
29
ҮТҮКТӨӨ ТЕМПЕРАТУРАСЫН КОЮУ
• Үтүктү түбүнө (9) коюңуз.
• Кубаттуучу сайгычын электр розеткасына
сайыңыз.
• Температура жөндөгүчүн (11) бурап,
керектүү үтүктөө температурасын коюңуз:
«•», «••», «•••», «МАХ». (кездеме түрүнө
карата), ошондо индикатору (7) күйөт.
• Үтүктүн таманы (13) таңдалган темпера-
турасына чейин ысыганда, индикатор (7)
өчөт, эми үтүктөп баштасаңыз болот.
Эскертүү:
– Сиз жогору температурасында үтүк-
төгөн учурунда төмөн температурасына
өтүү зарыл болсо, тамандын температу-
расы төмөндөгөнүн күтүп, индикатору (7)
күйгөндө гана үтүктөсөңүз болот.
СУУ ЧАЧЫРАТКЫЧ
• Сиз суу чачыраткычтын баскычын (5) бир
нече жолу басып, кездемени нымдатсаңыз
болот.
• Чукурунда (10) суусу жетиштүү болгонун
текшерип алыңыз.
КУРГАК ҮТҮКТӨӨ
• Үтүктү түбүнө (9) коюңуз.
• Кубаттуучу сайгычын электр розеткасына
сайыңыз.
• Үзгүлтүксүз буу берүүнүн жөндөгүчүн (3) –
0 буу берүүсү өчүрүлгөн абалына коюңуз.
• Температура жөндөгүчүн (11) бурап,
керектүү үтүктөө температурасын коюңуз:
«•», «••», «•••», «МАХ». (кездеме түрүнө
карата), ошондо индикатору (7) күйөт.
• Үтүктүн таманы (13) таңдалган темпера-
турасына чейин ысыганда, индикатор (7)
өчөт, эми үтүктөп баштасаңыз болот.
• Үтүктү колдонгондон кийин температура
жөндөгүчүн (11) «OFF» абалына коюңуз.
• Сайгычын электр розеткасынан ажыра-
тып, үтүк толугу менен муздаганына чейин
күтүңүз.
БУУ МЕНЕН ҮТҮКТӨӨ
Буу менен үтүктөгөндө үтүктөө температура-
сын «•••», «МАХ» абалдарына коюу зарыл.
• Үтүктү түбүнө (9) коюңуз.
• Үзгүлтүксүз буу берүүнүн жөндөгүчүн (3) –
0 буу берүүсү өчүрүлгөн абалына коюңуз.
• Электр шнурунун сайгычын электр розетка-
сына сайыңыз.
• Чукурунда (10) суусу жетиштүү болгонун
текшерип алыңыз.
• Температура жөндөгүчүн (11) бурап,
керектүү үтүктөө температурасын коюңуз:
«•••», «МАХ», ошондо индикатор (7) күйөт.
• Үтүктүн таманы (13) таңдалган темпера-
турасына чейин ысыганда, индикатор (7)
өчөт, эми үтүктөп баштасаңыз болот.
• Үзгүлтүксүз буу берүүнүн жөндөгүчүн
(3) – буу берүү иштетилген абалына
коюңуз, буу үтүктүн таманындагы (13)
тешиктерден чыгып баштайт.
• Сайгычын электр розеткасынан ажыра-
тып, үтүк толугу менен муздаганына чейин
күтүңүз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Үтүк иштеген учурда буу үзгүлтүксүз берил-
бей калса, температурасынын (11) туура
абалында болгонун жана резервуарында (10)
суу бар болгонун текшерип алыңыз.
БУУНУ КОШУМЧА БЕРҮҮ
Бууну кошумча берүүнүн функциясы бырыш-
тарды үтүктөп түздөткөндө пайдалуу болуп
үтүктөөнүн жогору температуралык режиминде
(температура жөндөгүчү (11) «•••», «МАХ» аба-
лында турганда) гана мүмкүн болот.
• Бууну кошумча берүүнүн баскычын (4)
басканда тамандын тешиктеринен буу
күчөтүп чыгат.
Эскертүү:
– Буу тешиктеринен суу куюлбас үчүн бууну
кошумча берүү баскычын (4) 4-5 секун-
дадан кем эмес интервалы менен басып
туруңуз.
ТИК БУУЛАНТУУ
Тик буулантуу функциясын жогору темпера-
турадагы үтүктөө режиминде гана колдонсо
болот (ал учурда температура жөндөгүчү (11)
«•••» же «MAX» абалында турат). Үтүктү кий-
имден 10-30 см аралыгында тик кармап, бууну
кошумча берүүнүн баскычын (4) 4-5 секун-
дадан кем эмес интервалы менен басып
туруңуз, тамандын (13) тешиктеринен буу
күчөтүп чыгат.
МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТ: синтетикалык кез-
демелерди тик буулантуу рекомендациялан-
ган эмес.
Добавить комментарий