
19
Корголбогон колуңуз менен шаймандын
корпусун тийбеңиз. Ысыктан коргоочу
ашкана колгабын кийиңиз.
–
Азыктар бышкандан кийин туткасынан (3)
кармап үстүнкү иштөө бетин (4) көтөрүп
алыңыз.
–
Жыгач же ысыка чыдамдуу пластмасса
ашкана аксессуарларын колдонуп, азыктарды
ылайыктуу идишке чыгарып салыңыз.
–
Грильди жабыңыз. Жарык индикатору (5)
өчкөндө, азыктарды бышырууну улантсаңыз
болот.
–
Азыктарды бышырып бүткөндө, кубаттуучу
сайгычын розеткасынан чыгарып алыңыз.
–
Грильди тазалоодон мурун ал толугу менен
муздаганын күтүңүз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР!
•
Азыктарды бышыруу мезгилинде май топтоочу
идишин (1) ар дайым ордуна коюңуз.
•
Иштөө беттери (2, 4) ысып турган кезинде
грильди ачпаңыз. Гриль жабык болгондо иштөө
беттери (2, 4) бирдей жана батыраак ысыйт.
Этият болуңуз: гриль иштеп турган учурда
корпусу абдан катуу ысыйт, күйүктөр болбоо
үчүн шаймандын ысык беттерин тийбеңиз,
грильди ачкан учурда туткасынан (3) гана
кармаңыз.
•
Этият болуңуз, иштөө беттеринин (2 и 4)
арасынан буу чыгуудан сак болуңуз. Колуңузду
иштөө беттерине (2 и 4) жакын келтирбеңиз же
денеңиздин ачык жактарын алардын жанында
жайгашпаңыз.
•
Тоңдурулган азыктарды эритүү же бышыруу
үчүн грильди колдонбоңуз.
•
Чоң сөөгү бар эттин кесимдерин бышырбаңыз.
•
Бышыруу мөөнөтү колдонулган азыктарга
байланыштуу.
•
Азыктарды жегенден мурун алар толугу менен
куурулганын текшерип алыңыз.
•
Азыктарды бышыргандан кийин токтоосуз
шаймандын ичинен чыгарыңыз, азыктар
иштеп турган аспаптын ичинде өтө көп турганы
алардын өрттөнүүсүнө алып келүү мүмкүн.
•
Бышырылган азыктарды иштөө беттердин (2
и 4) күйгүзбөс катмарын бузула турган учтуу
металл заттары менен чыгарууга тыюу салынат.
Ар дайым күйгүзбөс катмары бар идиштер үчүн
арналган пластик же жыгач аксессуарларды
гана колдонуңуз.
ТАЗАЛОО ЖАНА КАРОО
–
Грильди ар колдонгондон кийин тазалап
туруңуз.
–
Грильди иштетип бүткөндөн кийин кубаттуучу
сайгычын розеткасынан чыгарыңыз.
–
Грильди ачып, ал үй температурасына чейин
муздаганын күтүңүз.
–
Иштөө беттерин (2, 4) тазалап, нымдуу чүпүрөк
менен сүртүп, андан кийин кургатып сүртүңүз.
–
Грильдин корпусун жумшак, бир аз нымдуу
чүпүрөк менен сүртүп, андан кийин кургатып
сүртүңүз.
–
Май топтоочу идиштен (1) майын төгүп, идишти
(1) нейтралдуу жуучу каражат менен жылуу
сууга жууп, андан кийин кургатып сүртүңүз.
–
Грильдин иштөө беттери (2 и 4) менен корпусун
тазалоо үчүн абразивдүү жуучу каражаттарды,
эриткичтерди же металл жышыгычтарды
колдонууга тыюу салынат, себеби алар
күйгүзбөс катмарын же грильдин корпусунун
тышкы жагын бузуу мүмкүн.
–
Грильди, электр шнурун жана кубаттануучу
сайгычын эч качан сууга салбаңыз!
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Ток урбоо үчүн
шайманды сууга же башка суюктуктарга
салбаңыз.
САКТОО
•
Грильди сактоо жайына алып салуунун
алдында иштөө беттери (2, 4) менен
шаймандын корпусун тазалап алыңыз.
•
Ыңгайлуулук үчүн шайманды тикесинен
сактаганда иштөө беттерин (2, 4) бекитмеси (6)
менен бекитип алыңыз.
•
Шайманды балдар жана жөндөмдүүлүгү төмөн
болгон адамдар жетпеген жеринде сактаңыз.
ЖАБДЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ
Гриль-пресс – 1 даана
Майды топтоочу идиш – 1 даана
Колдонмо – 1 даана
ТЕХНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨСҮ
Кубаттандыруу чыңалуусу: 220-240 В ~ 50 Гц
Максималдуу иштетүүчү кубаттуулугу: 1500 Вт
Өңдүрүүчү шаймандардын дизайнин жана
техникалык мүнөздөмөлөрүн алдын ала
билдирбей өзгөртүү укугун сактайт.
Шаймандын кызмат мөөнөтү – 3 жыл
Кепилдик
Кепилдик берүү шарттары тууралуу толук
маалыматтар буюмду саткан сатуучудан алууга
болот. Кепилдик шарттарына ылайык талап кылып
сатылган товарга чек же дүмүрчөктү көрсөтүү керек.
IM VT-2634.indd 19 13.02.2017 9:26:25
Добавить комментарий