
26
ҮТҮК VT-8321
Үтүк кийим, шейшептерди үтүктөө жана кез-
демелерди тик буулантуу үчүн колдонулат.
СЫПАТТАМА
1. Суу чачыраткыч
2. Суу куюучу тешиктин капкагы
3. Бууну үзгүлтүксүз берүүнүн жөндөгүчү
4. Бууну кошумча берүүнүн баскычы
5. Суу чачыраткычтын баскычы
6. Тутка
7. Ысытуучу элементтин өчүрүп/күйгүзүүнүн
индикатору
8. Электр шнурунун коргоосу
9. Үтүктүн түбү
10. Суу куюлуучу чукур
11. Температуранын жөндөгүчү
12. «Self clean» өзүн өзү тазалоо баскычы
13. Суунун максималдуу деңгээлинин
белгиси
14. Үтүктүн таманы
15. Өлчөмдүү чынысы
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Кошумча коргонуу үчүн электр тар-
магында номиналдуу иштеткен тогу
30 мА ашырбаган коргоп өчүрүүчү
аспабын орнотуу максатка ылайык,
аспапты орнотуу үчүн атайын адиске
кайрылыңыз.
КООПСУЗДК ЧАРАЛАРЫ
Электр шайманды пайдалануудан мурун кол-
донмону көңүл коюп окуп-үйрөнүп, маалымат
катары сактап алыңыз.
Шайманды тике дайындоо боюнча гана,
ушул колдонмодо жазылганга ылайыктуу
колдонуңуз. Шайманды туура эмес пайдала-
нуу анын бузулуусуна, колдонуучуга же кол-
донуучунун мүлкүнө зыян келтирүүгө алып
келиши мүмкүн.
•Шаймандын иштеткендин алдында
иштөө чыңалуусу электр тармагын-
дагы чыңалуусуна ылайык болгонун
текшериңиз.
•Электр шнуру «европалык сай-
гычы» менен жабдылган; анны бекем
жердетүү контакты бар розеткасына
туташтырыңыз.
•Өрт коркунучун жоюу үчүн шайманды
электр розеткасына туташтырганда кошу-
учу түзүлмөлөрдү колдонбоңуз.
•Электр тармагы ашыра жүктөлгөнгө жол
бербөө үчүн пайдалануу кубаттуулугу чоң
шаймандардын бир нечесин бир убакытта
иштетпеңиз.
•Үтүктү имараттардын сыртында же ным-
дуулугу жогору болгон имараттарда
иштетпеңиз.
•Үтүктү тегиз туруктуу беттин үстүнө коюп
же туруктуу үтүктөө тактайын колдонуңуз.
•КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! Үтүктү иштеткенде
анын беттери ысыйт. Күйүк алууга жол
бербөө үчүн териңиздин ачык жерлерине
үтүктүн ысык беттери же чыгарган
буусу тийгенинен сакталыңыз.
•Суу куюлуучу чукурга жыттуу суюктук-
тарды, сиркени, крахмал эритмесин, кебэ-
эрди кетирүүчү реагенттерди, химиялык
каражаттарды ж. б. куюуга тыюу салынат.
•Шайманды аэрозолдорду чачкан же жеңил
жалындап кетүүчү суюктуктар колдонулган
жерлерде колдонбоңуз.
•Үтүктүн тамандын бузулуусуна жол бербөө
үчүн металлдан жасалган сыдырмалары
же топчулары бар нерселерди үтүктөгөндө
этият болуңуз.
•Электр шнуру үтүктөгүч тактанын үстүндө
болбогонун же үтүктүн ысык беттерине
тийбегенин байкап туруңуз.
•Электр тармагына кошулган шайманды
кароосуз калтырбаңыз. Иштетпей тур-
ган же муздатып турган учурларда үтүктү
түбүнө (тик абалына) коюңуз.
•Үтүктү электр тармагына кошуу/ажырату-
унун алдында температура жөндөгүчүн
минималдуу абалына коюп, бууну
үзгүлтүксүз берүүнү өчүрүп алыңыз.
•Үтүктү иштетпеген убакытта аны милдеттүү
түрдө электр тармагынан ажыратыңыз.
•Суу куюлуучу чукурун суу менен толтур-
ганда кубаттуучу сайгычын ар дайым
электр розеткасынан ажыратыңыз.
•Үтүктөгөн учурунда суу куюлуучу тешиги-
нин капкагы жабык болуу зарыл.
•Үтүктү электр тармагынан сурганда аны
шнурду кармап эч качан тартпаңыз, сай-
гычынан кармап суруңуз.
IM VT-8321.indd 26 24.12.2018 14:17:05
Добавить комментарий