
29
• Адам кийип турган кийимди эч качан буулан-
тпаңыз, себеби чыккан буунун темпера-
турасы өтө чоң, кийим илгичти колдонуңуз.
• Үтүктөп бүткөндөн кийин үтүктү өчүрүп,
толугу менен муздатып, андан кийин суу
куюучу тешиктин капкагын (2) ачып, үтүктү
көмкөрүп калган суусун төгүп алыңыз.
АВТОМАТТЫК ТҮРДӨ ӨЧҮҮ
ФУНКЦИЯСЫ
Үтүк горизонталдуу абалында 30 секундага
жакын же тик абалында сегиз минутага жасын
кыймылсыз турса, үтүк автоматтык түрдө
өчөт, ошондо сиз үн белгисин угасыз. Үтүктү
иштетүү үчүн жөн эле үтүктөп баштаңыз.
Эскертүү: - Үтүк кайрадан иштегенден кийин
ал коюлган таманынын температурасына
чейин температура жөндөгүчтүн абалына
карата бир нече убакыттан кийин ысыйт.
БУУ КАМЕРАСЫН ТАЗАЛОО
Үтүктүн кызмат мөөнөтүн узартуу үчүн буу
камерасын мезгилдүү түрдө тазалоо зарыл.
• Бууну үзгүлтүксүз берүүнүн жөндөгүчүн (3)
эң оңку - буу берүү өчүрүлгөгөн - абалына
коюңуз.
• Чукурду (10) жарымына чейин суу менен
толтуруңуз.
• Үтүктү түбүнө (8) коюңуз.
• Кубаттуучу сайгычын электр розеткасына
сайыңыз.
• Жөдөгүчтү (11) буруп, үтүктүн таманынын
максималдуу температурасын «MAX»
коюңуз, ал учурда индикатор (9) күйөт.
• Үтүктүн таманы (14) таңдалган температу-
расына чейин ысып, индикатор (9) өчүп
калганда, буу камерасын тазаласаңыз болот.
• Температура жөндөгүчүн (11) «OFF»
абалына коюп, үтүктү өчүрүңүз.
• Электр шнурунун сайгычын розеткадан
суруңуз.
• Үтүктү жуунманын үстүндө горизонталдуу
кармап, өзүн өзү тазалоо баскычын (12)
басып кармаңыз.
• Кебээр менен кайнаган суу үтүктүн тама-
нындагы (14) тешиктеринен ыргытылып
түшөт.
• Үтүктү чукурда (10) болгон суу төгүлгөнгө
чейин ары-бери акырын силкиңиз.
• Үтүктү түбүнө (8) коюп муздатыңыз.
• Үтүктүн таманы (14) толугу менен
муздаганда, аны кургак чүпүрөк менен
сүртүңүз.
• Үтүктү сактоого алып салуунун алдында
чукурунда (10) суусу жок болуп, үтүктүн
таманы (14) кургак болгонун текшериңиз.
ТАЗАЛОО ЖАНА КАРОО
• Үтүктү тазалоонун алдында ал электр
тармагына кошулбаганын жана муздак
болгонун текшерип алыңыз.
• Үтүктүн корпусун жумшак, бир аз нымдуу
чүпүрөк менен сүртүп, андан кийин кургатып
сүртүңүз.
• Үтүктүн таманындагы (14) кебээрди суу-
сирке аралашмасына малынган чүпүрөк
менен чыгарса болот.
• Кебээрди чыгаргандан кийин тамандын (14)
бетин кургак чүпүрөк менен сүртүңүз.
• Үтүктүн таманын (14) тазалоо үчүн абра-
зивдүү жуучу каражаттарды колдонбоңуз.
• Үтүктүн таманына (14) учтуу металл
заттарды тийгизбеңиз.
САКТОО
• Температура жөндөгүчүн (11) «OFF»
абалына коюп, бууну үзгүлтүксүз берүүнүн
жөндөгүчүн (3) болсо эң оңку - буу берүү
өчүрүлгөн абалына коюңуз.
• Тармактык шнурдун айрысын розеткадан
сууруңуз.
• Суу куюучу тешигинин капкагын (2) ачып,
үтүктү көмкөрүп, суу куюлуучу чукурунан
(10) калган суусун төгүп алыңыз.
• Капкагын (2) жабыңыз.
• Үтүктү тикесинен коюп, толугу менен
муздатып алыңыз.
• Үтүктү тик абалында балдар жана
жөндөмдүүлүгү төмөн болгон адамдар
жетпеген кургак салкын жерлерде сактаңыз.
ЖАБДЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
Үтүк – 1 даана.
Өлчөмдүү чынысы – 1 даана.
Колдонмо – 1 даана
ТЕХНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨСҮ
Кубаттандыруу чыңалуусу: 220-240 В ~ 50-60 Гц
Номиналдуу иштетүү кубаттуулугу: 2000-2400 Вт
Максималдуу кубаттуулугу: 2400 Вт
VT-8317.indd 29 7/5/19 2:26 PM
Добавить комментарий