Vitek VT-2440

Данная инструкция на русском языке предназначена для отпаривателя Vitek VT-2440, описывает принцип работы и основные моменты эксплуатации устройства. Перед первым включением рекомендуется внимательно изучить данное руководство.

Инструкция для отпаривателя представлена в формате PDF, который поддерживается на всех современных устройствах, так что сложностей с открытием файла возникнуть не должно. Но если открыть документ не получается, установите любую программу для чтения PDF файлов, например Acrobat Reader.

Чтобы распечатать инструкцию, нужно ее сначала скачать, для этого кликните по кнопке «Скачать инструкцию», файл откроется в новой вкладке, затем нажмите комбинацию клавиш Сtrl + P и из открывшегося диалогового окна, отправьте документ на печать.

Страницы: Стр:
21
КЫРГЫЗ
Шайман иштеген учурда балдарга шайманды
жана электр шнурун тийгенге уруксат бербеңиз.
Бул шайман дене күчү, сезими же акыл-эси жа-
гынан жөндөмдүүлүгү чектелген (ошонун ичин-
де балдар да) адамдар же колдонуу боюнча
тажрыйбасы же билими жок болгон адамдар,
эгерде алардын коопсуздугуна жооптуу адам
аларды көзөмөлдөп же нускамалоо болбосо
колдонуу үчүн ылайыкташтырылган эмес.
Балдар түзмөк менен ойногонго жол бербегени
үчүн аларга көз салуу зарыл.
Балдардын коопсуздугу үчүн таңгак катары кол-
донулган полиэтилен баштыктарды кароосуз
таштабаңыз.
Көңүл буруңуз! Полиэтилен баштыктар же
таңгак пленкасы менен ойногонго балдарга урук-
сат бербеңиз. Бул тумчугуунун коркунучун
жаратат!
Щетка саптаманы түзмөк толугу менен музда-
ганда гана орнотуңуз же чечиңиз.
Буулап үтүктөгүчтү тазалоодон мурун, тармак-
тык шнурун электр тармагынан сууруп, шайман
муздаганча күтө туруңуз.
Буулап үтүктөгүчтү электр тармагынан өчүрүү
үчүн шнурунан тартпаңыз, сайгычын кармап ту-
руп сууруңуз.
Электр шнуру бузук болгондо коопчулуктарга
жол бербегени үчүн аны өнүктүрүүчү, тейлөө
кызмат же аларга окшогон дасыккан кызмат-
керлер алмаштырууга тийиш.
Шайманды өз алдынча оңдоого тыюу салынат.
Буулап үтүктөгүчтү өз алдынча оңдоп, чачуу-
га болбойт. Ал бузулуп калса же жерге түшүп
кетсе, аны электр тармагынан ажыратып, ке-
пилдик талонунда же www.vitek.ru сайтында
көрсөтүлгөн байланыш даректери боюнча кар-
дарларды тейлөө борборуна (ыйгарым укуктуу)
кайрылыңыз.
Шайманды заводдон чыгарылган кутусунда
гана ташууга болот.
Буулап үтүктөгүчтү узак убакытка чейин кол-
донбой турган болсоңуз, ичиндеги суусун төгүп
салыңыз.
Буулап үтүктөгүчтү балдар жана
мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар жетпеген
жерде сактаңыз.
БУЛ ТҮЗМӨК ТУРМУШ-ТУРУКТУУ ШАРТТАРДА
КОЛДОНГОНУ ҮЧҮН ГАНА АРНАЛГАН. ШАЙМАН-
ДЫ КОММЕРЦИЯЛЫК ПАЙДАЛАНУУГА ЖАНА
ӨНДҮРҮШ ЗОНАЛАРДА ЖАНА ЖУМУШЧУ ИМАРАТ-
ТАРДА ТҮЗМӨКТҮ ИШТЕТҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНАТ.
Шайман кандай максатта колдонулат
Буулап үтүктөгүч менен кездеменин каалаган
түрүнөн тигилген кийим-кеченин бырыштарын жа-
зып, эркектердин көйнөктөрү менен шымдарынын
кырларын чыгарууга болот. Кездеменин же кийим-
дин түрүнө жараша буулап үтүктөгүч кандайча кол-
донула турганын билбей жатсаңыз, кийим-кеченин
этикеткасын караңыз.
Эгерде андай маалымат жок болсо, кездемени ич
жагынан буулап үтүктөп көрүңүз.
Жибек же чийбаркыт сыяктуу кездемелерди ара-
лыктан буулап үтүктөңүз.
Кездемеден түктөрдү же жиптерди алып салуу
үчүн щетка саптамасын (1) пайдаланыңыз.
БИРИНЧИ ЖОЛУ КОЛДОНООРДУН АЛДЫНДА
Электр шайманы төмөнкү температура-
да ташылып же сакталган болсо, бөлмөнүн
температурасында кеминде үч саат кармап
туруп, анан иштетүү керек.
Шайманды кутудан чыгарып, иштешине тоско-
ол болгон чаптамаларды алып салыңыз.
Шаймандын электр чыңалуусу электр тарма-
гынын чыңалуусуна дал келерин текшерип
алыңыз.
Буулап үтүктөгүчтүн корпусун бир аз нымдуу
чүпүрөк менен сүртүп, андан кийин кургатыңыз.
(4) баскычын басып, суу куюлуучу жерди (5) чы-
гарып алыңыз.
Суу куюучу тешигин ачыңыз. Чукурду (5) суу
менен толтуруп, суу куюучу тешигин жакшылап
жабыңыз. Корпустагы суунун тамчыларын кур-
гак кездеме менен сүртүңүз.
Суу куюлуучу идишти (5) ордуна орнотуңуз.
Кубаттуучу сайгычты электр розеткасына
сайыңыз, ошондо электр тармагына кошулган-
дын индикатору (8) күйөт.
Иштетүү баскычын (7) басыңыз, түзмөк
ысып баштайт, ошондо буу берүүнүн төмөн
деңгээлинин (9) индикатору (8) күйөт
Түзмөк иштөөгө даяр, индикаторлор (9) менен
(10) үзгүлтүксүз күйөт.
Бууландыргычты колуңузга алыңыз жана
аны буу берүүчү баскычтын (3) деңгээлинде
кармаңыз.
Буу берүүнүн интенсивдүүлүгүн таңдоо үчүн (3)
баскычын улам басыңыз.
Баскычты (3) бир жолу басуу - буу берүүнүн
төмөн деңгээли, индикатор (9) үзгүлтүксүз
күйөт.
Баскычты (3) экинчи жолу басуу - буу берүүнүн
жогоруу деңгээли, индикатор (10) үзгүлтүксүз
күйөт.
Баскычты (3) үчүнчү жолу басуу - буу берүү
өчүрүлгөн, индикаторлор (8, 9, 10) үзгүлтүксүз
күйөт.
Буу камерасын тазалоо үчүн, чыгып жаткан бу-
уну ашкана сүлгүсүнө багыттасаңыз болот.
Буулап үтүктөгүчтү колдонуп бүткөндөн кийин,
сайгычын электр тармагынан сууруп, үтүктү
муздатыңыз.
Страницы: Стр: 17
Комментарии (0)

Добавить комментарий

Другие Отпариватели Vitek