Centek CT-1730

Данная инструкция на русском языке предназначена для холодильника Centek CT-1730, описывает принцип работы и основные моменты эксплуатации устройства. Перед первым включением рекомендуется внимательно изучить данное руководство.

Инструкция для холодильника представлена в формате PDF, который поддерживается на всех современных устройствах, так что сложностей с открытием файла возникнуть не должно. Но если открыть документ не получается, установите любую программу для чтения PDF файлов, например Acrobat Reader.

Чтобы распечатать инструкцию, нужно ее сначала скачать, для этого кликните по кнопке «Скачать инструкцию», файл откроется в новой вкладке, затем нажмите комбинацию клавиш Сtrl + P и из открывшегося диалогового окна, отправьте документ на печать.

Страницы: Стр:
18
бөлмөлөрдө, мисалы, ванна бөлмөсүндө, жер тамда орнотконго
тыюу салынат.
Орнотууда, шаймандын капталдарында минималдуу боштук-
тарды (3 - 5 см), ал эми үстүнкү жагын 10 см камсыз кылыңыз,
абанын эркин айлануусу үчүн.
Жылуулук булактарынын жанында койбоңуз.
Муздаткычты күндүн түз нурлары тийген жерге же жылуулук
булактарынын (ашкана мештин, кызарткыч мештин, каминдин)
жанында койбоңуз.
ТЕГИЗДӨӨ
Муздаткычтын эффективдүү иштеши үчүн, анын тегиз жерде ор-
нотулганы маанилүү. Муздаткычты ордуна орноткондон кийин,
анын тууралоочу буттарын айландырып, анын ордун жөндөңүз.
Муздаткычтын артка эңкейиши 5° дан ашпашы керек.
ЭЛЕКТР ТАРМАГЫНА КҮЙГҮЗҮҮ
Муздаткыч классы 1 электр тогунан сактануу даражасына
ылайык даярдалган жана жерге туташуусу бар эки уюлдуу ро-
зетканын жардамы менен куйгүзүлөт.
Электр тармагына күйгүзүүдөн мурун ынаныңыз:
тармактын чыңалуусу муздаткычтын арткы бетиндеги атайын
тактайчада көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келет;
электр розеткасынын жерге туташуусу бар байланыш электр
тармактын электр менен камсыздоо кабелдин жерге туташуу-
су бар зымга туташтырылган (туташтыруучу зым 10 А дан кем
эмес токко эсептелген болушу керек);
розетка менен сайгычы бир түрдө; эгер сайгычы розеткага
дал келбесе, розетканы камсыздоо зымдын сайгычына ылай-
ык кылып алмаштырыш керек уну квалификациялуу элек-
трик жасаш керек).
Муздаткыч розеткасына ар дайым жетет тургандай кылып
орнотулуш керек. Берилген колдонмодо көрсөтүлгөн, кубаттуу
тиричилик шаймандарынын коопсуздук талаптарын бузуу ме-
нен туташтырылган муздаткыч кооптуу. Өндүрүүчү белгиленген
орнотуу стандарттарын сактабагандыктан ден-соолукка жана
мүлккө келтирилген зыян үчүн жооптуу эмес.
5. МУЗДАТКЫЧТЫ КҮЙГҮЗҮҮДӨН
МУРУН ИШТЕТҮҮ
Муздаткычты орнотуудан кийин, электр тармакка 3 сааттан кий-
ин күйгүзүш керек. Ошентип, ташуудан кийин муздаткыч туура
иштеши үчүн зарыл болгон муздатуучу зат туура бөлүштүрүлөт.
Бир нече саат өткөндөн кийин муздаткычты электр тармагына
куйгүзгөндөн кийин, сиз анын ичине азыктарды салсаңыз бо-
лот. Компрессор менен оюктун арткы дубалынын ортосундагы
транспорттук арачыларды, ошондой эле шаймандын кыймылдуу
бөлүктөрүн жылдырбай турган башка арачыктарды жана жа-
бышчак ленталарды алып салыңыз.
Эгер шаймандын пластик пленкадан жасалган коргоочу каптоо-
су бар болсо, анда аны боёкторуна же бөлүктөрүнүн жабуусуна
зыян келтирбеш үчүн, этияттык менен алып салыңыз.
