
26
ҮТҮК VT-8348
Үтүк кийим, шейшептерди үтүктөө жана кездеме-
лерди тик буулантуу үчүн колдонулат.
СЫПАТТАМА
1. Суу чачыраткыч
2. Суу куюучу тешиктин капкагы
3. «Бууну туруктуу берүү» жөндөгүчү
4. Бууну кошумча берүүнүн баскычы
5. Суу чачыраткычтын баскычы
6. Тутка
7. Жылытуучу элементтин/автоөчүрүүнүн
күйүү/өчүү индикатору
8. Өзүн өзү тазалоо баскычы
9. Үтүктүн түбү
10. Суу куюлуучу чукур
11. Температуранын жөндөгүчү
12. Суунун максималдуу деңгээлинин белгиси
13. Үтүктүн таманы
14. Өлчөмдүү чынысы
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Кошумча коргонуу үчүн электр тармагында
номиналдуу иштеткен тогу 30 мА ашырба-
ган коргоп өчүрүүчү аспабын орнотуу максатка
ылайык, аспапты орнотуу үчүн атайын адиске
кайрылыңыз.
КООПСУЗДК ЧАРАЛАРЫ
Электр шайманды пайдалануудан мурун колдон-
мону көңүл коюп окуп-үйрөнүп, маалымат катары
сактап алыңыз.
Шайманды тике дайындоо боюнча гана, ушул
колдонмодо жазылганга ылайыктуу колдонуңуз.
Шайманды туура эмес пайдалануу анын бузулу-
усуна, колдонуучуга же колдонуучунун мүлкүнө
зыян келтирүүгө алып келиши мүмкүн.
•
Шаймандын иштеткендин алдында иштөө
чыңалуусу электр тармагындагы чыңалуусуна
ылайык болгонун текшериңиз.
•
Электр шнуру «европалык сайгычы» менен
жабдылган; анны бекем жердетүү контакты
бар розеткасына туташтырыңыз.
•
Өрт коркунучун жоюу үчүн шайманды
электр розеткасына туташтырганда кошуучу
түзүлмөлөрдү колдонбоңуз.
•
Электр тармагы ашыра жүктөлгөнгө жол
бербөө үчүн пайдалануу кубаттуулугу чоң
шаймандардын бир нечесин бир убакытта
иштетпеңиз.
•
Үтүктү имараттардын сыртында же нымдуу-
лугу жогору болгон имараттарда иштетпеңиз.
•
Үтүктү тегиз туруктуу беттин үстүнө коюп же
туруктуу үтүктөө тактайын колдонуңуз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Үтүктү иштеткенде анын
беттери ысыйт. Күйүк алууга жол бербөө
үчүн териңиздин ачык жерлерине үтүктүн
ысык беттери же чыгарган буусу тийгенинен
сакталыңыз.
•
Суу куюлуучу чукурга жыттуу суюктуктарды,
сиркени, крахмал эритмесин, кебээрди
кетирүүчү реагенттерди, химиялык каражат-
тарды ж. б. куюуга тыюу салынат.
•
Шайманды аэрозолдорду чачкан же жеңил
жалындап кетүүчү суюктуктар колдонулган
жерлерде колдонбоңуз.
•
Үтүктүн тамандын бузулуусуна жол бербөө
үчүн металлдан жасалган сыдырмалары же
топчулары бар нерселерди үтүктөгөндө этият
болуңуз.
•
Электр шнуру үтүктөгүч тактанын үстүндө бол-
богонун же үтүктүн ысык беттерине тийбеге-
нин байкап туруңуз.
•
Электр тармагына кошулган шайманды каро-
осуз калтырбаңыз. Иштетпей турган же муз-
датып турган учурларда үтүктү түбүнө (тик
абалына) коюңуз.
•
Үтүктү электр тармагына кошуу/ажыратуунун
алдында температура жөндөгүчүн минимал-
дуу абалына коюп, бууну үзгүлтүксүз берүүнү
өчүрүп алыңыз.
•
Үтүктү иштетпеген убакытта аны милдеттүү
түрдө электр тармагынан ажыратыңыз.
•
Суу куюлуучу чукурун суу менен толтурганда
кубаттуучу сайгычын ар дайым электр розет-
касынан ажыратыңыз.
•
Үтүктөгөн учурунда суу куюлуучу тешигинин
капкагы жабык болуу зарыл.
•
Үтүктү электр тармагынан сурганда аны
шнурду кармап эч качан тартпаңыз, сайгычы-
нан кармап суруңуз.
•
Ток урбас үчүн үтүктү, электр шнурун жана
кубаттуучу сайгычын сууга же башка суюктук-
тарга салбаңыз.
•
Үтүктү сактоочу жайына салгандан мурун аны
муздатып, ичинен калган суусун төгүп алыңыз.
•
Үтүктү электр тармагынан ажыраткандан
кийин гана чукурунан суусун төгүңүз.
•
Шайманды мезгилдүү түрдө тазалап туруңуз.
•
Шаймандын корпусун жана сайгычын суу
колуңуз менен тийбеңиз.
•
Шайман иштеп турган учурда балдарга үтүктүн
корпусун жана электр шнурун тийүүгө уруксат
бербеңиз.
•
Балдар түзмөк менен ойногонго жол бербегени
үчүн аларга көз салуу зарыл.
•
Балдардын коопсуздугу үчүн таңгак катары
колдонулган полиэтилен баштыктарды кароо-
суз таштабаңыз.
Көңүл буруңуз! Полиэтилен баштыктар же
таңгак пленкасы менен ойногонго балдарга
Добавить комментарий