
20
ЧАҢ СОРГУЧ VT-1838
Чаң соргуч имараттарды кургак тазалоо үчүн
арналган.
СЫПАТТАМА
1.
«АСТАНА/КИЛЕМ» режимдердин которгучу
2.
Жер таман/килем үчүн щеткасы
3.
Телескоптук түтүктүн бекитмеси
4.
Узарткыч телекскоптук түтүгү
5.
Соруу кубаттуулугунун кол жөндөгүчү
6.
Ийлчээк түтүкчөнүн туткасы
7.
Ийилчээк түтүкчө
8.
Ийилчээк түтүкчөнүн учу бекитмелери менен
9.
Чаң топтогуч контейнер
10.
Чаң топтогучтун үстүнкү капкагынын тээги
11.
Чаң топтогуч контейнердин туткасы
12.
Чаң топтогуч контейнердин үстүнкү капкагы
13.
Иштетүү/өчүрүү баскычы
14.
Дөңгөлөк
15.
Электр шнурун түрүп жыйноочу баскычы
16.
Чаң топтогучту ачуу баскычы
17.
Тармактык шнур
18.
Бириктирилген щетка/жылчык саптама
19.
Чаң топтогучтун астынкы капкагы
20.
Чаң топтогучтун астынкы капкагынын тээги
21.
НЕРА-чыпканын корпусу
22.
НЕРА-чыпкасы
23.
Аба чыгуучу чыпканын капкагы
24.
Чыгуучу аба чыпкасы
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР!
Кошумча коргонуу үчүн электр тармагында
потенциалдуу иштеткен тогу 30 мА ашырбаган
коргоп өчүрүүчү аспабын орнотулушу максатка
ылайыктуу. Аспапты орнотуу үчүн адиске
кайрылыңыз.
КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ
Электр шайманды пайдалануудан мурун
колдонмону көңүл коюп окуп-үйрөнүңүп, бүткүл
кызмат мөөнөтүнө сактап алыңыз.
Шайманды тике дайындоо боюнча гана, ушул
колдонмодо жазылганга ылайыктуу колдонуңуз.
Шайманды туура эмес пайдалануу анын
бузулуусуна, колдонуучуга же колдонуучунун
мүлкүнө зыян келтирүүгө алып келиши мүмкүн.
Өрт коркунучун азайтуу үчүн, электр тогу
ургандан, жаракат алуудан коргонуу үчүн
төмөнкүдөгү колдонмону колдонуңуз.
•
Шайманды электр тармагына туташтыргандан
мурун шаймандын үстүндө жазылган
чыңалуусу электр үйүңүздөгү чыңалуусуна
ылайык болгонун текшерип алыңыз.
•
Өрт коркунучун жоюу үчүн аспапты электр
розеткасына туташтырганда кошуучу
түзүлмөлөрдү колдонбоңуз.
•
Чаң соргуч электр розеткасына сайылып
турганда аны кароосуз таштабаңыз. Чаң
соргучту иштетпей турганда, насадкаларын
алмаштыруунун алдында же шайманды
тейлөөнүн алдында сайгычын милдеттүү
түрдө электр розеткасынан чыгарыңыз.
•
Электр тогу уруу коркунучун азайтуу үчүн чаң
соргучту имараттардын тышында иштетпеңиз,
чаң соргучту суу же башка суюктуктарды
жыйноо үчүн колдонууга тыюу салынат
(чаң соргучту нымдуу беттердин үстүндө
колдонбоңуз).
•
Чаң соргучту көтөрүп ташуу үчүн туткасынан
кармап гана ташысаңыз болот.
•
Чаң соргучту электр шнурунан кармап
ташыбаңыз, электр шнуру эшик тешигинен
тартылган болсо, эшикти жаппаңыз, электр
шнурун эмеректин учтуу кырларына же
бурчтарына, ысык беттерге тийгизбеңиз.
•
Имаратты жыйнап тазалоо убагында
чаң соргучту шнурунун үстүнөн тартып
жылдырбаңыз, ал бузулуп калуу мүмкүн.
•
Кубаттуучу сайгычын электр розеткасынан
сурганда шнурду кармап эч качан тартпаңыз,
сайгычынан кармаңыз.
•
Кубаттуучу сайгычын же чаң соргучтун
корпусун суу колуңуз менен тийбеңиз.
•
Электр шнурун түрүү мезгилинде шнурун
колуңуз менен бир аз кармап туруңуз, сайгычы
жерге урулганына жол бербеңиз.
•
Шаймандын аба чыгуучу тешигин ар кайсы
буюмдар менен жабууга тыюу салынат.
•
Шаймандын ар кыл тешиги тосулуп турган
болсоң шайманды иштетүүгө тыюу салынат.
•
Чачыңыз, кийимдердин асылып турган
жайлары, бармактар же башка буюмдар чаң
соргучтун аба соруучу тешиктин жанында
болбогонун байкап туруңуз.
•
Тепкич айнтчасын жыйнаганда өзгөчө көңүл
буруңуздар.
•
Чаң соргучту эриткич жана бензин катары бат
жалындап кетүүчү суюктуктарды жыйноого, ал
суюктуктар сактоо жайында иштетүүгө тыюу
салынат.
• Сууну же башка суюктуктарды, күйүп же
түтөп турган тамекилерди, күкүрттөрдү,
араң кызарып жаткан күлдү жана
штукатурка, бетон, ун же күл аркылуу
заттардын майда дисперстик чаңын
жыйноого тыюу салынат.
Добавить комментарий