
23
•Эт туурагычтын болгон чечилген бөлүктөрүн
нейтралдуу жуучу каражаты менен жылуу
сууга жууп, чайкап, кургатып алыңыз. Эт
туурагычтын бөлүктөрүн идиш жуучу
аспапка салбаңыз.
•Эт туурагычтын корпусун (7) бир аз нымдуу
чүпүрөк менен сүртүп, андан кийин кургатып
сүртүңүз.
•Эт туурагычтын корпусун (7) тазалоо
үчүн эриткичтерди же абразивдүү жуучу
каражаттарды колдонууга тыюу салынат.
•Эт туурагычтын ичине суу куюлуусуна жол
бербеңиз.
САКТОО
•Шайманды сактоого койгондун алдында
ТАЗАЛОО ЖАНА КАРОО бөлүмүндөгү
талаптарын жасап алыңыз.
•Кычкылдануудан коргоо үчүн бычак (10)
менен панжараларын (11, 12) өсүмдүк май
менен майлап салуу рекомендацияланат.
•Шайманды балдар жана жөндөмдүүлүгү
төмөн болгон адамдар колу жетпеген таза
кургак жерлерде сактаңыз.
ЖАБДЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
Эт туурагычтын мотор сапсалгысы – 1 даана
Эт туурагычтын бөркү кураштырылган
бойдон (шнек, бычак, панжара менен гайкасы
орнотулган) – 1 даана.
Түрткүч – 1 даана.
Азыктарды салуучу идиши – 1 даана.
Панжара – 1 даана.
Колдонмо – 1 даана.
ТЕХНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨСҮ
Номиналдуу чыңалуусу: 220-240 В ~ 50 Гц
Номиналдуу кубаттуулугу: 400 Вт
Максималдуу кубаттуулугу: 1800 Вт
УТИЛИЗАЦИЯЛОО
Айлана чөйрөөнү коргоо максатында шайман
менен азыктандыруучу элементтердин кызмат
мөөнөтү бүткөндөн кийин аларды жөнөкөй
турмуш-тирчилик калдыктары менен чогу
ыргытпай, шайман менен азыктандыруучу
элементтерин утилизациялоо үчүн атайын
адистештирилген пункттарына тапшырыңыз.
Шаймандарды утилизациялоодон пайда болгон
калдыктарды милдеттүү түрдө чогултуп, андан
соң белгиленген жолунда утилизациялоо
зарыл.
Бул шайманды утилизациялоо жөнүндө
кошумча маалымыт алуу үчүн жергиликтүү
өкмөткө, турмуш-тирчилик калдыктарды
утилизациялоо кызматына же бул шайманды
алган дүкөнгө кайрылыңыз.
Өңдүрүүчү шаймандардын жалпы иштөө
принциптерине таасир этпеген дизайнин,
конструкциясын жана техникалык
мүнөздөмөлөрүн алдын ала эскертпей
өзгөртүү укугун сактайт, ошол себептен
колдонмо менен шаймандын маанилүү эмес
айырмачылыктар болуу мүмкүн. Колдонуучу
ушундай келишпегендиктерди тапса, ал
жөнүндө info@vitek.ru электрондук почтасына
жазып, шаймандын жаңырланган версиясын
алса болот.
Шаймандын кызмат мөөнөтү – 3 жыл
Кепилдик
Кепилдик берүү шарттары тууралуу толук
маалыматтар буюмду саткан сатуучудан алууга
болот. Кепилдик шарттарына ылайык талап
кылып сатылган товарга чек же дүмүрчөктү
көрсөтүү керек.
IM VT-3625.indd 23 05.02.2018 17:51:08
Добавить комментарий