МУЗДАТКЫЧ БӨЛҮМҮНДӨ МУЗДАТУУ РЕЖИМДЕРИН ОРНОТУ
(2-СҮРӨТ)
Сиз шайманды биринчи жолу күйгүзгөнүңүздө муздаткыч
бөлүмдүн дисплейиндеги индикаторлор бир убакта 3 секунд
күйөт. Андан кийин, аппарат кадимки режимге өтөт, C индика-
тору күйөт.
Керектүү температура режимин тандоо үчүн орнотуу баскычын
(11) бир нече жолу басыңыз, тиешелүү индикатор күйөт:
A - температура режими 6-10 ⁰С;
B - температура режими 4-8 ⁰С;
C - температура режими 1-7 ⁰С;
D - температура режими 0-4 ⁰С.
ЭСКЕРТҮҮ: муздаткыч камеранын туруктуу иштеши үчүн сунуш-
талган температура C (1-7 ⁰C).
ТОҢДУРГУЧ КАМЕРАНЫ КОЛДОНУУ
Азыктарды сактоо үчүн эң жакшы шарттарды камсыз кылыш
үчүн, төмөндө жазылган сунуштарды аткарыңыз. Тоңдурулат
турган жана тоңдуруучу камерада сакталат турган азыктарды,
ашыкча үшүк пайда болбошу үчүн, жакшылап ороп салыш керек.
Тоңдургуч камеранын ичине коюлган азыктардын арткы жана
капталдагы дубалдарына тийбегени жакшы.
Туура сактоо үчүн жана кийинки эритүүнүн жеңилдиги үчүн,
азыктарды кичинекей бөлүктөргө бөлүп салыңыз.
Муздаткыч камеранын ичине тоңот турган суюктуктар ме-
нен толтурулган айнек идиштерди койбоңуз, өзгөчө алардын
ичинде бекем жабылган көпүрөктүү жана газдалган суу-
сундуктар бар болсо. Суюктук, кристалдашып, идишти бузуп
салышы мүмкүн.
Нымдуулук жогорулап кетпеши үчүн, муздаткыч камеранын
ичине капкаксыз идиштеги суюктуктарды койбоңуз, анткени
бул температуранын көтөрүлүшүнө алып келет.
ТОҢДУРУУ БӨЛҮМҮНДӨ ТЕМПЕРАТУРАНЫ ЖОНУНДОО (3-СҮРӨТ)
Тоңдургуч камерадагы температураны амортизаторду (13) жыл-
дыруу менен өзгөртүүгө болот. Үч мүмкүн болгон амортизаторлор
бар (оңдон солго):
Биринчи позиция: температура режими -12 ⁰С;
Экинчи позиция: температура режими -16 ⁰С;
Үчүнчү позиция: температура режими -20 ⁰С.
6. ТЕЙЛӨӨ ЖАНА КАМ КӨРҮҮ
Муздаткычты эритиш үчүн термостаттын кармагычын «О» аба-
лына коюңуз жана муздаткычты электр тармагынан өчүрүңүз.
Эритүү учурда тоңдурулган азыктарды бир нече кабат ороп
салыңыз жана аларды, мүмкүн болушунча, муздак жерге
коюңуз. Кайра күйгүзүүдөн мурун муздатуучу бөлүмдү жууп
салыңыз жана кылдаттык менен кургатып коюңуз.
Эгер иштөө учурунда тоңдургуч камерада калыңдыгы 5 мм
болгон үшүк пайда болуп калса, камераны эритүүгө даярдап
коюш керек. Бул үчүн ичинен азыктарды чыгарып коюп, аларды
муздаткыч камеранын текчелерине жайгаштырып коюш керек.
Андан кийин тоңдургуч камеранын эшигин ачык калтырып,
эриген сууну чогултуш үчүн идиш коюп коюш керек, андан кийин
тоңдургуч камераны жууп кургатып аарчып коюш керек.
Аябай жыттанган азыктарды, жыттар пайда болбошу үчүн,
кийин ыргытып салат турган бекем жабылган контейнерлерде
сактаңыз. Муздаткычтын ички жана тышкы беттерин губка же
жумшак кездеме менен жууңуз. Нейтралдуу жуугуч каражаттар-
ды колдонуңуз. Эч качан порошок абразивдүү жуугуч каражат-
тарды, щелочтуу бирикмелерди, органикалык кычкылтектерди,
ысык сууду колдонбоңуз, бул жылтырак менен боётулган кап-
тоосун бузушу мүмкүн. Курч же металл буюмдарды колдонбоңуз,
бул муздаткычка зыян келтириши мүмкүн.
Бардык алынуучу бөлүктөрдү, самын эритмесин же жуугуч
каражатты кошуп, сууда жууганга болот. Ошондой эле аларды
Страницы: Стр: 19
Комментарии (0)

Добавить комментарий

Другие Холодильники Centek