
23
–
Циклоникалык чыпкасын (24) коюлуучу жайына
орнотуп, андан соң капкагын (23) жабыңыз.
–
НЕРА-чыпкасын (25) ордуна коюуңуз.
–
Кураштырылган чаң топтогуч контейнерди (11)
чаң соргучтун корпусуна орнотуңуз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Чаң топтогуч контейнерди (11) чаң соргучтун
корпусуна орнотуудан мурун
НЕРА-чыпкасы(25) кургак болуп, чаң топтогуч
контейнердин (11) ичинде суусу жок болгонун
текшерип алыңыз.
Чыгуучу НЕРА-чыпканы (21) тазалоо
•
Чаң соргучун өчүрүп, электр тармагынан
ажыратыңыз.
•
Бекитмени (19) ылдый басып, чыгуучу чыпканын
капкагын (20) чечиңиз, НЕРА-чыпканы (21)
чыгарыңыз.
•
НЕРА-чыпкасын (21) бир аз жылуу суунун
астында жууп алыңыз. Чыпкаларды жууш үчүн
идиш жуучу аспапты колдонбоңуз.
•
НЕРА-чыпканы (21) кургатып алыңыз. НЕРА-
чыпканы (21) фен менен кургатууга тыюу
салынат.
•
НЕРА-чыпкасын (21) ордуна коюуңуз.
•
Аба чыгуучу чыпканын панжарасын (20) ордуна
коюңуз.
Эскертүү:
–
НЕРА-чыпкасын (21) орнотуунун алдында ал
кургак болгонун текшерип алыңыз.
–
НЕРА-чыпканы (21) фен менен кургатууга
тыюу салынат.
Чаң соргучтун корпусу
–
Чаң соргучтун корпусун бир аз нымдуу жумшак
чүпүрөк менен сүртүп, кургатып сүртүп туруңуз.
–
Чаң соргучтун корпусун, электр шнурун
жана шнурунун сайгычын сууга же башка
суюктуктарга салууга тыюу салынат. Чаң
соргучтун ичине суу куюлуусуна жол бербеңиз.
–
Чаң соргучтун корпусун тазалоо үчүн
эриткичтерди жана абразивдүү тазалоо
каражаттарды колдонууга тыюу салынат.
САКТОО
•
Чаң соргучту узак убакытка сактоого алып
салуудан мурда анын корпусун, чаң топтогуч
контейнери (11) менен чыпкаларын (21, 24, 25)
тазалап алыңыз.
•
Сактоонун ыңгайлуулугу үчүн щетканы
горизонталдуу коюу жайын (17) колдонуңуз.
•
Чаң соргучту балдар жетпеген кургак салкын
жерде сактаңыз.
ЖАБДЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
1.
Чаң топтогуч контейнери менен чыпкалары
орнотулган чаң соргуч – 1 даана.
2.
Ийилчээк түтүкчөсү – 1 даана.
3.
Телескоптук узарткыч түтүгү – 1 даана.
4.
«АСТАНА/КИЛЕМ» которгучу бар
универсальдык щетка – 1 даана.
5.
Жылчык насадка – 1 даана.
6.
Эмерек үчүн щетка насадкасы – 1 даана.
7.
Колдонмо – 1 даана.
ТЕХНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨСҮ
Кубаттандыруу шыкалуусу: 220-240 В ~ 50 Гц
Максималдуу пайдалануу кубаттуулугу: 2200 Вт
Соруу кубаттуулугу: 350 Вт
Өңдүрүүчү шаймандардын дизайнин жана
техникалык мүнөздөмөлөрүн алдын ала
билдирбей өзгөртүү укугун сактайт
УТИЛИЗАЦИЯЛОО
Айлана чөйрөөнү коргоо максатында шайман
менен азыктандыруучу элементтердин кызмат
мөөнөтү бүткөндөн кийин аларды жөнөкөй турмуш-
тирчилик калдыктары менен чогу ыргытпай,
шайман менен азыктандыруучу элементтерин
утилизациялоо үчүн атайын адистештирилген
пункттарына тапшырыңыз.
Шаймандарды утилизациялоодон пайда болгон
калдыктарды милдеттүү түрдө чогултуп, андан соң
белгиленген жолунда утилизациялоо зарыл.
Бул шайманды утилизациялоо жөнүндө кошумча
маалымыт алуу үчүн жергиликтүү өкмөткө, турмуш-
тирчилик калдыктарды утилизациялоо кызматына
же бул шайманды алган дүкөнгө кайрылыңыз.
Шаймандын кызмат мөөнөтү – 3 жыл
Кепилдик
Кепилдик берүү шарттары тууралуу толук
маалыматтар буюмду саткан сатуучудан алууга
болот. Кепилдик шарттарына ылайык талап кылып
сатылган товарга чек же дүмүрчөктү көрсөтүү
керек.
IM VT-8107.indd 23 24.10.2017 15:23:32
Добавить комментарий