
24
• Шаймандын корпусун же кубаттуучу
сайгычын суу колуңуз менен тийбеңиз.
• Ашкана раковинанын тикеден-тике
жакынчылыгында шайманды колдонбоңуз,
нымдуулуктан сактаңыз.
• Ток урбоо үчүн кубаттуучу сайгычын, электр
шнурун же шаймандын өзүн сууга же башка
сюктуктарга салбаңыз. Ушундай окуя болуп
калса, шайманды ТИЙБЕҢИЗ, кубаттуучу
сайгычын токтоосуз розеткадан чыгарып,
андан кийин гана шайманды суудан
чыгарсаңыз болот. Кепилдик талонундагы
же www.vitek.ru сайтындагы тизмесине
кирген автордоштурулган (ыйгарым укуктуу)
тейлөө борборуна кайрылыңыз.
• Электр шнурунун жана кубаттуучу
сайгычынын бүтүндүгүн мезгилдүү түрдө
текшерип туруңуз.
• Шайман иштеп турган учурунда корпусун
же электр шнурун тийүүгө балдарга уруксат
бербеңиз.
• Бул шайман балдар колдонгону үчүн
арналган эмес.
• Бул шайман дене күчү, сезими же акыл-эси
жагынан жөндөмдүүлүгү чектелген (ошонун
ичинде балдар да) адамдар же колдонуу
боюнча тажрыйбасы же билими жок болгон
адамдар, эгерде алардын коопсуздугуна
жооптуу адам аларды көзөмөлдөп же
нускамалоо болбосо колдонуу үчүн
ылайыкташтырылган эмес.
• Балдар түзмөк менен ойногонго жол
бербегени үчүн аларга көз салуу зарыл.
• Шайман иштеп турган учурунда же иштөө
циклдердин арасында аны балдар жетпеген
жеринде сактаңыз.
• Балдардын коопсуздугу үчүн таңгак катары
колдонулган полиэтилен баштыктарды
кароосуз таштабаңыз.
Көңүл буруңуз! Полиэтилен баштыктар же
таңгак пленкасы менен ойногонго балдарга
уруксат бербеңиз! Тумчуктуруунун
коркунучу бар!
• Электр шнурунун, тармактык айрысынын
бузулуулары бар болсо, түзмөк иштеп-
иштебей турса же кулап түшсө аны
иштетпеңиз.
• Электр шнуру бузук болгондо коопчулуктарга
жол бербегени үчүн аны өнүктүрүүчү,
тейлөө кызмат же аларга окшогон дасыккан
кызматкерлер алмаштырууга тийиш.
• Шайманды өз алдынча оңдогонго тыюу
салынат. Шайманды өз алдынча ажыратпай,
ар кыл бузулуулар пайда болгон же
шайман кулап түшкөн учурларда аны
розеткадан суруп, кепилдик талонундагы же
www.vitek.ru сайтындагы тизмесине кирген
автордоштурулган (ыйгарым укуктуу) тейлөө
борборуна кайрылыңыз.
• Шайманды заводдук таңгагында гана
транспорттоо зарыл.
• Шайманды балдар жана жөндөмдүүлүгү
төмөн болгон адамдар жетпеген жеринде
сактаңыз.
БУЛ ТҮЗМӨК ТУРМУШ-ТУРУКТУУ ШАРТ-
ТАРДА КОЛДОНГОНУ ҮЧҮН ГАНА АРНАЛГАН.
ШАЙМАНДЫ КОММЕРЦИЯЛЫК ПАЙДАЛА-
НУУГА ЖАНА ӨНДҮРҮШ ЗОНАЛАРДА ЖАНА
ЖУМУШЧУ ИМАРАТТАРДА ТҮЗМӨКТҮ
ИШТЕТҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНАТ.
БИРИНЧИ КОЛДОНУУНУН АЛДЫНДА
Муздак (кыш) шарттарында шайманды
транспорттоодон же сактоодон кийин
аны үч сааттан кем эмес мөөнөткө үй
температурасында сактоо зарыл.
Биринчи иштетүүнүн алдында шаймандын
корпусунда жазылган чыңалуусу электр
тармагындагы чыңалуусуна ылайык болгонун
текшериңиз.
– Түзмөктү таңгактан чыгарып, болгон таңгак
материалдарын алып салып, корпусун
нымдуу чүпүрөк менен сүртүп, андан кийин
кургатып сүртүңүз.
– Бекитмени (1) бошотуңуз, ал үчүн аны арты
жагынан басып, түзмөктү ачыңыз, астынкы
иштөө бетиндеги эки бекитмени (6) чогу
туткасы (2) тарабына басып, аны чечиңиз,
ошондой эле үстүнкү иштөө бетин чечиңиз.
– Болгон иштөө беттерин (7, 8, 9, 10)
нейтралдуу жуучу каражат менен жылуу
сууга жууп, чайкап, кургатып сүртүңүз.
– Бышырып баштагандын алдында керектүү
иштөө беттерин орнотуңуз, ал үчүн
биринчиден иштөө беттин арты жагын
орнотуп, алды жагын бекитмелери (6)
бекитилгенине чейин чогу басыңыз.
– Ошентип эле экинчи иштөө бетин
орнотуңуз.
– Иштөө беттерин бирични жолу колдонуунун
алдында аларга бир аз өсүмдүк майын
тамызып, майды болгон иштөө беттин
үстүнө таратып, ашкан майды кагаз сүлгү
менен сүртүп алыңыз.
Добавить комментарий