
15
–Муздаткычты күндүн түз нурлары тийген жерге же жылуулук булак-
тарынын (ашкана мештин, кызарткыч мештин, каминдин) жанында
койбоңуз.
ТЕГИЗДӨӨ
Муздаткычтын эффективдүү иштеши үчүн, анын тегиз жерде орнотулга-
ны маанилүү. Муздаткычты ордуна орноткондон кийин, анын тууралоо-
чу буттарын айландырып, анын ордун жөндөңүз. Муздаткычтын артка
эңкейиши 5° дан ашпашы керек.
ЭЛЕКТР ТАРМАГЫНА КҮЙГҮЗҮҮ
Муздаткыч классы 1 электр тогунан сактануу даражасына ылайык да-
ярдалган жана жерге туташуусу бар эки уюлдуу розетканын жардамы
менен куйгүзүлөт.
Электр тармагына күйгүзүүдөн мурун ынаныңыз:
–тармактын чыңалуусу муздаткычтын арткы бетиндеги атайын тактай-
чада көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келет;
–электр розеткасынын жерге туташуусу бар байланыш электр тармак-
тын электр менен камсыздоо кабелдин жерге туташуусу бар зымга
туташтырылган (туташтыруучу зым 10 А дан кем эмес токко эсептелген
болушу керек);
–розетка менен сайгычы бир түрдө; эгер сайгычы розеткага дал келбе-
се, розетканы камсыздоо зымдын сайгычына ылайык кылып алмашты-
рыш керек (буну квалификациялуу электрик жасаш керек).
Муздаткыч розеткасына ар дайым жетет тургандай кылып орнотулуш
керек. Берилген колдонмодо көрсөтүлгөн, кубаттуу тиричилик шайман-
дарынын коопсуздук талаптарын бузуу менен туташтырылган муздаткыч
кооптуу. Өндүрүүчү белгиленген орнотуу стандарттарын сактабагандык-
тан ден-соолукка жана мүлккө келтирилген зыян үчүн жооптуу эмес.
5. МУЗДАТКЫЧТЫ КҮЙГҮЗҮҮДӨН
МУРУН ИШТЕТҮҮ
Муздаткычты орнотуудан кийин, электр тармакка 3 сааттан кийин
күйгүзүш керек. Ошентип, ташуудан кийин муздаткыч туура иштеши үчүн
зарыл болгон муздатуучу зат туура бөлүштүрүлөт. Бир нече саат өткөндөн
кийин муздаткычты электр тармагына куйгүзгөндөн кийин, сиз анын
ичине азыктарды салсаңыз болот. Компрессор менен оюктун арткы дуба-
лынын ортосундагы транспорттук арачыларды, ошондой эле шаймандын
кыймылдуу бөлүктөрүн жылдырбай турган башка арачыктарды жана
жабышчак ленталарды алып салыңыз.
Эгер шаймандын пластик пленкадан жасалган коргоочу каптоосу бар
болсо, анда аны боёкторуна же бөлүктөрүнүн жабуусуна зыян келтирбеш
үчүн, этияттык менен алып салыңыз.
МУЗДАТКЫЧ БӨЛҮМҮН КОЛДОНУУ
123
1. Температураны орнотуу баскычы
2. «Тез муздатуу» режими
3. Муздатуу режимдери
–Аны биринчи жолу күйгүзгөндө бардык индикаторлор күйүп, анан өчөт,
тандалган режимди көрсөтүү менен бирөө гана күйүп калат, андан
кийин муздаткыч автоматтык түрдө иштей баштайт.
–Иштөө режимин өзгөртүү үчүн, температураны орнотуу баскычын удаа-
удаа басыңыз.
–Режимди тандагандан кийин, ал 15 секунддан кийин автоматтык түрдө
күйөт.
–Эгерде аппаратта бузулуу пайда болсо, дисплей панелинде ката коду
пайда болот.
–Кадимки иштөө учурунда дисплей тандалган муздатуу режимин
көрсөтөт.
