Vitek VT-1507

Данная инструкция на русском языке предназначена для кофемашины Vitek VT-1507, описывает принцип работы и основные моменты эксплуатации устройства. Перед первым включением рекомендуется внимательно изучить данное руководство.

Инструкция для кофемашины представлена в формате PDF, который поддерживается на всех современных устройствах, так что сложностей с открытием файла возникнуть не должно. Но если открыть документ не получается, установите любую программу для чтения PDF файлов, например Acrobat Reader.

Чтобы распечатать инструкцию, нужно ее сначала скачать, для этого кликните по кнопке «Скачать инструкцию», файл откроется в новой вкладке, затем нажмите комбинацию клавиш Сtrl + P и из открывшегося диалогового окна, отправьте документ на печать.

Страницы: Стр:
29
КЫРГЫЗ
КОФЕ КАЙНАТКЫЧ VT-1507
Кофе кайнаткыч «ЭСПРЕССО» кофени бышыруу
жана «КАПУЧИНО» кофе жасоо үчүн арналган.
СЫПАТТАМА
1. Суу үчүн идиштин капкагы
2. Суу үчүн чечилме идиши
3. Буу берүү жөндөгүчүнүн туткасы
4. Капучинатор түтүкчөсү
5. Чечилме учу
6. Түпкүчтүн панжарасы/тамчылар үчүн түпкүчү
7. Кофе чыпканын кармагычы
8. Кофе чыпканын токтоткучу
9. Иштетүү/өчүрүү « » баскычы
10. Буу берүүнү иштетүү « » баскычы
11. Суу берүүнү иштетүү/өчүрүү « » баскычы
12-13. Кофе үчүн чыпкалар
14. Тарттырылган кофенин тыгыздагычы менен
өлчөмдүү кашык
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Кошумча коргонуу үчүн электр тармагында
потенциалдуу иштеткен тогу 30 мА ашырбаган
коргоп өчүрүүчү аспабын орнотуу максатка
ылайык. Аспапты орнотуу үчүн атайын адиске
кайрылыңыз.
КОЛДОНУУ ЖАНА КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ
БОЮНЧА РЕКОМЕНДАЦИЯЛАР
Электр шайманды пайдалануудан мурун
колдонмону көңүл коюп окуп-үйрөнүңүз. Ушул
колдонмону бүткүл кызмат мөөнөтүнө сактап
алыңыз.
Шайманды туура эмес пайдалануу анын
бузулуусуна, колдонуучуга же колдонуучунун
мүлкүнө зыян келтирүүгө алып келиши мүмкүн.
Кофе кайнаткычты биринчи жолу иште-
ткенден мурун шаймандын иштөөчү
чыңалуусу электр тармагынын чыңалуу-
суна ылайык болгонун текшерип алыңыз.
Электр шнуру «европалык сайгычы» менен
жабдылган; аны бекем жердетүү контакты бар
розеткасына туташтырыңыз.
Өрт коркунучун жоюу үчүн кофе кайнаткычты
электр розеткасына туташтырганда кошуучу
түзүлмөлөрдү колдонбоңуз.
Кофе кайнаткычты тике дайындоо боюнча
гана колдонуңуз.
Шайманды имараттардын сыртында
колдонбоңуз.
Кофе кайнаткычты температурасы 0°C төмөн
болгон имараттарда эч качан колдонбоңуз да
сактабаңыз.
Кофе кайнаткычты кургак, тегиз, бекем турган
беттин үстүндө колдонуңуз, столдун чет
жагына койбоңуз.
Кофе кайнаткычты ысык беттерге койбоңуз.
Кофе кайнаткычты жылуулук, нымдуулук
же ачык от булактардын тикеден-тике
жакынчылыкта колдонбоңуз.
Электр шнуру столдун кырынан арта салынып
же ысык нерселерди жана эмеректин учтуу
кырларын тийип турганына жол бербеңиз.
Чыгып турган буу менен иштегенде этият
болуңуз.
Ток урбас үчүн шайманды, электр шнурун
жана кубаттуучу сайгычын сууга же башка
суюктуктарга салбаңыз.
Топтомго кирген бөлүктөрүн гана пайдаланыңыз.
Кофе кайнаткычты суусыз иштетпеңиз.
Таза муздак сууну гана пайдаланыңыз, суу
үчүн турмуш-тирчилик чыпкалардан өткөзүлүп
кошумча тазаланган сууну пайладанууңузду
сунуш кылабыз.
Кофе кайнаткычты иштетүүнүн алдында
болгон чечилме бөлүктөрү туура орнотулганын
текшерип алыңыз.
Иштеп турган кофе кайнаткычын эч качан
кароосуз калтырбаңыз.
Электр шнурун, кубаттуучу сайгычын, кофе
кайнаткычтын корпусун суу колуңуз менен
тийбеңиз.
Күйүк болбоо үчүн кофе жасалып турган
учурда жана шайманды жаңы өчүргөндөн
кийин ысык беттерин (чыпка кармагычын,
бойлерин, капучинатор түтүкчөсүн) тийбеңиз.
Бөлүктөрүн чечүүнүн же тазалоонун алдында
шайманды толугу менен муздатып алыңыз.
Кофе кайнаткыч иштеп турган убагында чыпка
кармагычты чечүүгө тыюу салынат.
Тазалагандан мурун жана шайманды пайдалан-
баган учурда аны электр тармагынан суруңуз.
Кубаттуучу сайгычын электр розеткасынан
сурганда шнурду кармап эч качан тартпаңыз,
сайгычынан кармаңыз.
Балдардын коопсуздугу үчүн таңгак катары
колдонулган полиэтилен баштыктарды
кароосуз таштабаңыз.
Көңүл буруңуз! Полиэтилен баштыктар же
таңгак пленкасы менен ойногонго балдарга
уруксат бербеңиз. Бул тумчугуунун
коркунучун жаратат!
Шайманды оюнчук катары колдонбоо үчүн
балдарга көз салыңыз.
Бул шайман балдар колдонгону үчүн арналган
эмес.
IM VT-1507.indd 29 14.03.2019 15:42:10
Страницы: Стр: 23
Комментарии (0)

Добавить комментарий

Другие Кофемашины Vitek