
29
ТАЗАЛОО ЖАНА КАРОО
•
Үтүктү тазалоонун алдында ал электр тарма-
гына кошулбаганын жана муздак болгонун тек-
шерип алыңыз.
•
Үтүктүн корпусун жумушак, бир аз нымдуу чүпүрөк
менен сүртүп, андан кийин кургатып сүртүңүз.
•
Шаймандын корпусун, электр шнурун жана
кубаттуучу сайгычын сууга же башка ар кыл
суюктуктарга салууга тыюу салынат.
•
Үтүктүн таманындагы кебээрди суу-сирке ара-
лашмасына малынган чүпүрөк менен чыгарса
болот.
•
Кебээрди чыгаргандан кийин тамандын бетин
кургак чүпүрөк менен сүртүңүз.
•
Үтүктүн таманын тазалоо үчүн абразивдүү
жуучу каражаттарды колдонбоңуз.
•
Үтүктүн таманына учтуу металл заттарды
тийгизбеңиз.
САКТОО
•
Температура жөндөгүчүн (11) «MIN» абалына
коюп, бууну үзгүлтүксүз берүүнүн жөндөгүчүн (3)
болсо (15) – буу берүү өчүрүлгөн абалына коюңуз.
Электр шнурунун сайгычын розеткадан суруңуз.
•
Үтүктү тикесинен коюп, толугу менен муздатып
алыңыз.
•
Суу куюучу тешигинин капкагын (2) ачып, үтүктү
көмкөрүп, суу куюлуучу чукурунан (10) калган
суусун төгүп алыңыз.
•
Капкагын (2) жабыңыз.
•
Тармактык шнурун үтүктүн негизине (9) түрсөңүз
болот.
•
Шайманды балдар жана жөндөмдүүлүгү төмөн
болгон адамдар жетпеген жерлерде сактаңыз.
ЖАБДЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
Үтүк – 1 даана.
Өлчөмдүү чынысы – 1 даана.
Колдонмо – 1 даана.
Кепилдик талону – 1 даана.
ТЕХНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨСҮ
Кубаттандыруу чыңалуусу:
220-240 В ~ 50-60 Гц
Номиналдуу иштетүү
кубаттуулугу: 2000-2300 Вт
Максималдуу кубаттуулугу: 2400 Вт
УТИЛИЗАЦИЯЛОО
Айлана чөйрөөнү коргоо максатында шайман
менен азыктандыруучу элементтердин (эгерде
топтомго кирсе) кызмат мөөнөтү бүткөндөн кийин
турмуш-тиричилик калдыктары менен бирге
таштабаңыз, шайман менен азыктандыруучу
элементти андан ары утилизациялоо үчүн ади-
стештирлиген пункттарга бериңиз.
Шаймандарды утилизациялоодон пайда бол-
гон калдыктарды милдеттүү түрдө чогултуп,
андан соң белгиленген жолунда утилизация-
лоо зарыл.
Бул шайманды утилизациялоо жөнүндө кошумча
маалымыт алуу үчүн жергиликтүү өкмөткө, тур-
муш-тирчилик калдыктарды утилизациялоо
кызматына же бул шайманды алган дүкөнгө
кайрылыңыз.
Өңдүрүүчү шаймандардын жалпы иштөө прин-
циптерине таасир этпеген дизайнин, кон-
струкциясын жана техникалык мүнөздөмөлөрүн
алдын ала эскертпей өзгөртүү укугун сактайт,
ошол себептен колдонмо менен шаймандын
маанилүү эмес айырмачылыктар болуу мүмкүн.
Колдонуучу ушундай келишпегендиктерди
тапса, ал жөнүндө info@vitek.ru электрондук
почтасына жазып, шаймандын жаңырланган
версиясын алса болот.
Шаймандын кызмат мөөнөтү – 3 жыл
Кепилдик
Кепилдик берүү шарттары тууралуу толук маалы-
маттар буюмду саткан сатуучудан алууга болот.
Кепилдик шарттарына ылайык талап кылып
сатылган товарга чек же дүмүрчөктү көрсөтүү
керек.
Добавить комментарий