
22
ЩЕТКА-САПТАМАЛЫН ПАЙДАЛАНУУ
Жертаман/килем жабуулар үчүн щетка (1)
Щеткадагы (1) «ЖЕР ТАМАН/КИЛЕМ» которгучун
(2) керектүү абалына коюңуз (жыйнап турган
бетине карата).
Жылчык саптамасы (25)
Жылчык саптама радиаторлорду, жарыктарды,
бурчтарды же дивандын жаздыктарынын арасын
тазалоо үчүн арналган.
Чаң топтогуч контейнери (19)
Чаң топтогуч контейнери (19) циклондуу чыпкасы
(18) менен жабдылган, ал кирген абадан чаң
жана шыпырындыны токтотуп, НЕРА-чыпкасы
(21) болсо чаңдын майда бөлүктөрүн токтотот.
Эскертүү: - НЕРА-чыпкасын (21) ар дайым
тазалыкта сактаңыз, себеби чаң соргучтун
ишинин эффективдүүлүгү ага байланыштуу
болот;
ЧАҢ СОРГУЧТУ ПАЙДАЛАНУУ
Коопсуздук чаралары
•
Өтө ысыган беттердин, мисалы, күл
салгычтардын тикеден-тик жакынчылыгында
жана тез жалындап кетүүчү суюктуктар
сакталган жеринде чаң соргучу иштетпеңиз.
•
Шайманды колдонуудан мурун анын
бузулусуна жол бербөө үчүн жерден учтуу
нерселерди алып салыңыз.
•
Шайманды иштетип турган мезгилде соруунун
кубаттуулугу кескин азайып калса, аны
токтоосуз өчүрүп, телескоптук түтүгү (4) же
ийилчээк түтүкчөсү (7) тыгылып калбаганын
текшерип алыңыз. Чаң соргучту өчүрүп,
электр тармагынан ажыратып, тыгылган
жерин бошотуп, андан кийин гана иштетүүнү
улантсаңыз болот.
КОЛДОНУУ
Көңүл буруңуз! Чаң соргучту чаң топтогуч
контейнери (19) анын ичинде НЕРА-чыпкасы
(21) бар болуп орнотулганда жана аба чыгуучу
(24) НЕРА-чыпкасы орнотулганда гана
иштетсе болот. Чаң соргучту иштетүүнүн
алдында чыпкалары (21, 24) бар болуп, туура
орнотулганын милдеттүү түрдө текшерип
туруңуз.
•
Иштетүүнүн алдында электр шнурун керектүү
узундугуна тартып чыгарып, кубаттуучу
сайгычын электр розеткасына сайыңыз.
•
Электр шнурундагы сары белгиси шнурдун
максималдуу узундугун белгилейт. Шнурду
кызыл белгисинен ары тартууга тыюу салынат.
•
Чаң соргучту иштетүү үчүн өчүргүчүн (16)
басыңыз.
•
Шайманды иштетип турганда соруу
кубаттуулугун жөндөгүчү (16), жана ийилчээк
түтүкчөнүн туткасында (5) жайгашкан соруу
кубаттуулугунун кол жөндөгүчү (6) аркылуу
жөнгө салсаңыз болот.
•
Имаратты тазалап бүткөндөн кийин өчүрүү/
күйгүзүү баскычын (16) басып, кубаттуучу
сайгычын электр розеткасынан чыгарыңыз.
•
Электр шнурун түрүп жыйноо үчүн баскычты
(14) басып, түрүлүп турган шнуру чалынып
бузулбоо үчүн аны колуңуз менен тосуп
туруңуз.
•
Жыйноонун тыныгууларында щетканы (1)
«коюу» (17) жайына орнотуп турсаңыз болот.
ТАЗАЛОО ЖАНА КАРОО
Чаң топтогуч контейнерин (19) тазалоо
Чаң топтогуч контейнеринен (19) чаңды жана
шыпырындыны ар иштетүүдөн кийин тазалап
туруңуз.
–
Чаң соргучту өчүрүп, тармактан ажыратыңыз.
–
Туткасынан (12) кармап, бекитмесин (13) басып,
чаң топтогуч контейнерин чечиңиз (сүр. 2).
–
Чаң топтогуч контейнерин (19) таштанды
чакасынын үстүндө кармаңыз.
–
Бекитме баскычын (11) басып, капкакты (20)
ачыңыз.
–
Чаң менен шыпырындыны контейнерден (19)
төгүңүз (сүрөт 3).
–
Капкакты (20) жабыңыз.
–
Контейнерди (19) ордуна коюңуз.
Чаң топтогуч контейнеринде (19) орнотулган
НЕРА-чыпканы (21) тазалоо
–
Жогоруда айтылгандай контейнерди (19) чаң
менен шыпырындыдан бошотуп алыңыз.
–
НЕРА-чыпканы (21) чыгары4ыз (сүр. 4).
–
НЕРА-чыпканы (21) чаң менен шыпырындыдан
тазалап, агып турган жылуу суунун астында
жууп алыңыз.
–
НЕРА-чыпканы (21) идиш жуучу аспапта
жуубаңыз.
–
НЕРА-чыпканы (21) кылдат кургатыңыз.
–
НЕРА-чыпканы(21) кургатуу үчүн фенди
колдонууга тыюу салынат.
–
Туткасынан (12) кармап, циклондук чыпканы
(18) саат жебесинин багытына каршы бурап,
аны чыгарып алыңыз (сүр. 5, 6)
–
Циклондук чыпканы (18) жылуу суунун
астында жууп, кургатып алыңыз.
–
Чаң топтогуч контейнерин (19) жууп, сүртүп,
кургатып алыңыз.
–
Циклондук чыпканы (18) ордуна орнотуп, саат
жебесинин багыты боюнча токтогонуна чейин
бураңыз.
–
НЕРА-чыпкасын (21) ордуна орнотуңуз.
IM VT-8127.indd 22 31.08.2018 12:18:01
Добавить комментарий