
29
КУРГАК ҮТҮКТӨӨ
•Үтүктү түбүнө (9) коюңуз.
•Кубаттуучу сайгычын электр розеткасына
сайыңыз.
•Үзгүлтүксүз буу берүүнүн жөндөгүчүн (3) –
буу берүүсү өчүрүлгөн абалына коюңуз.
•Температура жөндөгүчүн (11) бурап,
керектүү үтүктөө температурасын коюңуз:
«•», «••», «•••», «МАХ». (кездеме түрүнө
карата), ошондо индикатору (7) күйөт.
•Үтүктүн таманы (13) таңдалган
температурасына чейин ысыганда,
индикатор (7) өчөт, эми үтүктөп баштасаңыз
болот.
•Үтүктү колдонгондон кийин температура
жөндөгүчүн (11) «OFF» абалына коюңуз.
•Сайгычын электр розеткасынан ажыратып,
үтүк толугу менен муздаганына чейин
күтүңүз.
БУУ МЕНЕН ҮТҮКТӨӨ
Үтүк тамчылоого каршы клапаны менен
жабдылган, ал үтүктүн таманынын
температурасы өтө төмөн болгондо суу
берүүсүн токтотот, бул үтүктүн таманындагы
(14) тешиктерде суу тамчылар пайда
болгонуна жол бербейт. Үтүктүн таманы ысып
же муздап турганда сиз тамчылоого каршы
клапандын ачылуу/жабылуунун мүнөздүү тырс
эткенин угасыз, бул клапандын туура иштөөсүн
көрсөтөт.
Буу менен үтүктөгөндө үтүктөө температурасын
«•••», «МАХ» абалдарына коюу зарыл.
•Үтүктү түбүнө (9) коюңуз.
•Үзгүлтүксүз буу берүүнүн жөндөгүчүн (3) -
буу берүүсү өчүрүлгөн абалына коюңуз.
•Электр шнурунун сайгычын электр
розеткасына сайыңыз.
•Чукурунда (10) суусу жетиштүү болгонун
текшерип алыңыз.
•Температура жөндөгүчүн (11) бурап,
керектүү үтүктөө температурасын коюңуз:
«•••», «МАХ», ошондо индикатор (7) күйөт.
•Үтүктүн таманы (13) таңдалган
температурасына чейин ысыганда,
индикатор (7) өчөт, эми үтүктөп баштасаңыз
болот.
•Үзгүлтүксүз буу берүүнүн жөндөгүчүн (3)
– буу берүү иштетилген абалына коюңуз,
буу үтүктүн таманындагы (13) тешиктерден
чыгып баштайт.
•Үтүктү пайдалангандан кийин температура
жөндөгүчүн (11) «OFF» абалына коюп,
бууну үзгүлтүксүз берүүнүн жөндөгүчүн (3)
болсо – буу берүү өчүрүлгөн абалына
коюңуз.
•Сайгычын электр розеткасынан ажыратып,
үтүк толугу менен муздаганына чейин күтүңүз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Үтүк иштеген учурда буу үзгүлтүксүз
берилбей калса, температурасынын
(11) туура абалында болгонун жана
резервуарында (10) суу бар болгонун
текшерип алыңыз.
БУУНУ КОШУМЧА БЕРҮҮ
Бууну кошумча берүүнүн функциясы
бырыштарды үтүктөп түздөткөндө пайдалуу
болуп үтүктөөнүн жогору температуралык
режиминде (температура жөндөгүчү (11) «•••»,
«МАХ» абалында турганда) гана мүмкүн болот.
•Бууну кошумча берүүнүн баскычын (4)
басканда тамандын тешиктеринен буу
күчөтүп чыгат.
Эскертүү: буу тешиктеринен суу куюлбас
үчүн бууну кошумча берүү баскычын (4)
4-5 секунд интервалы менен басып туруңуз.
ТИК БУУЛАНТУУ
Тик буулантуу функциясын жогору
температурадагы үтүктөө режиминде гана
колдонсо болот (ал учурда температура
жөндөгүчү (11) «•••» же «MAX» абалында
турат).
Үтүктү кийимден 10-30 см аралыгында тик
кармап, бууну кошумча берүүнүн баскычын
(4) 4-5 секунд интервалынан кем эмес басып
туруңуз, тамандын (13) тешиктеринен буу
күчөтүп чыгат.
МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТ: синтетикалык
кездемелерди тик буулантуу рекомендация-
ланган эмес.
•Буулантканда кездеме эритпөө үчүн аны
үтүктүн таманы менен тийбеңиз.
•Адам кийип турган кийимди эч качан
буулантпаңыз, себеби чыккан буунун
температурасы өтө чоң, кийим илгичти
колдонуңуз.
•Үтүктөп бүткөндөн кийин үтүктү өчүрүп,
толугу менен муздатып, андан кийин суу
куюучу тешиктин капкагын (2) ачып, үтүктү
көмкөрүп калган суусун төгүп алыңыз.
IM VT-8324.indd 29 14.01.2019 10:23:21
Добавить комментарий