
28
куюучу тешиктин капкагын (2) ачып, үтүктү
көмкөрүп калган суусун төгүп алыңыз.
ҮТҮКТӨӨ ТЕМПЕРАТУРАСЫ
Үтүктү иштеткенден мурун анын таманы (13) жана
суу чукуру (10) таза болгонун текшерүү үчүн шай-
манды бир чүпүрөктүн үстүндө иштетип көрүңүз.
•
Үтүктөгөндөн мурун ар нерсенин ылайыктуу
үтүктөө температурасы жазылган белгисин ар
дайым карап алыңыз.
•
Кийимдин ярлыгында белгиси бар болсо ,
аны үтүктөсө болбойт.
•
Эгерде үтүктөө жөнүндөгү маалымат белгиси
жок болуп, сиз кездеменин түрүн билсеңиз,
үтүктөө температурасын таңдоо үчүн табли-
цаны карап алыңыз.
Үтүктөө температурасын таңдоо таблицасы
Белгилер Кездеменин түрү
(температура)
үтүктөсө болбойт
•синтетика, нейлон,акрил,
полиэстер (төмөн температурасы)
•• жибек/жүн (орточо
температурасы)
••• кебез (жогору температурасы)
МАХ зыгыр (жогору температурасы)
•
Таблица түрсүз кездемелерге гана ылайык.
Кездеменин түрү башка болсо (гофреленген,
рельефтүү ж. б.), аны төмөн температурада
үтүктөсө жакшы болот.
•
Биринчиден кийимди үтүктөө температура-
сына ылайыктуу бөлүштүрүп алыңыз: син-
тетиканы синтетикага, жүндү жүнгө, кебезди
кебезге ж. б.
•
Үтүк муздаганынан бат ысыйт. Ошол үчүн
биринчиден төмөн температурадагы кийим-
дерди (мисалы, синтетикалык кездемелерди)
үтүктөө зарыл. Андан кийин үтүктөө темпера-
турасы жогоруураак нерселерди (жибек, жүн)
үтүктөп баштаңыз. Кебез жана зыгыр кездеме-
лерди эң акырында үтүктөсөңүз болот.
•
Кездеме аралашма жиптерден жасалган
болсо, эң төмөнкү үтүктөө температурасын
аныктоо зарыл (мисалы, кездеме 60% полиэ-
стерден жана 40% кебезден жасалган болсо,
аны полиэстерге ылайык температурасында
«•» үтүктөө зарыл).
•
Сиз кездеменин составын аныктай албасаңыз,
кийимдин кийип турганда көзгө анча
көрүнбөгөн жерин табып тажрыйба ыкмасы
аркылуу үтүктөө температурасын аныктаңыз
(ар дайым эң төмөнкү температурадан баш-
тап, аны керектүү жыйынтыкка жеткенге чейин
аз-аздан көтөрүп түрүңуз).
•
Вельвет жана башка тез жалтырап баштаган
кездемелерди үтүктөгөндө үтүктү бир тара-
бына (түгү боюнча) жылдырып бир аз басымы
менен үтүктөңүз.
•
Синтетика жана жибек кездемелерде жалты-
раган тактарды калтырбоо үчүн аларды ички
жагынан үтүктөө зарыл.
ҮТҮКТӨӨ ТЕМПЕРАТУРАСЫН КОЮУ
•
Үтүктү түбүнө (9) коюңуз.
•
Кубаттуучу сайгычын электр розеткасына
сайыңыз.
•
Температура жөндөгүчүн (11) бурап, керектүү
үтүктөө температурасын коюңуз: «•», «••»,
«•••», «МАХ». (кездеме түрүнө карата), ошондо
индикатору (7) күйөт.
•
Үтүктүн таманы (13) таңдалган температура-
сына чейин ысыганда, индикатор (7) өчөт, эми
үтүктөп баштасаңыз болот.
Эскертүү:
– Сиз жогору температурасында үтүк-
төгөн учурунда төмөн температурасына
өтүү зарыл болсо, тамандын температу-
расы төмөндөгөнүн күтүп, индикатору (7)
күйгөндө гана үтүктөсөңүз болот.
СУУ ЧАЧЫРАТКЫЧ
•
Сиз суу чачыраткычтын баскычын (5) бир нече
жолу басып, кездемени нымдатсаңыз болот.
•
Чукурунда (10) суусу жетиштүү болгонун тек-
шерип алыңыз.
КУРГАК ҮТҮКТӨӨ
•
Үтүктү түбүнө (9) коюңуз.
•
Кубаттуучу сайгычын электр розеткасына
сайыңыз.
•
Үзгүлтүксүз буу берүүнүн жөндөгүчүн (3) –
буу берүүсү өчүрүлгөн абалына коюңуз.
•
Температура жөндөгүчүн (11) бурап, керектүү
үтүктөө температурасын коюңуз: «•», «••»,
«•••», «МАХ». (кездеме түрүнө карата), ошондо
индикатору (7) күйөт.
•
Үтүктүн таманы (13) таңдалган температура-
сына чейин ысыганда, индикатор (7) өчөт, эми
үтүктөп баштасаңыз болот.
•
Үтүктү колдонгондон кийин температура
жөндөгүчүн (11) «MIN» абалына коюңуз.
•
Сайгычын электр розеткасынан ажыратып,
үтүк толугу менен муздаганына чейин күтүңүз.
БУУ МЕНЕН ҮТҮКТӨӨ
Буу менен үтүктөгөндө үтүктөө температурасын
«•••», «МАХ» абалдарына коюу зарыл.
•
Үтүктү түбүнө (9) коюңуз.
Добавить комментарий