ТОҢДУРГУЧ КАМЕРАНЫ КОЛДОНУУ
СТ-1734 модели үчүн
Сиз тоңдургучта тоңдуруунун интенсивдүүлүгүн
көзөмөлдөөнү төмөндөтүү же көтөрүү менен тууралай
аласыз:
COLD - тоңуунун минималдуу интенсивдүүлүгү (темпе-
ратура -16дан -19 °Сге чейин).
COLDER – суткалык колдонууга сунушталган тоңуунун
орточо интенсивдүүлүгү (температура -20дан -22 °Сге
чейин).
COLDEST - тоңуунун максималдуу интенсивдүүлүгү
(температура -22ден -24 °Сге чейин).
СТ-1735 модели үчүн
Тоңдургучту буруп, тоңдургучта
тоңдоонун интенсивдүүлүгүн ту-
уралай аласыз:
COLD - тоңуунун минималдуу
интенсивдүүлүгү (температура
-16дан -19 °Сге чейин).
NORMAL - орточо тоңдуруунун
интенсивдүүлүгү, күнүмдүк кол-
донууга сунушталат (температура -20дан -22 °Сге чейин).
COLDER - максималдуу тоңуу интенсивдүүлүгү (температура -22ден -24
°Cге чейин).
Азыктарды сактоо үчүн эң жакшы шарттарды камсыз кылыш үчүн,
төмөндө жазылган сунуштарды аткарыңыз. Тоңдурулат турган жана
тоңдуруучу камерада сакталат турган азыктарды, ашыкча үшүк пайда
болбошу үчүн, жакшылап ороп салыш керек.
–Тоңдургуч камеранын ичине коюлган азыктардын арткы жана каптал-
дагы дубалдарына тийбегени жакшы.
–Туура сактоо үчүн жана кийинки эритүүнүн жеңилдиги үчүн, азыктар-
ды кичинекей бөлүктөргө бөлүп салыңыз.
–Муздаткыч камеранын ичине тоңот турган суюктуктар менен толту-
рулган айнек идиштерди койбоңуз, өзгөчө алардын ичинде бекем жа-
былган көпүрөктүү жана газдалган суусундуктар бар болсо. Суюктук,
кристалдашып, идишти бузуп салышы мүмкүн.
–Нымдуулук жогорулап кетпеши үчүн, муздаткыч камеранын ичине кап-
каксыз идиштеги суюктуктарды койбоңуз, анткени бул температуранын
көтөрүлүшүнө алып келет.
6. ТЕЙЛӨӨ ЖАНА КАМ КӨРҮҮ
Муздаткычты тазалоодо же техникалык кам көрүү учурда, биринчи
кезекте аны, сайгычын розеткадан чыгарып, токтон ажыратыңыз. Ка-
мераларды тамак азыктардан бошотуңуз. Нейтралдуу жуугуч каражат-
тарды колдонуңуз. Эч качан порошок абразивдүү жуугуч каражаттарды,
щелочтуу бирикмелерди, органикалык кычкылтектерди жана ысык сууду
колдонбоңуз, бул жылтырак менен боётулган каптоосун бузушу мүмкүн.
Курч же металл буюмдарды колдонбоңуз, бул муздаткычка зыян келти-
риши мүмкүн.
Эшиктин тыгыздаткычы тез кирдейт, аны бат - баттан жууп туруш керек.
Муздаткычты колдонууда узак бир тыныгуу болот турган болсо, сайгычты
розеткадан сууруңуз, муздаткычты эритиңиз, жууп, кургатып аарчыңыз.
7. КӨЙГӨЙЛӨРДҮ ЖОК КЫЛУУ
Муздаткыч канааттандыргандай иштебей жатса же иштебей жатса, ый-
гарым укуктуу тейлөө борборуна кайрылаардан мурун берилген бөлүмдү
окуп чыгыңыз. Кээ бир учурларда, көйгөйдү өзүңүз чечсеңиз болот.
Добавить комментарий