
29
зарыл болсо, тамандын температурасы
төмөндөгөнүн күтүп, индикатору (7)
күйгөндө гана үтүктөсөңүз болот.
СУУ ЧАЧЫРАТКЫЧ
• Сиз суу чачыраткычтын баскычын (5) бир нече
жолу басып, кездемени нымдатсаңыз болот.
• Чукурунда (10) суусу жетиштүү болгонун тек-
шерип алыңыз.
КУРГАК ҮТҮКТӨӨ
• Үтүктү түбүнө (9) коюңуз.
• Кубаттуучу сайгычын электр розеткасына
сайыңыз.
• Үзгүлтүксүз буу берүүнүн жөндөгүчүн (3) –
буу берүүсү өчүрүлгөн абалына коюңуз.
• Температура жөндөгүчүн (11) бурап,
керектүү үтүктөө температурасын коюңуз:
«•», «••», «•••», «МАХ». (кездеме түрүнө
карата), ошондо индикатору (7) күйөт.
• Үтүктүн таманы (13) таңдалган температу-
расына чейин ысыганда, индикатор (7) өчөт,
эми үтүктөп баштасаңыз болот.
• Үтүктү колдонгондон кийин температура
жөндөгүчүн (11) «MIN» абалына коюңуз.
• Сайгычын электр розеткасынан ажыра-
тып, үтүк толугу менен муздаганына чейин
күтүңүз.
БУУ МЕНЕН ҮТҮКТӨӨ
Буу менен үтүктөгөндө үтүктөө температура-
сын «•••», «МАХ» абалдарына коюу зарыл.
• Үтүктү түбүнө (9) коюңуз.
• Үзгүлтүксүз буу берүүнүн жөндөгүчүн (3) -
буу берүүсү өчүрүлгөн абалына коюңуз.
• Электр шнурунун сайгычын электр розетка-
сына сайыңыз.
• Чукурунда (10) суусу жетиштүү болгонун тек-
шерип алыңыз.
• Температура жөндөгүчүн (11) бурап,
керектүү үтүктөө температурасын коюңуз:
«•••», «МАХ», ошондо индикатор (7) күйөт.
• Үтүктүн таманы (13) таңдалган температу-
расына чейин ысыганда, индикатор (7) өчөт,
эми үтүктөп баштасаңыз болот.
• Үзгүлтүксүз буу берүүнүн жөндөгүчүн (3)
же – буу берүү иштетилген аба-
лына коюңуз, буу үтүктүн таманындагы (13)
тешиктерден чыгып баштайт.
• Үтүктү пайдалангандан кийин температура
жөндөгүчүн (11) «MIN» абалына коюп, бууну
үзгүлтүксүз берүүнүн жөндөгүчүн (3) болсо
– буу берүү өчүрүлгөн абалына коюңуз.
• Сайгычын электр розеткасынан ажыра-
тып, үтүк толугу менен муздаганына чейин
күтүңүз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Үтүк иштеген учурда буу үзгүлтүксүз берил-
бей калса, температурасынын (11) туура аба-
лында болгонун жана резервуарында (10) суу
бар болгонун текшерип алыңыз.
БУУНУ КОШУМЧА БЕРҮҮ
Бууну кошумча берүүнүн функциясы бырыш-
тарды үтүктөп түздөткөндө пайдалуу болуп
үтүктөөнүн жогору температуралык режиминде
(температура жөндөгүчү (11) «•••», «МАХ» аба-
лында турганда) гана мүмкүн болот.
• Бууну кошумча берүүнүн баскычын (4)
басканда тамандын тешиктеринен буу
күчөтүп чыгат.
Эскертүү: буу тешиктеринен суу куюл-
бас үчүн бууну кошумча берүү баскычын (4)
4-5 секунд интервалы менен басып туруңуз.
ТИК БУУЛАНТУУ
Тик буулантуу функциясын жогору темпера-
турадагы үтүктөө режиминде гана колдонсо
болот (ал учурда температура жөндөгүчү (11)
«•••» же «MAX» абалында турат).
Үтүктү кийимден 10-30 см аралыгында тик кар-
мап, бууну кошумча берүүнүн баскычын (4)
4-5 секунд интервалынан кем эмес басып
туруңуз, тамандын (13) тешиктеринен буу
күчөтүп чыгат.
МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТ: синтетикалык кез-
демелерди тик буулантуу рекомендациялан-
ган эмес.
• Буулантканда кездеме эритпөө үчүн аны
үтүктүн таманы менен тийбеңиз.
• Адам кийип турган кийимди эч качан
буулантпаңыз, себеби чыккан буунун
температурасы өтө чоң, кийим илгичти
колдонуңуз.
• Үтүктөп бүткөндөн кийин үтүктү өчүрүп,
толугу менен муздатып, андан кийин суу
куюучу тешиктин капкагын (2) ачып, үтүктү
көмкөрүп калган суусун төгүп алыңыз.
АВТОМАТТУУ ТҮРДӨ ӨЧҮҮ
Бул моделде үтүктүн автоматтуу түрдө өчүүнүн
2 режими бар.
IM VT-8309.indd 29 10/5/17 10:05
Добавить комментарий