
15
ЭЛЕКТР ШЫПЫРГЫ VT-8180
Аккумулятордук электр шыпыргы жылмакай жана сууга
чыдамдуу бети бар жертамандык каптагычтарды таза-
лоо үчүн дайындалган.
СЫПАТТАМА
1. Тутка
2. Суу чачыраткычтын баскычы
3. Иштетүү/өчүрүү баскычы
4. Телескоптук түтүктүн бекитмеси
5. Телескоптук түтүкчө
6. Кубатынын индикатору
7. Бекитме баскычы
8. Чечилме аккумулятор
9. Суу куюучу тешиктин капкагы
10. Суу чачыраткыч
11. Кездеме саптамалар
12. Тармактык адаптер
13. Өлчөмдүү чыны
КООПСУЗДК ЧАРАЛАРЫ
Электр түзмөктү пайдалануудан мурун колдонмону
көңүл коюп окуп-үйрөнүңүп, бүткүл кызмат мөөнөтүнө
сактап алыңыз. Түзмөктү туура эмес пайдалануу анын
бузулуусуна, колдонуучуга же колдонуучунун мүлкүнө
зыян келтирүүгө алып келиши мүмкүн.
Өрт коркунучун азайтуу үчүн, электр тогу ургандан, жа-
ракат алуудан коргонуу үчүн төмөнкүдөгү колдонмону
колдонуңуз.
• Бул шайманды колдонмосуна ылайык гана
колдонуңуз.
• Электр шыпыргыны жылмакай жана сууга
чыдамдуу бети бар жертаман каптагычтарды
тазалоо үчүн колдонуңуз, башка түрдүү жертаман
каптагычтарды жыйноого тыюу салынган.
• Топтомуна кирген бөлүктөрүн гана колдонуңуз.
• Аккумулятор батареясын биринчи
кубаттандыруунун алдында желе адаптердин
чыңалуусу электр тармагынын чыңалуусуна
ылайык болгонун текшерип алыңыз.
• Аккумуляторду нымдуулугу жана температурасы
жогору болгон жайларда кубаттандырбаңыз.
Аккуумуляторду +5°C-тан +35°C-ка чейинки
температурасында жана 80%-тен жогору
эмес болгон салыштырмалуу нымдуулугунда
кубаттандырыңыз.
• Желе адаптер розеткасына сайылып турганда аны
кароосуз таштабаңыз.
• Желе адаптердин корпусуна суу колуңуз менен
тийбеңиз.
• Жыйноонун алдында башка буюмдарды жерта-
мандан алып салыңыз.
• Жыйноо убагында узарткычтардын ж.у.с. бооло-
рунун үстүнөн түзмөктү тартып өткөзүүгө тыюу
салынат.
• Чач же эркин салаңдап турган кийимдин бөлүктөрү
айланма кездеме саптамаларга тийүүдөн
абайлаңыз.
• Электр шыпыргыны бензин, эриткичтер катары
бат жалындап кетүүчү суюктуктарды чогултуу үчүн
колдонууга тыюу салынат. Ушул суюктуктар сак-
талган жайында электр шыпыргыны колдонууга
тыюу салынат.
• Чаң соргуч,желе адаптер менен аккумуля-
тор батареясын сууга же башка суюктуктарга
салбаңыз.
• Иштеп жаткан шаймандын жанында балдар же
мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жүрсө, өтө этият
болуңуз.
• Бул түзмөк балдар колдонгону үчүн арналган эмес.
• Шайман иштеп турганда же иштөө циклдердин
арасында аны балдар жетпеген жерде сактаңыз.
• Бул шайман дене күчү, сезими же акыл-эси
жагынан жөндөмдүүлүгү чектелген (ошонун
ичинде балдар да) адамдар же колдонуу боюнча
тажрыйбасы же билими жок болгон адамдар,
эгерде алардын коопсуздугуна жооптуу адам
аларды көзөмөлдөп же нускамалоо болбосо кол-
донуу үчүн ылайыкташтырылган эмес.
• Балдар түзмөк менен ойногонго жол бербегени
үчүн аларга көз салуу зарыл.
• Балдардын коопсуздугу үчүн таңгак катары кол-
донулган полиэтилен баштыктарды кароосуз
таштабаңыз.
Көңүл буруңуз! Балдарга полиэтилен баштыктары
же таңгактоочу пленка менен ойноого уруксат
бербеңиз. Бул тумчугуунун коркунучун жаратат!
• Желе адаптери менен кошуу шнурунун
бузулуулары жок болгонун мезгилдүү түрдө тек-
шерип туруңуз.
• Желе адаптердин, тармактык шнурдун
бузулуулары бар болсо, шайман иштеп-иште-
бей турса же кулап түшсө аны иштетүүгө тыюу
салынат.
• Шайманды өз алдынча оңдогонго тыюу салынат.
Түзмөктү өз алдынча ажыратпай, ар кыл бузулуу-
лар пайда болгон учурларда аны өчүрүп, кепилдик
талонундагы же www.vitek.ru сайтындагы тизме-
сине кирген автордоштурулган (ыйгарым укуктуу)
тейлөө борборуна кайрылыңыз.
• Бузулуулар пайда болбоо үчүн шайманды завод-
дук таңгагында гана транспорттоо зарыл.
• Аккумулятор батареянын абалын байкап туруңуз.
Эгерде түзмөк узак убакытка пайдаланылбай тур-
ган болсо, азык элементин батарея бөлүгүнөн
чыгарыңыз.
• Түзмөктү балдар жана жөндөмдүүлүгү чектелген
адамдар колу жетпеген жерлерде сактаңыз.
БУЛ ТҮЗМӨК ТУРМУШТУРУКТУУ ШАРТТАРДА КОЛ
ДОНГОНУ ҮЧҮН ГАНА АРНАЛГАН. ШАЙМАНДЫ КОМ
МЕРЦИЯЛЫК ПАЙДАЛАНУУГА ЖАНА ӨНДҮРҮШ ЗО
НАЛАРДА ЖАНА ЖУМУШЧУ ИМАРАТТАРДА ТҮЗМӨКТҮ
ИШТЕТҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНАТ.
БИРИНЧИ ЖОЛУ КОЛДОНООРДУН АЛДЫНДА
Түзмөктү төмөн температурада ташылган же
сакталган болсо, бөлмөнүн температурасында ке
минде үч саат кармап туруп, анан иштетүү керек.
Түзмөктү кураштыруу
• Телескоптук түтүкчөнү (5) орнотуп, түтүкчө (5)
бекитмеси (7) менен жакшы бекитилгенин текше-
рип алыңыз (сүр. 1).
• Телескоптук түтүкчөгө (5) туткасын (1) орнотуп
алыңыз (сүр. 2).
VT-8180.indd 15 9/11/20 10:44 AM
Добавить комментарий