
27
• Бул түзмөк балдар колдонгону үчүн
арналган эмес.
• Түзмөк иштеп жана муздап турганда аны
балдар жетпеген жерге коюңуз.
• Бул шайман дене күчү, сезими же акыл-эси
жагынан жөндөмдүүлүгү чектелген (ошонун
ичинде балдар да) адамдар же колдонуу
боюнча тажрыйбасы же билими жок болгон
адамдар, эгерде алардын коопсуздугуна
жооптуу адам аларды көзөмөлдөп же
нускамалоо болбосо колдонуу үчүн
ылайыкташтырылган эмес.
• Балдар түзмөк менен ойногонго жол
бербегени үчүн аларга көз салуу зарыл.
• Балдардын коопсуздугу үчүн таңгак катары
колдонулган полиэтилен баштыктарды
кароосуз таштабаңыз.
Көңүл буруңуз! Балдарга полиэтилен
баштыктары же таңгактоочу пленка менен
ойноого уруксат бербеңиз. Бул тумчугуунун
коркунучун жаратат!
• Үтүк кулап түшкөн болсо, көрүнүп турган
бузулуулары бар болсо же суусу агып турса
үтүктү колдонсо болбойт.
• Электр шнурунун же тармактык
айрысынын бузулуулары бар болсо,
түзмөктү колдонбоңуз. Азык шнуру бузук
болгондо, кооптуулукка жол бербөө
үчүн аны өндүрүүчү, тейлөө кызматы же
аларга окшогон дасыккан кызматкерлер
алмаштырууга тийиш.
• Шайманды өз алдынча оңдогонго тыюу
салынат. Шайманды өз алдынча ажыратпай,
ар кыл бузулуулар пайда болгон же шайман
кулап түшкөн учурларда аны розеткадан
суруп, кепилдик талонундагы же www.vitek.ru
сайтындагы тизмесине кирген автордош-
турулган (ыйгарым укуктуу) тейлөө борборуна
кайрылыңыз.
• Түзмөктү заводдук таңгагында гана
транспорттоо зарыл.
• Түзмөктү балдардын жана жөндөмдүүлүгү
чектелген адамдардын колу жетпеген
жерлерде сактаңыз.
БУЛ ТҮЗМӨК ТУРМУШ-ТУРУКТУУ ШАРТ-
ТАРДА КОЛДОНГОНУ ҮЧҮН ГАНА АРНАЛГАН.
ШАЙМАНДЫ КОММЕРЦИЯЛЫК ПАЙДА-
ЛАНУУГА ЖАНА ӨНДҮРҮШ ЗОНАЛАРДА
ЖАНА ЖУМУШЧУ ИМАРАТТАРДА ТҮЗМӨКТҮ
ИШТЕТҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНАТ.
БИРИНЧИ ЖОЛУ КОЛДОНООРДУН
АЛДЫНДА
Түзмөктү төмөнкү температурада
ташылган же сакталган болсо, бөлмөнүн
температурасында кеминде үч саат
кармап туруп, анан иштетүү керек.
• Үтүктү таңгактан чыгарып, таманында
(13) коргоо чаптамасы бар болсо, сыйрып
салыңыз.
• Шаймандын бүтүн болгондугун текшерип,
бузулуулар бар болсо шайманды
колдонбоңуз.
• Үтүктү иштеткендин алдында иштөө
чыңалуусу электр тармагындагы чыңа-
луусуна ылайык болгонун текшериңиз.
• Чукурдун ичинде калган суу бар болуу
мүмкүн, бул нормалдуу көрүнүш, себеби
шайман заводдо сапат текшерүүдөн өткөн.
Эскертүү: Биринчи иштеткенде ысытуучу
элементтин үстү катмары күйөт, ал
себептен башкача жыт жана бир аз түтүн
пайда болуу мүмкүн, бул нормалдуу кубулуш.
СУУНУ ТАНДОО
Чукурду (10) толтуруу үчүн суутүтүктөгү сууну
пайдалансаңыз болот.
Суутүтүктөгү суу катуу болсо, буусууну же
минералсыздаштырылган сууну колдонуңуз,
бул үтүктүн кызмат мөөнөтүн узартат.
Эскертүү: Суу куюлуучу чукурга (10) жыттуу
суюктуктарды, сиркени, крахмал эритмесин,
кебээрди кетирүүчү реагенттерди, химиялык
каражаттарды ж. б. куюуга тыюу салынат.
СУУ ЧУКУРДУ ТОЛТУРУУ
Үтүккө сууну куюудан мурун ал электр
тармагынан ажыратылганын текшерип алыңыз.
• Температура жөндөгүчүн (11) «MIN»
абалына коюп, бууну үзгүлтүксүз берүүнүн
жөндөгүчүн (3) болсо эң солку - буу берүү
өчүрүлгөн абалына коюңуз.
• Капкагын (2) ачып, өлчөмдүү чынысы (14)
менен сууну суу чукуруна (10) куюңуз, андан
кийин капкагын (2) бекем жабыңыз.
Эскертүү:
– Сууну «MAX» белгисинен (12) ашырып
куйбаңыз.
– Үтүктөп турган учурда суу куюу
керек болсо, биринчиден үтүктү
өчүрүп, тармактык айрысын электр
розеткасынан ажыратыңыз.
– Үтүктөп бүткөндөн кийин үтүктү өчүрүп,
толугу менен муздатып, андан кийин
суу куюучу тешиктин капкагын (2) ачып,
үтүктү көмкөрүп калган суусун төгүп
алыңыз.
ҮТҮКТӨӨ ТЕМПЕРАТУРАСЫ
Үтүктү иштеткенден мурун анын таманы (13)
жана суу чукуру (10) таза болгонун текшерүү
IM VT-1267.indd 27 7/28/20 2:25 PM
Добавить комментарий