•Бойлерди суу менен толтуруу үчүн (17)
«» баскычын басып, 15-20 секундадан
кийин чыныда суу пайда болуунун биринчи
белгилернинде (17) « » баскычты
кайрадан басыңыз.
•Индикатор (18) «Ok» күйгөнүн күтүп,
андан кийин (17) « » баскычын басып суу
берүүнү иштетиңиз, чыны сууга толгондо
суу берүүнү токтотуу үчүн (17) « »
баскычын кайрадан басыңыз, чыныдагы
сууну төгүңүз.
•Чынынын көлөмүнө карата бул
процедураны бир нече жолу өткөзүңүз,
ошондон кийин бойлер жуулган болот.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
– (17), (19) баскычтары басылып турганда
чыпка кармагычты (12) чечүүгө тыюу
салынат.
– Кофе бышыруудан кийин чыпка
кармагычын (12) дароо чечпеңиз, себеби
чыпканын ичинде суу менен буунун ашыкча
басымы болуу мүмкүн, кофе кайнаткыч
муздаганын күтүңүз.
– Чыпка кармагычты (12) чечүү үчүн
тутканы (14) сол « » жака бурап,
кармагычты (12) чечиңиз.
ЭСПРЕССО КОФЕСИН ЖАСОО
•Болгон башкаруу баскычтары (15, 17, 19)
өчүрүлгөн абалында турганын текшерип
алыңыз.
•Буу берүү өчүрүлгөнүн текшериңиз, ал үчүн
тутканы (4) «OFF--- +» саат жебесинин
багыты боюнча «OFF» токтогонуна чейин
бураңыз.
•Идишин (3) чечип, аны МАХ белгисине
чейин суу менен толтуруп, ордуна
орнотуңуз.
•Кофе чыпканы (11) в кармагычына (12)
салыңыз.
•Тарттырылган кофени чыпкага (11)
салып, өлчөмдүү кашыктын (20) арты
жагы менен кофени бир аз дыгыздатып
алыңыз.
•Чыпка кармагычты (12) кофе бышыргычка
орнотуңуз. Кармагычтын (12) чыгып турган
жайлары бойлердеги оюктары « » менен
дал келиши зарыл, андан соң чыпка
кармагычты (14) оң жагына токтогонуна
чейин « » бураңыз.
•Түпкүчтүн (8) панжарасына (9) бир же эки
чыныны коюңуз.
•Тармактык шнурунун айрысын розеткага
сайыңыз.
•Иштетүү/өчүрүү баскычын (15) « » бас-
кычын басып, кофе кайнаткычты иштетиңиз,
ошондо индикатор (16) «I» күйөт.
•Индикатор (18) «Ok» күйгөнүн күтүңүз,
кофе кайнаткыч кофе бышырууга даяр.
•(17) « » баскычын басып суу берүүнү
итетиңиз, чыны даяр кофе менен толуп
турганын байкап, суу берүүнү токтотуу үчүн
(17) « » баскычын кайрадан басыңыз.
•Иштетүү/өчүрүү баскычын (15) « » басып,
кофе кайнаткычты өчүрүңүз, индикатор (16)
«I» өчөт.
•Кофе кайнаткыч муздаганын күтүп, тутканы
(14) сол жака « » бурап чыпка кармагычты
(12) чечиңиз. Калган тарттырылган кофени
төгүп, чыпканы (11) жууп алыңыз.
•Ыңгайлуулук үчүн калган кофени төккөндө
токтоткучту (13) колдонуңуз, анын жардамы
менен чыпканы (11) кармагычтан (12)
түшүүдөн токтотсоңуз болот.
Эскертүү:
– Колдонулган чыныларды алдын ала
жылытуу зарыл, бойлердеги суу жылып
турган убагында чыныларды аянтчага
(1) коюңуз.
– Чыпка кармагычты тез чечуу зарыл
болсо, бойлердеги кысымды төмөндөтүү
зарыл, (15) « » баскычты басып кофе
кайнаткычты өчүрүп, учтун (7) астына
ылайыктуу чыныны коюп, жөндөгүчтү
(4) «OFF--- +» саат жебесинин багытына
каршы бурап, бойлердеги кысым түшкөндөн
кийин чыпка кармагычын (12) чечиңиз.
КАПУЧИНО КОФЕНИ ДАЯРДОО
•Көңүл буруңуз! Чыгып турган ысык буудан
күйүк алуудан абайлаңыз.
•Буу берүүнүн туткасы (4) «OFF--- +» «буу
берүү өчүрүлгөн OFF» абалында болгонун
текшерип алыңыз.
•Көлөмү чалынган сүттүн же каймактын
көбүгүн кошуу үчүн жетиштүү болгон
чыныда «ЭСПРЕССО КОФЕСИН ЖАСОО»
бөлүгүндө жазылгандай кофени кайнатып
алыңыз.
•Буу берүү баскычын (19) « » басып,
индикатор (18) «Ok» күйгөнүн күтүңүз.
Түтүкчөнүн (7) астына суу куюуга
ылайыктуу идишти коюңуз. Буу берүү
туткасын (4) «OFF--- +» айлануунун төрттөн
IM VT-1504.indd 31 31.05.2019 14:27:46
Добавить комментарий