
19
Эскертүү:
– контейнерге (8) 250 г ашык кофе
дандарын салбаңыз;
– Контейнерди (8) капкагы (7) менен
жабыңыз.
– Жөндөгүчүн (11) бурап, кофе дандарын
керектүү майдалатуу деңгээлин таңдаңыз.
«COARSE» – ири тарттыруу, кофени
кофейниктерде демдөө үчүн
«MEDIUM» – орточо тарттыруу, тамчылаган
кофе кайнаткычтар үчүн
«FINE» – помпа кофе кайнаткычтарга
ылайыктуу кофени тарттыруу деңгээли
«EXTRA FINE» – эң майда тарттыруу,
кофени чыныда демдөө үчүн
Эскертүү: - кофе дандарын майдалатуу
деңгээлин таңдаганда сиз жөндөгүчтү (11)
шкаланын ичинде ар кайсы абалына койсоңуз
болот.
– Кубаттуучу сайгычын электр розеткасына
сайыңыз.
– Жөндөгүчтү (5) бурап, тарттырылган
кофенин керектүү көлөмүн коюңуз.
– Баскычты (6) « » басып, шайманды
иштетиңиз.
Эскертүү:
– шайманды иштетүүнүн алдында
идиштери (1 жана 8) туура орнотулуп,
капкактары (2 жана 7) менен жабылганын
текшерип алыңыз, андай болбосо шайман
иштебейт;
– кофе майдалагыч иштеп турган убагында
кофе даны тегирмендерге өтпөй турса,
кофе майдалагычты бир аз терметүү же
акырындык менен силкүү зарыл.
– Кофе майдалагыч автоматикалык түрдө
өчөт.
– Шайман иштеп турган учурунда идишинде
(8) кофе түгөнсө же кофе майдалагычты
тез түрдө өчүрүү зарыл болсо, өчүрүү/
күйгүзүү баскычын (6) «» кайрадан
басыңыз.
– Майдалатып бүткөндөн кийин кубаттуучу
сайгычын электр розеткасынан
ажыратыңыз.
– Даяр суусундуктун эң жакшы даамын алуу
үчүн талкаланбаган кофенин керектүү
көлөмүн кофе бышыруунун алдында
майдалатуу рекомендацияланат.
– Тарттырылган кофенин даамы бузулганына
жол бербегени үчүн жаңы тарттырылган
кофени бекем жабылган банкаларда
же вакуум таңгагында сактаганы
рекомендацияланат.
ТАЗАЛОО ЖАНА САКТОО
– Тазалоонун алдында кофе майдалагычты
электр тармагынан ажыратыңыз.
– «БИРИНЧИ КОЛДОНУУНУН АЛДЫНДА»
бөлүгүндө көрсөтүлгөндөй кофе
майдалаткычты ажыратып алыңыз.
– Болгон чечилме бөлүктөрүн (1, 2, 7, 8)
нейтралдуу жуучу каражат кошулган жылуу
сууга жууп, чайкап, жакшылап кургатып
алыңыз.
– Болгон чечилме бөлүктөрүн тазалоо үчүн
идиш жучу аспапты колдонууга тыюу
салынат.
– Үстүнкү тегирмен ташын (9) саат жебесинин
багыты боюнча « » бурап чечиңиз.
– Ички жана үстүнкү тегирмен ташын
щеткача менен тазаласа болот.
– Үстүнкү тегирмен ташын (9) саат
жебесинин багыты боюнча « » бурап
ордуна орнотуңуз.
– Кофе майдалаткычтын корпусун (12)
жумшак бир аз нымдуу чүпүрөк менен
сүртүп, андан соң кургатып сүртүңүз.
– Кирди кетирүү үчүн нейтралдуу жуучу
каражаттарды колдонуп, металл щетка-
ларды, абразивдүү жуучу каражаттарды же
эриткичтерди колдонбоңуз.
– Кофе майдалаткычты, электр шнурун жана
кубаттуучу сайгычын сууга же башка ар
кыл суюктуктарга салбаңыз.
– Чечилме бөлүктөрүн жууганы үчүн идиш
жуучу аспапты колдонбоңуз.
– Кофе майдалаткычты балдар жана
жөндөмдүүлүгү төмөн болгон адамдар колу
жетпеген жерлерде сактаңыз.
ЖАБДЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
Кофе майдалаткыч, кураштырылган –
1 даана.
Колдонмо – 1 даана.
ТЕХНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨСҮ
Номиналдуу чыңалуусу: 220-240 В ~ 50 Гц
Номиналдуу иштетүү кубаттуулугу: 200 Вт
IM VT-7125.indd 19 23.03.2018 16:55:48
Добавить комментарий