
31
•Блендер саптамасынын (1) иштеген
жагын гана жууп, сырткы бетин
нымдуу чүпүрөк менен сүртүңүз.
Блендер саптамасын (1) сууга же башка
суюктуктарга толугу менен салууга
тыюу салынат.
•Насадкаларды жана идиштерди идиш
жуучу аспапка салбаңыз.
Иштетүүнүн мөөнөтү
Блендер топтому бат жана эффективдүү
иштөөгө мүмкүндүк берет, бирок иштетүү
мөөнөтүн блендер насадкасы (1) менен
иштеткенде 25 секундадан, венчик насадкасы
(9) менен – 1 минутадан, чоппердин табагында
(6) катуу азыктарды майдалатууда –
25 секундадан ашырбаганы зарыл. Иштетүү
циклдердин арасында 4 минутадан кем эмес
мөөнөткө тыныгууларды жасаңыз.
БЛЕНДЕР НАСАДКАСЫН КОЛДОНУУ
Чечилме блендер насадкасын (1) жемиш пюре,
балдардын тамагын, соустарды, майонезди
жасоо үчүн, ар кыл ингредиенттерди кошуу,
коктейлдерди жасоо үчүн (жетишерлик
ширеси бар жемиштерди жана жашылчаларды
иштетүү үчүн) колдонуңуз.
ЭСКЕРТҮҮ: Блендер насадкасын (1) орно-
туудан мурун электр шнурдун сайгычы электр
розеткасына сайылбаганын текшериңиз.
– Чечилме блендер насадкасын (1) мотор
сапсалгысына (2) орнотуп, аны саат
жебесинин багытына каршы токтогонуна
чейин бурап, насадка бекем бекитилгенин
текшерип алыңыз.
– Тармактык шнурдун айрысын розеткага
сайыңыз, ошондо индикатор (4) кызыл
болуп күйөт.
– Блендер саптамасын (1) сиз майдалап/
кошо турган азыктары бар идиштин ичине
салыңыз.
Эскертүү: Азыктарды өлчөмдүү чынысына
(10) салсаңыз болот.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Азыктарды иштетүүдө түзмөктү тикесинен
кармаңыз.
– Бекитме баскычын (3а) басып туруңуз.
– Түзмөктү иштетүү жана саптаманын
оптималдуу айлануу ылдамдыгын таңдоо
үчүн (3) баскычын басыңыз, ошондо
индикатор (4) көк болуп күйөт.
– Баскычты (3) басып, сиз саптаманын
айлануу ылдамдыгын жөнгө салсаңыз
болот. Суюк же катуу азыктарды чогу
иштетүү үчүн саптаманын ылайыктуу
айлануу ылдамдыгын таңдаңыз.
Эскертүү:
– Азыктар идиштин ичине түзмөктү
иштетүүдөн мурун салынат. Итетилүүчү
азыктардын көлөмү салынган идишинин
көлөмүнүн 2/3 ашпаганы зарыл.
– Майдалатуу/аралаштыруу процессти
баштоодон мурун жемиштерди кабыгынан
тазалап, данек катары желбеген
бөлүктөрүн алып, жемиштерди 2х2 см
жакын бөлүктөргө кесүү зарыл.
– Шайманды колдонуудан кийин баскыч (3)
менен баскычты (3а) бошотуп, тармактык
шнурунун сайгычын электр розеткасынан
чыгарыңыз, чечилме блендер саптамасын (1)
саат жебесинин багыты боюнча бурап
ажыратыңыз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР!
– Шайман иштеп турганда блендер
насадкасын (1) чечүүгө тыюу салынат.
– Миздерин бузбоо үчүн дан азыктары, күрүч,
приправалар, кофе, быштактын катуу
сорттору, тоңдурулган азыктар катары
өтө катуу азыктарды иштетпеңиз.
– Блендер насадкасын (1) иштеткенде
азыктарды майдалатууда катаалдыктар
болсо, мүмкүн болсо бир аз суюктукту
кошуңуз.
ВЕНЧИКТИ КОЛДОНУУ
Венчик насадкасын (9) крем, жумуртканын
агын чалуу, бисквит камырын жасоо же даяр
таттуу тамактарды аралаштыруу үчүн үана
колдонуңуз.
ЭСКЕРТҮҮ: Венчикти (9) жана редукторду
(8) орнотуудан мурун электр шнурдун
сайгычыэлектр розеткасына сайылбаганын
текшериңиз.
•Венчик насадкасын (9) венчиктин
редукторуна (8) сайыңыз.
•Венчиктин редукторун (8) мотор
сапсалгысына (2) сайып, аны саат
жебесинин багытына каршы бурап,
редуктору (8) жана венчиги (9) бекем
бекитилгенин текшерип алыңыз.
•Тармактык шнурдун айрысын розеткага
сайыңыз, ошондо индикатор (4) кызыл
болуп күйөт.
IM VT-8536.indd 31 25.01.2019 14:05:56
Добавить комментарий