Vitek VT-1639

Данная инструкция на русском языке предназначена для блендера Vitek VT-1639, описывает принцип работы и основные моменты эксплуатации устройства. Перед первым включением рекомендуется внимательно изучить данное руководство.

Инструкция для блендера представлена в формате PDF, который поддерживается на всех современных устройствах, так что сложностей с открытием файла возникнуть не должно. Но если открыть документ не получается, установите любую программу для чтения PDF файлов, например Acrobat Reader.

Чтобы распечатать инструкцию, нужно ее сначала скачать, для этого кликните по кнопке «Скачать инструкцию», файл откроется в новой вкладке, затем нажмите комбинацию клавиш Сtrl + P и из открывшегося диалогового окна, отправьте документ на печать.

Страницы: Стр:
20
КЫРГЫЗ
сайгычын кармап, акырын розеткасынан
чыгарыңыз.
Ток урбас же өрт чыкпас үчүн түзмөктүн
корпусун, электр шнурун жана тармактык
шнурдун айрысын сууга же башка
суюктуктарга салбаңыз.
Түзмөк сууга түшүп калса:
сууга тийбеңиз;
токтоосуз кубаттуучу сайгычты
розеткадан суруп, андан кийин гана
түзмөктү суудан чыгарсаңыз болот;
түзмөктү текшерүү жана оңдотуу үчүн
автордоштурулган (ыйгарым укуктуу)
тейлөө борборуна кайрылыңыз.
Электр шнурунун же тармактык айрысынын
бузулуулары бар болсо, түзмөктү колдонууга
тыюу салынат. Электр шнуру бузук
болгондо коопчулуктарга жол бербегени
үчүн аны өнүктүрүүчү, тейлөө кызмат же
аларга окшогон дасыккан кызматкерлер
алмаштырууга тийиш.
Шайманды өз алдынча оңдоого тыюу
салынат. Шайманды өз алдынча ажыратпай,
ар кыл бузулуулар пайда болгон же
шайман кулап түшкөн учурларда аны
розеткадан суруп, кепилдик талонундагы же
www.vitek.ru сайтындагы тизмесине кирген
автордоштурулган (ыйгарым укуктуу) тейлөө
борборуна кайрылыңыз.
Түзмөктү заводдук таңгагында гана
транспорттоо зарыл.
Түзмөктү балдардын жана жөндөмдүүлүгү
чектелген адамдардын колу жетпеген
жерлерде сактаңыз.
АСПАП ТУРАК ЖАЙЛАРДА ТУРМУШ-
ТИРИЧИЛИК КОЛДОНУУГА ГАНА АРНАЛГАН,
КОММЕРЦИЯЛЫК КОЛДОНУУГА, ӨНӨР ЖАЙ
ЗОНАЛАРЫНДА ЖЕ ЖУМУШ ИМАРАТТАРДА
КОЛДОНУУГА ТЫЮУ САЛЫНАТ.
БИРИНЧИ ИШТЕТҮҮНҮН АЛДЫНДА
Электр шайманы төмөнкү температурада
ташылып же сакталган болсо, бөлмөнүн
температурасында кеминде үч саат
кармап туруп, анан иштетүү керек.
Шайманды кутудан чыгарып, иштешине
тоскоол болгон чаптамаларды алып
салыңыз.
Шаймандын иштөө чыңалуусу электр
тармагындагы чыңалуусуна ылайык
болгонун текшериңиз.
Түзмөк ылдамдыгы 50 Гц же 60 Гц
болгон алмашма ток тармагында иштөөгө
арналган, зарыл болгон ылдамдыгында
иштегени үчүн эч кошумча жөндөөнүн
зарылдыгы жок.
Колдонуунун алдында болгон чечилме
бөлүктөрүн: табактын капкагын (3), бычакты
(4), табакты (5) жана жылмышпас түпкүчүн
(7) нейтралдуу жуучу каражат менен жылуу
сууга жууп, чайкап, кургатып алыңыз.
Чоппердин чечилме бөлүктөрүн идиш жуучу
аспапка салбаңыз.
Мотор сапсалгысын (2) бир аз нымдуу
жумушак чүпүрөк менен сүртүп, андан кийин
кургатып сүртүңүз.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Мотор сапсалгысын (2), электр шнурун
жана кубаттуучу сайгычын сууга же башка
суюктуктарга салбаңыз.
ЧОППЕРДИ КОЛДОНУУ
Чоппер эт, быштак, пияз, жыттуу чөп, жашылча-
жемиштерди жана мөмө-жемиштерди
майдалатуу үчүн колдонулат.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Мускат жаңгак, сөөк, кофе дандары, дан, муз,
тоңдурулган азыктар катары өтө катуу
азыктарды майдалатууга тыюу салынат.
Майдалатуудан мурун:
этти, быштакты, пиязды, жашылча- же
мөмө-жемиштерди чамалуу 2х2 см жакын
бөлүктөргө кесип алыңыз;
чөптүн сабактарын алып, жаңгакты
кабыгынан тазалаңыз.
эттен сөөк, чарым менен кемирчектерди
алып салыңыз.
Азыктарды майдалатуу
Этият болуңуз: бычак абдан курч!
Бычакты ар дайым үстүндөгү пластмасса
хвостовигинен гана кармаңыз.
Кураштыруунун алдында тармактын шнурунун
айрысын электр розеткасына сайылбаганын
текшериңиз.
Жылмакай беттин үстүндө жылмашууга жол
бербеген жылмышпас түпкүчүн (7) тегиз
туруктуу бетке коюп, анын үстүнө табакты
(5) коюңуз.
Бычакты (4) табактын (5) ичине окко (6)
орнотуңуз.
Алдын ала тууралган азыктарды табактын
(5) ичине салыңыз.
IM VT-1639.indd 20 27.02.2019 16:12:53
Страницы: Стр: 16
Комментарии (0)

Добавить комментарий

Другие Блендеры Vitek