Vitek VT-2631

Данная инструкция на русском языке предназначена для гриля Vitek VT-2631, описывает принцип работы и основные моменты эксплуатации устройства. Перед первым включением рекомендуется внимательно изучить данное руководство.

Инструкция для гриля представлена в формате PDF, который поддерживается на всех современных устройствах, так что сложностей с открытием файла возникнуть не должно. Но если открыть документ не получается, установите любую программу для чтения PDF файлов, например Acrobat Reader.

Чтобы распечатать инструкцию, нужно ее сначала скачать, для этого кликните по кнопке «Скачать инструкцию», файл откроется в новой вкладке, затем нажмите комбинацию клавиш Сtrl + P и из открывшегося диалогового окна, отправьте документ на печать.

Страницы: Стр:
18
КЫРГЫЗ
Балдар түзмөк менен ойногонго жол бербегени
үчүн аларга көз салуу зарыл.
Шайман иштеп турган учурунда же иштөө цик-
лдердин арасында аны балдардын колу жетпе-
ген жеринде орнотуңуз.
Балдардын коопсуздугу үчүн таңгак катары кол-
донулган полиэтилен баштыктарды кароосуз
таштабаңыз.
Көңүл буруңуз! Полиэтилен баштыктар же
таңгак пленкасы менен ойногонго балдарга урук-
сат бербеңиз. Бул тумчугуунун коркунучун
жаратат!
Эгер түзмөктүн тармактык шнуру же сайгычы
сынык болсо, ошондой эле чайнек талапка
ылайык иштебей жатса же жерге түшүрүп
алсаңыз, аны колдонбоңуз.
Тармактык шнуру бузук болгондо, кооптуулукка
жол бербөө үчүн аны өндүрүүчү, тейлөө кыз-
маты же аларга окшогон дасыккан кызматкер-
лер алмаштырууга тийиш.
Түзмөктү өз алдынча оңдоого тыюу салынат.
Шайманды өз алдынча ажыратпай, ар кыл бузу-
луулар пайда болгон же шайман кулап түшкөн
учурларда аны розеткадан суруп, кепилдик
талонундагы же www.vitek.ru сайтындагы тизме-
сине кирген автордоштурулган (ыйгарым укук-
туу) тейлөө борборуна кайрылыңыз.
Түзмөктү заводдук таңгагында гана транспорт-
тоо зарыл.
Түзмөктү балдар жана жөндөмдүүлүгү чектел-
ген адамдар колу жетпеген жерлерде сактаңыз.
БУЛ ТҮЗМӨК ТУРМУШ-ТУРУКТУУ ШАРТТАРДА
КОЛДОНГОНУ ҮЧҮН ГАНА АРНАЛГАН.
ШАЙМАНДЫ КОММЕРЦИЯЛЫК ПАЙДАЛАНУУГА
ЖАНА ӨНДҮРҮШ ЗОНАЛАРДА ЖАНА ЖУМУШЧУ
ИМАРАТТАРДА ТҮЗМӨКТҮ ИШТЕТҮҮГӨ ТЫЮУ
САЛЫНАТ.
БИРИНЧИ КОЛДОНУУНУН АЛДЫНДА
Муздак (кыш) шарттарда шайманды транс-
порттоодон же сактоодон кийин аны эки
сааттан кем эмес мөөнөткө үй температу-
расында сактоо зарыл.
Шайманды биринчи иштетүүнүн алдында
анын корпусунда жазылган чыңалуусу электр
тармагынын чыңалуусуна ылайык болгонун
текшерип алыңыз.
Түзмөктү таңгактан чыгарып, болгон таңгак
материалдарын алып салып, корпусун ным-
дуу чүпүрөк менен сүртүп, андан кийин кур-
гатып сүртүңүз.
Иштөө беттерин (2, 4) бир аз нымдуу чүпүрөк
менен сүртүп, андан кийин кургатып сүртүңүз.
Грильди колдонуунун алдында бир аз
өсүмдүк майды иштөө беттеринин (2, 4)
күйгүзбөс катмарына тамызып, болгон бет-
терге таратып, ашкан майды кагаз майлык
менен кетириңиз.
Грильди жабып, кубаттуучу сайгычты электр
розеткасына сайыңыз, азыктандырууну
иштетиңиз, ошондо электр тармагына кошул-
гандын индикатору (5) күйөт.
5-10 мүнөттөн кийин түзмөктү өчүрүп, грильди
өчүрүп, тармактык шнурунун сайгычын розетка-
сынан ажыратыңыз.
Иштөө беттери (2, 4) толугу менен муздага-
нын күтүп, калган өсүмдүк майын кагаз майлык
менен сүртүп алыңыз.
Эскертүү: Шайманды биринчи колдонгондо
ысытуу элементтердин сырткы катмары
күйүп, бир аз түтүн же башкача жыт чыгуу
мүмкүн. Бул нормалдуу болуп, бузулуу эмес.
АЗЫКТАРДЫ ГРИЛЬДЕ ДАЯРДОО
Грильди тегиз, туруктуу, ысыка чыдамдуу бет-
тин үстүнө, нымдуулук, жылуулук жана ачык
оттун булактарынан алыс электр розеткага бош
жеткендей кылып орнотуңуз.
Грильди бат жалындап кетүүчү материалдар же
суюктуктар жана ысыктан бузула турган буюм-
дардын жанында орнотпоңуз да колдонбоңуз.
Желдетүүсү жакшы болгон жерлерде түзмөктү
иштетиңиз.
Иштөө беттеринин (2, 4) күйгүзбөс катмарын
май менен бир аз майлап, грильди жабыңыз.
Майды чогултуу үчүн идиш (1) ордуна орнотул-
ганын текшерип алыңыз.
Тармактык шнурдун сайгычын розеткасына
сайыңыз, ошондо электр тармакка кошуунун
индикатору (5) күйөт.
Чамалуу 5-10 мүнөттөн кийин иштөө беттери (2
менен 4) коюлган температурасына жетип, тар-
макка кошулуунун индикатору (5) өчөт, азык-
тарды бышырып баштасаңыз болот.
Тутканы (3) кармап, грильди ачыңыз.
Азыктарды астынкы иштөө бетине (2) акырын
салыңыз. Мүмкүн суюктук же май чачыраганы-
нан күйүк алуудан абайлаңыз.
Шайманды ачык кууруу бет катары колдонсоңуз
болот. Ошол үчүн тутканы (3) кармап, үстүнкү
иштөө бетин (4) азыктарга төмөндөтүңүз.
Көңүл буруңуз! Шайман иштеп турган уба-
гында анын иштөө беттери менен корпусу
абдан ысыйт, күйүк болбоо үчүн ысык бет-
терин тийбеңиз. Корголбогон колуңуз менен
шайманды тийбеңиз. Ысыктан коргонуу
ашкана колкаптарын кийиңиз.
Азыктар даяр болгондон кийин тутканы (3) кар-
мап, үстүнкү иштөө бетин (4) көтөрүңүз.
Даяр азыктарды жыгач же ысыкка чыдамдуу
пластиктен жасалган ашкана аксессуарларын
колдонуп, ылайыктуу идишке салыңыз.
Грильди жабыңыз. Жарык индикатору
(5) өчкөнүн күтүп, азыктарды бышырууну
улантсаңыз болот.
Азыктарды бышыроону бүтүрүп, тармактык боо-
нун айрысын чыгарыңыз.
Страницы: Стр: 15
Комментарии (0)

Добавить комментарий

Другие Грили Vitek