
29
БЛЕНДЕР ТОПТОМУ VT-8536
Блендер топтом катары сатылып, суюк
жана катуу азыктарды чалуу, аралаштыруу,
майдалатуу жана кошуп иштетүү үчүн
арналган.
СЫПАТТАМА
1. Чечилме блендер насадкасы
2. Мотор сапсалгысы
3. Иштетүү/айлануу ылдамдыгын таңдоо
баскычы
3а. Баскычты (3) бекитүү баскычы
4. Электр тармагына кошулуунун/блендер
иштегенинин индикатору
5. Чоппердин редуктор капкагы
6. Чоппердин табагы
7. Майдалатуучу бычак
8. Венчик насадкасынын редуктору
9. Венчик насадкасы
10. Өлчөмдүү чынысы
КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ
Электр шайманды пайдалануудан мурда ушул
колдонмону көңүл коюп окуп-үйрөнуп, аны
маалымат катары сактап алыңыз. Шайманды
тике дайындоо боюнча гана, ушул колдонмодо
жазылганга ылайыктуу колдонуңуз.
Шайманды туура эмес пайдалануу анын
бузулуусуна, колдонуучуга же колдонуучунун
мүлкүнө зыян келтирүүгө алып келиши
мүмкүн.
•Шайманды электр тармагына туташтыруу-
дан мурун чыңалуусу үйүңүздөгү электр
тармагынын чыңалуусуна ылайык болгонун
текшерип алыңыз.
•Электр тармагына кошулган шайманды эч
качан кароосуз калтырбаңыз.
•Насадкаларды алмаштыргандан мурун же
колдонгондон кийин ар дайым шайманды
электр тармагынан суруңуз.
•Шайманды колдонгондон мурун насадка-
лары туура орнотулуп, бекем бекитилгенин
текшерип алыңыз.
•Насадкалары орнотулбаган мотор
сапсалгысын электр тармагына сайбаңыз.
•Насадкалары жана иштетиле турган
азыктары жок шайманды иштетүүгө тыюу
салынат.
•Шайманды имараттардын сыртында колдо-
нууга тыюу салынат.
•Ысык азыктарды өлчөмдүү чынысына
же чоппердин табагына салуудан мурун
муздатуу зарыл.
•Чоппердин табагын жана өлчөмдүү
чынысын микротолкундуу мешине салууга
тыюу салынат.
•Жыйынтыгына кирген насадкаларын гана
колдонуңуз.
•Шайманды биринчи колдонгондон мурун
азыктарга тийе турган чечилме насадкаларын
жана идиштерин жакшылап жууп алыңыз.
•Чоппердин табагын тегиз туруктуу беттин
үстүнө орнотуңуз.
•Азыктарды чоппердин табагына шайманды
иштетүүдөн мурун салыңыз.
•Чоппердин табагын азыктар менен
ашыра толтурбай, куюлган суюктуктардын
деңгээлин байкап туруңуз.
•Чоппердин майдалатуу бычагынын жана
блендер насадкасынын бычагынын кесүүчү
чектери абдан учтууболуп, коопсуздука
коркунучту жаратат. Насадкаларды абайлап
колдонуңуз!
•Чопперди иштеткенде майдалатуучу
бычагынын айлануусуна тоскоолдук пайда
болсо, шайманды электр тармагынан
ажыратып, бычактын айлануусуна тоскоолдук
кылган азыктарды абайлап чыгарып алыңыз.
•Майдалатуучу бычагы толугу менен токтогон-
дон кийин гана чоппердин идишинен азык-
тарды же суюктуктарды чыгарсаңыз болот.
•Шаймандын айланып турган бөлүктөрүн
тийбеңиз. Чачыңыз же кийимдин салаңдап
турган элементтери блендер насадкасынын
бычагы же венчиги айлануучу зонасына
түшкөнүнөн этият болуңуз.
•Шайманды тазалаган жана колдонбогон
учурларда аны ар дайым электр тармагынан
суруңуз.
•Кубаттуучу сайгычын электр розеткасынан
чыгарганда сайгычынан кармаңыз.
•Электр шнурун тартпай, чыйратпаңыз.
•Насадкаларды жана идиштерди идиш
жуучу аспапка салбаңыз.
•Шайманды ысык беттердин (газ же электр
плитасы, демдеме меш катары) жанында
колдонбоңуз.
•Электр шнуру ысык нерселерди жана
эмеректин учтуу кырларын тийип турганына
жол бербеңиз.
IM VT-8536.indd 29 25.01.2019 14:05:56
Добавить комментарий