
22
аны телескоптук узарткыч түтүгүнө (4)
туташтырыңыз.
Эскертүү: - саптаманы (18) ийилчээк
түтүкчөнүн (6) туткасына орнотсоңуз болот.
ЩЕТКА-НАСАДКАЛАРДЫ КОЛДОНУУ
Жер таман/килем үчүн щеткасы (2)
Щеткадагы (2) которгучун (1) керектүү абалына
коюңуз (жыйнап турган бетине карата).
Бириктирилген щётка/жылчык
насадкасы (18)
Насадка чаң жыйноочу щетка же жылчык насадка
катары колдонулат, ал үчүн насадканы керектүү
абалына келтириңиз.
ЧАҢ ТОПТОГУЧ (9)
Топтомго пластик чаң топтогуч контейнери (9) кирет.
Контейнер толуп турган сайын жыйноо убагында
топтолгон шыпырынды менен чаңды капкакты (19)
ачып төксөңүз болот. Жыйноо убагында капкак
ачылбаганы үчүн тээги (20) каралган.
ЧАҢ СОРГУЧТУ КОЛДОНУУ
Коопсуздук чаралары
•
Өтө ысыган беттердин, мисалы, күл
салгычтардын тикеден-тик жакынчылыгында
жана тез жалындап кетүүчү суюктуктар
сакталган жеринде чаң соргучу иштетпеңиз.
•
Шайманды колдонуудан мурун анын
бузулусуна жол бербөө үчүн жерден учтуу
заттарды алып салыңыз.
•
Шайманды иштетип турган мезгилде соруунун
кубаттуулугу тез азайып калса, аны токтоосуз
өчүрүп, телескоптук түтүгүнө (4) же ийкем
түтүгүнө (7) эч нерсе тыгылып калбаганын
текшерип алыңыз. Чаң соргучту өчүрүп, электр
тармагынан ажыратып, түтүктөрүн бошотуп,
андан кийн гана иштетүүнү улантсаңыз болот.
КОЛДОНУУ
Көңүл буруңуз! Чаң соргучту чаң топтогучу
(9), чыпкалары (22 менен 24) орнотулганда гана
иштетсе болот. НЕРА-чыпкасы (22) контейнерге
(9) орнотулат. Аба чыпкасы (24) дөңгөлөктө (14)
орнотулган. Чыпкалары туура орнотулганын
милдеттүү түрдө текшерип туруңуз.
•
Иштетүүнүн алдында электр шнурун керектүү
узундугуна тартып чыгарып, кубаттуучу
сайгычын электр розеткасына сайыңыз.
•
Электр шнурундагы сары белгиси шнурдун
максималдуу узундугун белгилейт. Шнурду
кызыл белгисинен ары тартууга тыюу
салынат.
•
Чаң соргучту иштетүү үчүн өчүрүү/күйгүзүү
баскычын (13) басыңыз.
•
Шайманды иштетип турганда соруу
кубаттуулугун ийилчээк түтүчкөнүн туткасында
(6) жайгашкан соруу кубаттуулугунун кол
жөндөгүчү (5) аркылуу жөнгө салсаңыз болот.
•
Имаратты тазалап бүткөндөн кийин өчүрүү/
күйгүзүү баскычын (13) басып, тармактык
шнурдун айрысын электр розеткасынан
чыгарыңыз.
•
Электр шнурун түрүп жыйноо үчүн электр
шнурун (15) жыйноо баскычты (17) басып,
түрүлүп турган шнуру чалынып бузулбоо үчүн
аны колуңуз менен тосуп туруңуз.
ТАЗАЛОО ЖАНА КАРОО
•
Чаң соргучту иштетүү убагында чаң топтогуч
(9) толуп калса, аны алмаштыруу же топтолгон
кирден тазалоо зарыл. Баскычты (13) басып,
чаң соргучту өчүрүңүз. Туткасынан (11)
кармап, акырын тосуп туруп чаң топтогучту
(9) чыгарыңыз (сүр. 1). Тээгин (20) ачып,
капкаты (19) ачыңыз (сүр. 2). Чаң топтогучту
сууга жууп, аны кургак чүпүрөк менен сүртүп
кургатыңыз.
•
Капкакты (19) жабыңыз, тээгин (20) жабыңыз.
•
Чаң топтогучту (9) өз жайына орнотуңуз.
ЧЫПКАНЫ ТАЗАЛОО
Аба чыгуучу НЕРА-чыпканы (22) таза бойлдон
сактаңыз, себеби чаң соргучтун эффективдүүлүгү
ошого байланыштуу; чыпканы жылына үч-төрт
жолу, зарыл болсо андан да тез тазалап туруңуз.
Аба чыгаруучу НЕРА-чыпкасын тазалоо (22)
•
Чаң соргучун өчүрүп, электр тармагынан
ажыратыңыз.
•
Туткасынан (11) кармап, акырын тосуп, чаң
топтогуч контейнерин (9) чыгарып, үстүнкү
тээгин (10) басып, үстүнкү капкагын (11) ачып,
HEPA-чыпканы чыгарыңыз (сүр. 3).
•
HEPA-чыпканы (22) корпустан (21) чыгарыңыз.
НЕРА-чыпкасын (22) бир аз жылуу суунун
астында жууп алыңыз (сүр. 4). Чыпкаларды
жууш үчүн идиш жуучу аспапты колдонбоңуз.
•
НЕРА-чыпканы (22) кургатып алыңыз. НЕРА-
чыпканы (22) фен менен кургатууга тыюу
салынат.
•
HEPA-чыпканы (22) кураштырыңыз. НЕРА-
чыпкасын (22) ордуна коюуңуз.
Добавить комментарий