
35
•Шор же кычкыл азыктарды иштетүүдөн кийин
блендер насадкасын (1) же майдалатуучу
бычагын (9) токтоосуз чайкоо зарыл.
•Сабиз же кызылча катары кээ бир өтө
боёчу сапаты бар азыктарды иштеткенде
насадкалар жана идиштер боелуп калышы
мүмкүн, боекту өсүмдүк майына малынган
кургак чүпүрөк менен кетирсеңиз болот,
тазалагандан кийин бөлүктөрдү нейтралдуу
жуучу каражат колдонуп жылу сууга жууп
алыңыз.
•Колдонгондон кийин азыктарга тийген
насадкаларын нейтралдуу жуучу каражат
колдонуп жылу сууга жууп, кургатып алыңыз.
Венчик насадкасын (12) толугу менен жууп,
блендер насадкасынын (1) астынкы жагын
гана жууңуз.
•Мотор сапсалгысын (4) жана редукторло-
рун (8, 11) ар кандай суюктуктарга же идиш
жуучу аспапка салууга жана суу агымынын
астында жууганга тыюу салынат.
САКТОО
•Шайманды узакка чейин сактоого койгондун
алдында аны тазалап, жакшылап кургатып
алыңыз.
•Электр шнурун мотор сапсалгысынын (4)
үстүнө түрбөңүз.
•Блендер топтомун балдар жана жөндөм-
дүүлүгү төмөн болгон адамдар колу
жетпеген кургак салкын жерлерде сактаңыз.
ЖАБДЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
Мотор сапсалгысы – 1 даана.
Блендер насадкасы – 1 даана.
Венчиктин редуктору – 1 даана.
Венчик насадкасы – 1 даана.
Редуктор капкагы – 1 даана.
Майдалатуучу бычак – 1 даана.
Чоппердин табагы – 1 даана.
Чыны – 1 даана.
Колдонмо – 1 даана.
ТЕХНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨСҮ
Кубаттандыруу чыңалуусу: 220-240 В ~ 50-60 Гц
Номиналдуу иштетүү кубаттуулугу: 850 Вт
Максималдуу кубаттуулугу 1250 Вт
УТИЛИЗАЦИЯЛОО
Айлана чөйрөөнү коргоо максатында шайман
менен азыктандыруучу элементтердин (эгерде
топтомго кирсе) кызмат мөөнөтү бүткөндөн
кийин турмуш-тиричилик калдыктары
менен бирге таштабаңыз, шайман менен
азыктандыруучу элементти андан ары
утилизациялоо үчүн адистештирлиген
пункттарга бериңиз.
Шаймандарды утилизациялоодон пайда болгон
калдыктарды милдеттүү түрдө чогултуп, андан
соң белгиленген жолунда утилизациялоо зарыл.
Бул шайманды утилизациялоо жөнүндө
кошумча маалымыт алуу үчүн жергиликтүү
өкмөткө, турмуш-тирчилик калдыктарды
утилизациялоо кызматына же бул шайманды
алган дүкөнгө кайрылыңыз.
Өңдүрүүчү шаймандардын жалпы иштөө
принциптерине таасир этпеген дизайнин,
конструкциясын жана техникалык мүнөздө-
мөлөрүн алдын ала эскертпей өзгөртүү
укугун сактайт, ошол себептен колдонмо
менен шаймандын маанилүү эмес
айырмачылыктар болуу мүмкүн. Колдонуучу
ушундай келишпегендиктерди тапса, ал
жөнүндө info@vitek.ru электрондук почтасына
жазып, шаймандын жаңырланган версиясын
алса болот.
Кызмат мөөнөтү – 3 жыл
Кепилдик
Кепилдик берүү шарттары тууралуу толук
маалыматтар буюмду саткан сатуучудан алууга
болот. Кепилдик шарттарына ылайык талап
кылып сатылган товарга чек же дүмүрчөктү
көрсөтүү керек.
IM VT-8538.indd 35 11.01.2019 17:26:49
Добавить комментарий