатканда, зымынан
кармабаңыз: бул аябай кооптуу.
18. Шайманды розеткага аябай жакын жылдырбаңыз.
19. Эгерде электр зымы бузулган болсо, аны атайын арналган
зымга же ыйгарым укуктуу тейлөө борбору тарабынан бе-
рилген топтомго алмаштырылышы керек. Кабелдин алмаш-
тыруусун квалификациялуу кызматкер гана жасаш керек.
Шайманды, иштеп жаткан коргоочу түзмөгү бар (автоматтык
өчүргүч, эригич сактандыргыч ж.б.) электр тармагына
туташтырыңыз.
20. Ички муздатуу беттерге колуңузду тийгизбеңиз.
21. Ар кандай тазалоо же техникалык тейлөө иштерин
жүргүзүүдөн мурун муздаткычты тармактан ажыратыңыз.
Термостаттын кармагычын «ӨЧҮК» абалына орнотуу электр
коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жетишсиз.
22. Муздаткычтын түзүлүшүн өзгөртүүгө жана кепилдик оңдоо
үчүн өндүрүүчү тарабынан уруксат берилбеген адамдардын
кийлигишүүсүнө тыюу салынат.
23. Өндүрүүчү тарабынан сунушталбаса, тамак азыктарды сак-
тай турган жерде электр шаймандарды колдонбоңуз.
24. Муздаткычтын ичинде күйүүчү газдарды же суюктуктарды
сактабаңыз.
25. Тоңдургуч камерада айнек бөтөлкөлөр менен суюктугу бар
банкаларды сактабаңыз.
26. Эгер Сиз шайманды башка адамга колдонууга бергиңиз
келсе, сураныч, анда аны берилген колдонмосу менен кошо
өткөрүп бериңиз.
КОЛДОНУУ БОЮНЧА СУНУШТАР
Бир эле электр кубаттуулук чынжырына өтө көп электр шай-
мандарды туташтырбаңыз, бул өрт чыгышына алып келиши
мүмкүн.
Эгерде сиз муздаткычты узак убакытка чейин колдонууну
ойлонбосоңуз, анын тармак сайгычын розеткадан чыгарып
коюңуз.
Температурасы төмөн бөлүмүнүн ички дубалдарына же анда-
гы тамак - ашка суу колдоруңузду тийгизбеңиз.
АЛДЫН - АЛА ЭСКЕРТҮҮ!
Муздаткычтын муздатуусун муздатуучу зат камсыз кылат, аны
атайын жабдуулар менен толтурат. Муздаткычтын арткы бе-
тиндеги муздатуучу заттын айлануу түтүктөрүн бузбаңыз.
Берилген өнүмдүн курамында айлана - чөйрөгө зыяны жок,
бирок күйүүчү болуп эсептелинген изобутан деген жаратылыш
газы бар муздатуучу зат бар. Муздаткычты ташыганда же
орноткондо абайлаш керек, муздатуучу заттын айлануусунун
кандайдыр бир бөлүгүн бузуп албаш үчүн.
Түтүктөрдөн чыккан муздатуучу зат күйүп кетиши мүмкүн же
сиздин ден-соолугуңузга зыян келтириши мүмкүн. Эгерде
муздатуучу заттын кандайдыр бир бөлүгү бузулган болсо, ар
кандай түрдөгү ачык жалындан же өрттөнүп кетиши мүмкүн
булактардан алыс болуңуз, жана ошондой эле муздаткыч тур-
ган бөлмөнү бир нече мүнөт шамалдатыңыз.
Страницы: Стр: 16
Комментарии (0)

Добавить комментарий

Другие Холодильники Centek