
24
чаң соргучтун ичинен чыгарып алыңыз
(сүрөт 1).
•
Илгичтерин (25) ачып, контейнердин капкагын
(19) чечиңиз.
•
Контейнердин асты жагын (26) MAX белгисине
чейин суу менен толтуруңуз.
Эскертүү: Суунун керектүү көлөмү 600 мл
жакын.
•
Капкакты (19) контейнердин асты жагы-
нын (26) үстүнө орнотуп, илгичтерин (25)
бекитиңиз.
•
Чаң менен таштанды үчүн контейнерди ордуна
коюуңуз, контейнер чаң соргучтун корпусунун
ичинде бекитилип калганын текшериңиз.
Ийилчээк түтүкчөсүн туташтыруу жана
чечүү (сүрөт 2)
•
Ийилчээк түтүкчөнүн учун (8) аба алуучу теши-
гине (6) киргизиңиз. Ийилчээк түтүкчө туура
туташтырылганын белгилеген тырс этүүсүнө
чейин аны киргизип туруңуз.
•
Ийилчээк түтүкчөсүн чечүү үчүн бекитмелерин
(7) басып, түтүкчөнү чечиңиз.
Телескоптук түтүкчө менен насадкаларды
туташтыруу (сүрөт 3, 4)
•
Телескоптук узарткыч түтүкчөсүн (11) ийилчээк
түтүкчөсүнүн туткасына (10) туташтырыңыз.
•
Телескоптук түтүкчөнүн ылдый жагын бекит-
месин алдын ала басып керектүү узундугуна
чыгарыңыз.
•
Керектүү насадкасын: астана/килем үчүн щет-
касын (12), кичи щеткасын (15), жылчык насад-
касын (16), эмеректин капталышын тазалоо
үчүн насадкасын (17) же турбощеткасын (18)
таңдап телескоптук узарткыч түтүкчөсүнө (11)
туташтырыңыз.
Астана/килем үчүн щетка (12) (сүрөт 5, 6)
Щёткадагы которгучун керектүү абалына (жыйна-
луучу беттин түрүнө карата) коюңуз.
Кичи щеткасы (15)
Щётка эмеректин үстүндөгү чаңды чогултуу үчүн
арналган, щёткадагы түгү эмеректин жылмалан-
ган беттерин чийилип бузулуусуна жол бербейт.
Жылчык насадкасы (16)
Насадка радиаторлорду, жарыктарды, бурчтарды
же дивандын жаздыктарынын арасын тазалоо
үчүн арналган.
Эмеректин капталышын тазалоо үчүн
насадкасы (17)
Насадка эмеректин кездеме капталышын таза-
лоо үчүн арналган.
Турбощетканы (18)
Турбощетканы (18) астананы жыйноо, узун
жана кыска түгү бар килемдерди тазалоо үчүн
колдонсоңуз болот, ал килемдерден жаныбар-
лардын жүнүн тазалоого эң жакшы ылайыкташ-
тырылган. Катуу кылдары бар цилиндр түрүндөгү
щетка аба агымынын таасиринен айланып, анын
кылдары килемдин түгүнөн жаныбарлардын
жүнүн эффективдүү «тарап» чыгарып, таштан-
дыларды «шыпырып» чыгат.
Эскертүү: щетка аланганынан килемдин бузу
луусуна жол бербөө үчүн узун чачы жана 15 мил
лиметрден узун түгү бар килемди турбощетка
менен тазалоого тыюу салынат. Турбощет
каны электр шнурлардын үстүнөн өткөзбөңүз,
жыйнап бүткөндөн кийин милдеттүү түрдө чаң
соргучту токтоосуз өчүрүңүз.
КОЛДОНУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ
Көңүл буруңуз!
Суу чыпкасы бар чаң соргуч имараттарды
кургак жыйнаганына гана арналган, сууну же
ар кыл башка суюктуктарды чаң соргуч ме
нен жыйноого тыюу салынат.
Иштетүүнүн алдында электр шнурун керектүү
узундугуна тартып чыгарып, кубаттуучу сайгычын
электр розеткасына сайыңыз. Электр шнурун-
дагы сары белгиси шнурдун максималдуу узунду-
гун белгилейт. Электр шнурун кызыл белгисинен
ары тартууга тыюу салынат.
Көңүл буруңуз!
Чаң соргучту ар дайым суу менен толтурул-
ган, чыпкалары (20, 21, 24) орнотулган чаң ме-
нен таштанды үчүн контейнери орнотулганда
гана иштетиңиз. Чыпкалары туура орнотулга-
нын ар дайым текшериңиз
•
Чаң соргучту иштетүү үчүн иштетүү/өчүрүү
баскычын (3) басыңыз.
•
Иштетүү убагында соруу кубаттуулугун
жөндөгүчү (2) аркылуу жөнгө салсаңыз болот.
•
Имаратты тазалап бүткөндөн кийин иштетүү/
өчүрүү баскычын (3) басып, кубаттуучу сайгы-
чын электр розеткасынан ажыратыңыз.
•
Электр шнурун түрүп жыйноо үчүн шнурун
түрүү баскычын (1) басып, түрүлүп турган
шнуру чалынып бузулбоо үчүн аны колуңуз
менен тосуп туруңуз.
•
Килемдер жана жумшак эмеректи так кетир-
гичтер жана атайын жуучу каражаттары менен
тазалагандан кийин калган көбүктү чаң соргуч
менен контейнерине атайын жуучу чаң сор-
гучтар үчүн көбүктү нейтрализациялоо кара-
жатты кошкондон кийин гана жыйнасаңыз
болот. Өңдүрүүчү фирманын көрсөтмөсүнө
жараша дозасын сактаңыз.
IM VT-8100.indd 24 10/6/20 3:11 PM
Добавить комментарий